Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Бирөөнүн милдетин алуучулук, танып же убадасын бузуп кетсе, ошол киши үчүн жооп берүүчү киши. Жаман кепил жанынан тартат (макал). Ителги салба, кепил алба (макал). Токтогул качпайт, биз кепилге алалы (Бөкөнбаев). Дооң жок болсо, кепил бол (макал).
КЕПИЛ II зат. 1. Беттештирип тигиле турган тигиштин ортосуна коюлуучу тилке.
2. Кошумча, улама, жалгама нерсе. Бетине кызыл боёк жаап, мурдунун үстүнө кепил койгон.. маскарапоз куудулданып сүйлөп жатты (Таштемиров).