КЕПКЕ КЕМТИК БОЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Сөзгө сынуу, абдан уят болуу, сөз кайыра албай жаман абалда калуу. Меймандын атын сойгон да болмок беле Таке? Кепке кемтик болуп калабыз, Таке..., – деп ийгермекчи болду (Касымбеков). В.: Кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болуу. Бугулук элдин ар кимиси өлгөн ата-бабасынын күмбөзүнө бугунун мүйүзүн орнотууну урмат эсептеп, орнотпосо кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болот (Айтматов). Кой, кийин кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болосуң (Абакиров). Ушул кепти угуп Адамкул өзүн кепке кемтик, сөзгө сөлтүк сыяктуу сезип олтурду (Алыбаев).