жапыр
Толковый словарь кыргызского языка (1969)этиш. 1. Тике турган нерсени жантайта жыгуу, бир жагына ыктоо, жаткыруу. Токойду чөптөй жапырып, Топондой карды сапырып (Аалы). Карышкыр кулагын жапырып четке чыга берди (Аалы). Куландай кулак жапырып, Куюндай жерди сапырып («Эр Төштүк»).
¨ Кулак жапыруу — айткан сөзгө жооп кайтарбай каяша айтпай «сеники туура» деп тим болуу. Акиянын жемесине [Чаргын] кулакты жапырды (Сыдыкбеков). [Жумабек].. кулагын жапырып жүрө берүүчү (Ашубаев).
- 2. Майтаруу, майтарып кайыруу. Бычактын мизин жапырды.
- 3. Бир жагына бет алдыруу, имерүү; качырып кирүү. Аралдагы жылкыны Башынан ылдый жапырды («Манас»). Курманбек чыкты качырып, Калмактарды жапырыл («Курманбек»). Ачылган пахта, ак талаа, Четинен кир жапырып (Үмөталиев).
¨ Кулак жапыруу — айткан сөзгө жооп кайтарбай каяша айтпай «сеники туура» деп тим болуу. Акиянын жемесине [Чаргын] кулакты жапырды (Сыдыкбеков). [Жумабек].. кулагын жапырып жүрө берүүчү (Ашубаев).