Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жуткан чөбүн кайра кулгуп чайноо. Желедеги уйлар кулгуп кепшеп көздөрүн сүзөт (Жантөшев). Матоодогу төөлөр кепшеп жатышат (Жантөшев).
2. өт. Обу жок сүйлөө, маңызданып көп сүйлөө. Эмнени айтып кепшеп отурасың (Турусбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жуткан чөбүн кулгуп, кайра майдалап чайноо (кепшөөчү жаныбарларга карата). Эки үйдүн аралыгында кепшеп үч улактуу эчки жатат (Жантөшев). Чоң тойгон койлордун кепшегени болбосо, айлана жымжырт (Убукеев). 2. өт. Обу жок көп сүйлөө, маңыздануу. Эмнени айтып кепшеп отурасың? (Турусбеков).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз кеп+ше бөлүктөрүнөн турат. Анын кеп уңгусу байыркы түрк тилинде кеб түрүндө келип, «кепше» маанисин берген (ДТС, 304). Байыркы түрк тилинде кеп сөзү синкретизмдик формада болуп, «кепшеле турган нерсе» маанисин бериши да мүмкүн. Байыркы түрк тилинде этиштен этиш жасоочу -ша мүчөсү болгону белгисиз, андай мүчө зат атоочтон этиш жасайт. Алсак, какша этиши как+ша бөлүктөрүнөн турат, анын как дегени – атооч сөз. Ошондуктан кеп сөзүнө -ша мүчөсү жалганып, кепше этиши келип чыгышы ыктымал.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(кепшердөө) — «Курама темир курч болот» (Макал). Бул — чорт сынган темир буюмдарын карматуу. Усталар кепшер жасоодо бири-биринен ич ара айырмалары болот. Алсак, болжолдоо, күмүштөн эки эсе, ыроодон (цинктен) бир эсе, же анын ордуна жезден кошуп, өгөөлөп аларды аралаштырып, уютуп алат. Аны пайдаланаарда четинен кетип, кайра өгөөлөп майдалап, ага ак данакерди (бураны) кошуп, оттун табына кармайт. Муну менен тең бөлүнгөн темир-тезектер жиксиз ширетилет. Металл башка жеринен чорт кетсе да экинчи жолу ал жеринен түк сынган эмес.