Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч бир сөз таасир этпөө, айткан, дегенге макул болбоо, сөзгө түшүнбөө, жүйөөгө келбөө, кежирленип өз билгенин туура дей берүү. Кеп жебеген неме болсо керек («Ала-Тоо»). Кеп жебеген Байгазиевдин чуулгандуу арызын текшерүүгө нечен-нечен кымбат баалуу убакыттар кетти («Советтик Кыргызстан»). Ал жажалап, кеп жемек түгүл, көз ымдай коюп жатты (Ашымбаев).