КЕПЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Адам жашоо үчүн салынган кичинекей, жапыз үй, жер там. Жер кепе. Там кепе. Карапайым кишилер өздөрүнө ылайыктуу жаман-жуман кепелерди өз күчү менен эле куруп алышчу (Абдукаримов). Марфа жеңенин кепесинде Сүлүктүдөгү большевиктер тобунун заседаниеси да өтүп жатты. (Сасыкбаев). Кыштактын четинде жер кепеге окшоп бир үй турат (Баялинов). 2. Мал же үй канаттууларын киргизе турган кичинекей там. Уй кепе. Ат кепе. Тоок кепе.