Киргизско-русский словарь Юдахина
жап I
усиление к словам, начинающимся на жа;
жапжаман очень плохой;
жапжакшы очень хороший;
жапжаңы совершенно новый;
жапжалгыз одинёшенек, совершенно один;
жапжашыл ярко-зелёный;
жапжаш совсем молодой, молоденький;
жапжанаша совсем близко, сбоку.
жап II
жаагы жап болду он умолк, замолчал;
жаагын (или оозун) жап кыл- заставить замолчать, заткнуть кому-л. рот;
ар кимиң бир карап, анын жаагын жап кылдыңар каждый из вас, взглянув (на него), заставил его замолчать;
акча берип, оозун жап кылды дав денег, он (этим) заткнул ему рот.
жап- III
(деепричастие жаап)
1. крыть, покрывать, закрывать, затворять;
жазгы малды жапса, жалы калат, жалы калбаса, жаны калат погов. если весенний (т.е. тощий) скот прикрывать, подгривный жир останется, если жир не останется, (так) душа останется;
үй жап-покрывать юрту;
эшик жап- затворять дверь;
жаап-жашыр- скрывать, прикрывать (напр. недостатки);
кемчиликтерди жаап-жашыруу максатында с целью прикрыть свои (или его) недостатки;
токоч жап- (ср. бышыр I) печь хлеб в котле;
жапкан нан см. нан I 1;
2. покрыть сплошь;
жара жапкан покрытый ранами, израненный;
жаап койду засадили (в тюрьму);
жаба сал- взвалить, навалить;
күнөөнүн бардыгын мага жаба салды всю вину взвалили на меня;
сарпай жап- одарить одеждой;
ичик жапты он одарил шубой;
жалаа жап- см. жалаа;
жаагыңды жап! см. жаак.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бекитүү, ачык калтырбоо. Айсулуу кайра келди, үйүн ачты, Кирген соң уй эшигин кайра жапты (Үмөталиев). Казандын капкагын жап.
2. Каптоо, чүмкөө Жабуу жапса жарашып. Жаркыраган торпогум (Тоголок Молдо).
  1. 3.                 Сүртүү, шыбоо. Бутун жууп тазалап, Кара дары жапты эми («Эр Табылды»). Жети илекер жыйынып, Жарага дары жабышты («Манас»).
  2. 4.                 Токтотуу, аяктоо. Митинге жабык, агайындар!деди Шамбет көпчүлүккө. (Сыдыкбеков).

¨ Жалаа жабууак жеринен каралоо. Атаң менен тең Салыкка жалаа жапкандан уялбайсыңбы? (Каимов). Орунсуз жалаа жаппагын (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Каалганы, дарбазаны жана жалпы эле ачылып жабыла турган нерселерди жабык абалга келтирүү, ачык абалда калтырбай бекитүү. Канчалык этият кылса да, каалганы жапканда карс эте түштү (Байтемиров). Айсулуу кайра келди, үйүн ачты, Кирген соң үй эшигин кайра жапты (Үмөталиев). 2. Кандайдыр бир нерселердин үстүнө каптай салуу, чүмкөө, каптоо. Камыш жапкан жаңы салган үйлөр бар (Токомбаев). Жабуу жапса жарашып, жаркыраган торпогум (Тоголок Молдо). Бак башын бубак жапкан самсааланып (Бөкөнбаев). Сый көрсөтүү, урматтоо иретинде чапан, кийим кийгизүү. Жолдошуң сайын бир-бирден, Күрөөкө соот жабайын! («Манас»). 3. Сүйкөө, сүртүү, шыбоо. Бутун жууп тазалап, Кайра дары жапты эми («Эр Табылды»). || Бир нерсенин бетине жабыштыруу, чаптоо (көбүнчө нан бышыруу, казанга, дандырга жабыштыруу). Ашык толду план деп, Апаппак нан жабалык (Нуркамал). 4. Жая берүү, каптай берүү, жайпоо, жайпай төгүлүү, каптай төгүлүү (көбүнчө суюктуктун куюлушу же төгүлүшүнө карата). Орто жерге келгенде суу аттын жалын жаба берди («Жаш ленинчи»). Кыз аз жерден сорпону өзүнө жаба төгүп ала жаздады («Жаш ленинчи»). 5. Кандайдыр бир башталган ишти аяктатуу, токтотуу. Директор акыркы сөзүн сүйлөп бүтүп, жыйналышты жапты. || Бакалчылар майда-чайда буюмдарын жыйнап, дүкөндөрүн жапты (Жантөшев). 6. Жашыруу, билгизбөөгө аракет кылуу, ачыкка чыгарбоо. Бирдин жамандыгын миңдин жакшылыгы жабат («Жаш ленинчи»). Акыйкаттап көрсөттү, Айбын жаппай жашырып («Жазгыч акындар»). 7. Ордун толтуруу, кемчил же жетишпеген жагын толуктоо, ордун бастыруу. Чыгымдалган каражаттарын түшкөн пайданын эсебинен жапты.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жанга баткан, кыйноо тарттырган, кордук, түйшүк, жабыркаткан кайгы, башка түшкөн оор абал, азап. Адал жерден мен тарттым. Адам көрбөс жапаны (Токтогул). Сандалып жайы-кышы малчы жүргөн Таркады Байманаптан көргөн жапаң (Тоголок Молдо). Албан түрдүү жапаалар, Аталгандай жанашты.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
туурасы: жапатырмак. Бүт баары, бардыгы, бири калбай жапырт, жалпы. Буга жаштар эмес, жашы улгайып калгандар да жапа тырмак турушуп, макул болушат («Ленинчил жаш»). Бышкан арпа, буудай, тарууларын орууга эркек, аял дебей жапа тырмак киришкен (Бейшеналиев). Алар чатырды бир жарым айда жаап бүтөбүз дешип жапа тырмак шерт байлашкан. (Ашымбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. притеснение, мучение; обида;
жапаа көр- испытывать мучения; мучиться;
жапаа кыл- или жапаа көрсөт- или жапаа сал- или жапаа тарттыр- доставлять беспокойство, доставлять неприятности;
жапаа же- или жапа же- получить ранение, быть раненым;
2. вероломство; вероломный.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Маданиятташпаган, маданияттуу эмес. Жапайы элдер. Бир кезекте жапайы, Солуй жаздап жүргөмүн (Аалы).
  1. 2.                  Адам баласы тарабынан кол менен эгилбеген, тигилбеген, айдалбаган, өзүнчө чыккан (өсүмдүк). Жапайы чыккан жаңгагы Жамгырдай жерге төгүлгөн (Осмонкул).
  2. 3.                  Колго үйрөтүлбөгөн, колдо багылбаган, бакма эмес. Тескейден жапайы каман да жолугат (Сыдыкбеков). Жапайы айбандар.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колго үйрөтүлбөгөн, колдо багылбаган (айбандар, канаттууларга карата). Калың камыш жактан жапайы өрдөктөрдүн, кирилдеген үнү угулат (Абдукаримов). Чыйыр түшө электе жапайы коёндордун издери бат табылат (Каимов). 2. Кол менен эгилбеген, адам тарабынан айдалып өстүрүлбөгөн, маданиятташтырылбаган, өзүнчө чыккан. Айым апа, меңиз. Бул жапайы жемиштер, алыңыз («Ала-Тоо»). Суу бою жапайы тал (Баялинов). Бала жапайы бедени жалмаган күрөң музоонун мойнуна жөлөнүп турат (Сыдыкбеков). 3. Иштелбеген, адамдын колу тийбеген, ээн жаткан (мисалы, талаа). Жапайы жаткан жайдак талааны көргөн болор элеңиз (Убукеев). 4. Маданияттан четте калган, маданияттуу эмес, коомдон окчунураак, ээн жүргөн, толук отурукташпаган. Бул бир жапайы өскөн тал («Ала-Тоо»). Мурун эмгекчилер эчен жылдар жапайы турмушта кармалышты (Калык).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жапайы жаныбарларга таандык касиеттер, өзгөчөлүктөр. 2. Маданияттан четте калгандык, маданияты жоктук, оройлук, олдоксондук. Сенин бүгүнкү кылыгың жапайылык. Жаш кыздарды сатуу, албетте, жапайылыкка жатат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАПАК — эпизоддук кейипкер, Ногойдун иниси Шыгайдын уулу, Манастын аталаш тууганы. Алтайда Жакып Манаска ата-тегин, туш-тушка чилдей тарап кеткен туугандары тууралуу билдиргенде Ж-тын кабарын айтат (Сагымбай Орозбаков, 1. 137). Алооке кыргыздарды чапканда Шыгай Алай тарапка сүрүлүп, уулу Ж. Коңурбай менен бирге өсөт. Байжигит Алтайга кайра көчмөкчү болуп ажыраш аяк той берүүгө камданат. Байжигиттин тоюна камданып келсин, Манастын көзүн тазалайбыз деп, Ж. Коңурбайга Алымбекени жөнөтөт. Коңурбай жок, Алооке азыр Манаска алыңар жетпейт, андан көрө Коңурбайды чаап алалы деп Манасты азгырып эли-жеринен алыс алып чыксын деген жооп берет. Байжигиттин тоюнда Манастын көзүнө бир көрүнүп коймокчу болуп чатак чыгарган Ж-ты Көкчөкөз өлтүрөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 439).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Боорукер, элпек, күйүкчөөл, илбериңки. Мындай балдар кишинин ичи-коюнуна киргич, жапакеч болбойбу (Айтматов). Жолой Жолдошевич кишилерге ого бетер жапакеч, жайдары көрүнгүсү келди (Каимов). 2. Эмгекти сүйгөн, эмгекчил, түйшүкчүл, мээнеткеч. Урунган ишинин майын чыгара иштеген жапакеч карыя.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күндүз жакшы көрбөгөн, тамак таап жегенге көбүнчө күүгүмдө же түнкүсүн чыгуучу үкү тукумдаш кичирээк келген жырткыч канаттуу. Айдын болор-болбос шооласында боору агара калып так төбөдөн жапалак учат (Сыдыкбеков). Күнгөйдүн бадалынан тескей бетке карай жапалак учуп өттү (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жерге жабыша жалпайып чачырап өсүүчү арчанын бир түрү. Чоно зоонун башындагы жапалак арчанын арасына жашырынып жатып, таштын үстүндөгү жалгыз кийикти кароолго алган (Каимов). Тууганбайдын муруту дырдыйып чыйратылып турбастан, жапалак арчадан бетер эриндин үстүнө жабыша өскөн (Каимов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАПАН — этноним. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөйдүн ашында Бокмурун Айдарга ашка келе турган элдердин арасына кошуп, Ж. деген элди да чакырууну буюрат:
Кытайдан качып кыйла журт
Жапан болуп калыптыр
Жайы жакшы болуптур,
Жапан атка конуптур (Сагымбай Орозбаков, 3. 94).
Контекст боюнча Ж. Кытайга жакын турган эл. Демек, Ж. деп манасчы япондорду белгилеген. Бул этноним «Манаска» эки себептен кирип калышы мүмкүн. Биринчиден, Ж. журту менен Борб. Азиянын аймагындагы Амур дарыясына чейин жеткен эне-сайлык кыргыздардын байыркы кылымдарда болгон маданий байланыштарынын бир булагы эпосто чагылдырылып калышы ыктымал. Экинчиден, Сагымбай Орозбак уулунун өзүнүн ой өрүшүнүн негизинде кошулган, башкача айтканда айтуучунун эпоско кошкон жекече үлүшү катары кароого болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
жапайы менен бирдей. Жардылык өзү зор кыйын, Жапандын пейлин кылбасаң («Эл адабияты»). Кара каз, жайнап учкан жапан өрдөк, Калкылдап, кара суунун бетин баскан (Маликов). Жагалмай учуп жетпеген, Жапан чөл бүгүн көктөгөн (Бөкөнбаев). Тууган жерим – асыл затым, ардагым, Ыйык мага, тоо-таш, жапан талдарың (Буларкиева).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Бардыгы бирге, жапырт, бири да калбай, бардыгы жапырт. Эртеңден баштап жапатырмак оруу, жыюуга чыгалык (Сыдыкбеков). Колхозчулар эч кимге айттырбастан, өздөрү билип, жапатырмак жумушка чыгып калышты (Абдумомунов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бут баары, бардыгы, бири калбай жапырт, жалпы. Буга жаштар эмес, жашы улгайып калгандар да жапа тырмак турушуп, макул болушат («Ленинчил жаш»). Бышкан арпа, буудай, тарууларын орууга эркек, аял дебей жапа тырмак киришкен (Бейшеналиев). Алар чатырды бир жарым айда жаап бүтөбүз дешип жапа тырмак шерт байлашкан (Ашымбаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАПА ЧЕККЕНДЕР – кылмыштаанууда кылмыш аракетинин натыйжасында түздөнтүз же кыйыр түрдө материалдык же материалдык эмес зыян тарткан жеке же юридикалык жак; кең маанисинде алганда, социалдык топ (кара:Жабырлануучу, Виктимология ).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Адамдын буту калың карга батып кетпес үчүн ылайыкталып жасалган бутка байлануучу нерсе, алкак. [Токтогул] бутума жапкакты байлап, эки бээ саамда айылдын үстүнөн чыгам деген болучу (Аалы). Жапкак кийип жөө чубап (Тоголок Молдо).
  1. 2.                  Көздүн үстүн жаап турган териси. Гүлайым көздөрүн сурмалуу жапкагы менен далдалап, башын төмөн карай эңилтти (Бейшеналиев).
  2. 3.                  Калканч, коңул. Жапкак таштын алдына Нуруш от жакты (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көбүнчө калың кардын үстү менен басканда карга батып кетпес үчүн ылайыкталып жасалган бутка байлануучу тегерек келген алкак, жалпак жазы нерсе. Токтогул, камырабай эле кой апаке, мен бутума жапкакты байлап эки бээ саамда айылдын, төбөсүнөн чыгам деген (Токомбаев). Жапкак кийип жөө чубап, Көпчүлүгү жалданып (Тоголок Молдо). 2. Көздүн үстүн жаап турган териси. Гүлайым көздөрүн сурмалуу жапкагы менен далдаалап, башын төмөн карай эңилтти (Бейшеналиев). Татыбек жапкак көзүн күлүңдөтүп энесине карады (Байтемиров). 3. Далдаалап жаап, үстүндө калканч сыяктуу болуп турган бөлүкчө. Жапкак таштын алдына Нуруш от жакты (Убукеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. закрытый, покрытый;
жапма алачык юрта без кереге;
2. южн. плоская крыша;
3. южн. покрывало, покрышка;
жапма челек
1) небольшое количество бузы, припрятанное для себя или для близких друзей;
2) шутл. что-либо вкусное, что едят в отсутствии посторонних;
3) (или груб. булгоогөт) человек, тайком от других пользующийся благами жизни, пристраивающийся в своей тесной компании, в своём тесном кругу.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өз үй-бүлөсүнө, же чакан чөйрөдөгү азыраак сандагы жакын кишилерине гана чактап, башкаларга билгизбей, жашыруун жасалган суусундук тамак-аш. Какылдак жапма челегин ачып жиберип бозо сүздү (Сыдыкбеков). Сен кийинки кездерде жапма челек боло баштадың го? -деп жолдошун тамашалады («Чалкан»). Кышы менен жапма челек кылып «кирчиман» жасатып ичип, карт кекирип жүрө турган (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өз үй-бүлөсүнө, же чакан чөйрөдөгү азыраак сандагы жакын кишилерине гана чактап, башкаларга билгизбей, жашыруун жасалган суусундук тамак-аш. Какылдак жапма челегин ачып жиберип бозо сүздү (Сыдыкбеков). Сен кийинки кездерде жапма челек боло баштадың го? – деп жолдошун тамашалады («Чалкан»). Кышы менен жапма челек кылып «кирчиман» жасатып ичип, карт кекирип жүрө турган (Саатов). Какылдак жапма челегин ачып жиберип бозо сүздү (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. прикрытие;
таштын жапсарына койду он спрятал под камень;
жанын аяп, жашынып, жапсар жерге жатпаган фольк. он не лежал в укрытии, боясь за жизнь и прячась;
2. край үзүк'а (см.), заходящий снаружи за туурдук (см.);
3. чатк. мешочек, сшитый из лоскутков разноцветной материи.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эки нерсенин коңул болуп кошулган жери, асты көңдөйлөнгөн далдаа жер. Мына бул чоң асканын алды эки жүз кой баткыдай үңкүр сымал жапсар эле («Советтик Кыргызстан»). Мергенчи таш кордону алды да үңкүрдүн төр жагындагы таштын жапсарына алып койду (Жантөшев). || Үзүктүн туурдукту жапкан жери, кыркасы. 2. диал. Курак салып, кооздоп жасалган баштык, секичек.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени катуу капшыра коюу, жабыштыра коюу, кабырылтуу, жалпайта уруу. Кара баткакта эле Кылымбай менен бирге жапшырып таштабай! (Турусбеков). Бекташ темир така ботинкасы менен алкымдан ары жерге жапшыра басты (Сыдыкбеков). || Жабыштыра кысуу, бир нерсенин үстүнө жабыштыра тигүү, жабыштыруу. Баласын бооруна жапшыра кучактап, келин чуркап келаткан экен (Сыдыкбеков). 2. Катуу, жашыруу, бекитүү. Гүлайым катты бырыштыра бүктөп, ички чөнтөгүнө жапшырды (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
низкий, низкорослый; приплюснутый;
жапыз үй низкий дом;
жапыз дөбө низкий и плоский холм;
чөптөн жапыз, суудан тайыз погов. тише воды, ниже травы (букв. ниже травы, мельче воды).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бийиктиги жагынан ортодон төмөн, бою жагынан жапалдаш. Чоң терезеси күн батышты карап турган жапыз там (Сасыкбаев). Почта жайланышкан үй жапыз эле (Таштемиров). 2. Көтөрүңкү эмес, катуу эмес, жай гана, акырын. Эне үнүн жапыз чыгарып сүйлөдү (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бийик эместик, жапыз экендигин белгилөөчү өзгөчөлүк. Эң биринчи ирет ал жердеги дөбөлөрдүн жапыздыгы көзгө түшөт. 2. Катуу эместик, акырындык, көтөрүңкү эместик. Айшанын үнү жапыздык кылды («Ала-Тоо»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде семиз жана семир деген бир уңгудан чыгып, аяккы з жана р тыбыштары боюнча айырмаланып, эки түрдүү маани берген сөздөр бар. Жапыз>жапыр жана көз>көр сөздөрү да ушундай түгөйдү түзөт. Болжолу, байыркы кезде түрк тилинде р жана з тыбыштары менен айтылган варианттары бирдей маани берип, атооч жана этиш сөздүн маанисин туюнткан синкреттик сөз болгон. Кийин алардын маанисин айырмалоо үчүн з тыбышы менен бүткөн түрү атооч сөздү билдирип, р тыбышы менен аяктаган түрү этишти билдирип, экөө эки башка сөзгө айланган. Бул түгөйлүү сөздөрдүн уңгусунун маанисин табуу кыйын. Семиз жана семир түгөйүнүн уңгусу семи деп алып, -з жана -р бөлүктөрүн мүчөсү дешке болбойт. Анткени семи деген өзүнчө сөз жок. Ошол сыяктуу эле жапыз жана жапыр, көз жана көр сөздөрүнүн уңгусу жапы, кө деп айтуу да мүмкүн эмес. Булардын уңгусу семир, жапыр, көр же семиз, жапыз, көз варианттарынын бири гана болгон.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Сөзү менен ичи- койнуна кирүү, элпек өңдөнүп сүйлөө. Жапылдаган бир эркек сүйлөй кетти (Сыдыкбеков). Жапылдашып сүйлөшүп,
Жүрөктө жоктой карасы (Маликов).
2. өт. Кошомат кылып сүйлөө, жагынып сүйлөө. Сөз айтымыш болосуң, Сыргак келсе жапылдап («Семетей»). Ан сайын жапылдап [Мурат] жаны-маны калбай чимирик болуп кетти (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ичи-койнуна кирген же өтө эпилдеген мамиледе болуу менен бирге шапылдап сүйлөө. Так эле сиздин издеген кесип тура,– деп жапылдаган бир эркек сүйлөп кетти (Сыдыкбеков). Мурат ан сайын эпилдеп-жапылдап жаны-маны калбай чимирик болуп кетти (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Тике турган нерсени жантайта жыгуу, бир жагына ыктоо, жаткыруу. Токойду чөптөй жапырып, Топондой карды сапырып (Аалы). Карышкыр кулагын жапырып четке чыга берди (Аалы). Куландай кулак жапырып, Куюндай жерди сапырып («Эр Төштүк»).
  1. 2.                  Майтаруу, майтарып кайыруу. Бычактын мизин жапырды.
  2. 3.                  Бир жагына бет алдыруу, имерүү; качырып кирүү. Аралдагы жылкыны Башынан ылдый жапырды («Манас»). Курманбек чыкты качырып, Калмактарды жапырыл («Курманбек»). Ачылган пахта, ак талаа, Четинен кир жапырып (Үмөталиев).

¨ Кулак жапыруу — айткан сөзгө жооп кайтарбай каяша айтпай «сеники туура» деп тим болуу. Акиянын жемесине [Чаргын] кулакты жапырды (Сыдыкбеков). [Жумабек].. кулагын жапырып жүрө берүүчү (Ашубаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. валить; склонять, пригибать к земле (напр. траву-о ветре);
жоңгучканы шамал жапырды ветер повалил клевер;
издеп жүрөм жапырып фольк. я тщательно разыскиваю;
ат кулагын жапырды лошадь поджала уши;
2. совершить нашествие, массовый набег; нахлынуть, ринуться массой;
жапырып кирип, чебин талкалап, кишинин көбүн кырган нахлынув, они разрушили заграждения и перебили большую часть людей;
кулагын жапырып, умчукпай калды он хвост (букв. уши) поджал и замолчал (напр. ничего не может сказать в своё оправдание);
опуруп-жапырып см. опур- II.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жерди карай ийүү, жыгуу, жапшыруу (көбүнчө өсүмдүктөргө ж. б. карата). Ак-Буура долуланып суу боюндагы бадалдардын учун төмөн жакты көздөй жапырат (Абдукаримов). Жайкалган көп-көк шиберди Жапырып шамал таштады. (Бөкөнбаев). 2. Майтаруу, кайруу (көбүнчө миздүү нерселерге карата). Бычактын мизин жапырды. 3. өт. Кайра кайруу, кайра кайтаруу. Ач бөрүдөй качырып, Алды жагын жапырып («Эр Табылды»). Кууп барат жапырып, Өңгүл-дөңгүл жер менен («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жепирейип жапыз көрүнүү, жалпайган начар көрүнүштө болуу. Кабыл дарбазанын сол жагында бир жапырайган жалгыз тамга түнөдү (Элебаев). Уюлгуп соккон желден улам жапырайган бадалдар кээ-кээде кыймыл эткен болот (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. то же, что жалбырак;
сары каз учуп, көл толгон, жапырак жатып, дөң болгон фольк. жёлтые гуси летая озеро заполнили, листья холмами лежали;
2. клочок, лист (бумаги);
бир жапырак кагаз лист или клочок бумаги.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. жалбырак менен бирдей. Жапан терек жапырагы дилдиреп, Жерге түшүп өлгөндүгүн билдирет (Токомбаев). Жыгачтын көркү жапырак (макал). 2. Жалпак-жалпак майда бөлүкчөлөр, келки бөлүк. – Курдаш,– деди ал конверт ичинен бир жапырак кагазды алып жатып.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жапырт I
(или жабыла-жапырт)
скопом, сплошь, все целиком;
жапырт бирдей все сплошь одинаково;
жапырт атка минип фольк. все разом сев на коней;
колдоруна курал алып, жапырт чыгышты взяв в руки оружие, они все скопом вышли.
жапырт- II
понуд. от жапыр-;
тилден элди жапыртып стих. он бранью народ поверг (он так ругал, что народ сник, как поваленная ветром трава).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАПЫРТ БАШАЛАМАНДЫК – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган коомчулуктун коопсуздугуна жана коомдук тартипке каршы келген кылмыш. Анын объективдүү жагын төмөндөгүлөр түзөт: а) зордук-зомбулук, кыйратуу, өрттөө, мүлктөрдү талкалоо, ок атуу куралдарын колдонуу, жардыргыч заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү колдонуу, ошондой эле бийлик өкүлдөрүнө куралдуу каршылык көрсөтүү коштолгон Ж. б-ты уюштуруу; б) жогоруда аталган жалпы Ж. б-ка катышуу; в) бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү каршылык көрсөтүүгө жана Ж. б-ка, ага тете эле жарандарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө чакыруу.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАПЫС — топоним. Кыргыздар калмактардан Ала-Тоону бошоткондо Жумгалда турган калмактардын Катраң деген аяр кызы өз сыйкыры менен көп каршылык көрсөтөт. Анын Суусамырдын Ж. деген жеринде жашынган жаны укмуштуу суусар болот. Аяр кыз кыргыз колунан жеңилгенде ушул жерде жаны чыгат, суусар жаны өлөт (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 619-б.).