Кепилдик төлөм
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КЕПИЛДИК ТӨЛӨМ – КР эмгек мыйзамдары боюнча жумушчулар өз жумушунан мыйзамда каралган себептер менен убактылуу ажыратылган учурларда өз жумушчуларына ишкана тарабынан төлөнүп бериле турган каражат: мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарганда; ар жылдагы өргүүлөр; милдеттүү медициналык текшерүү; кан тапшыруу милдетин аткарганда; бала багуу үчүн кошумча танапис; ойлоп табуу жана сарамжал сунуштарын киргизгенде; жумушчуга байланыштуу болбогон иш токтоолору. Ошондой эле, К. т-гө бошонуу жөлөкпулу менен ишке аргасыз чыкпаган күндөр үчүн төлөмдөр да кирет.