этиш.1. Тике турган нерсени жантайта жыгуу, бир жагына ыктоо, жаткыруу. Токойду чөптөй жапырып, Топондой карды сапырып (Аалы). Карышкыр кулагын жапырып четке чыга берди (Аалы). Куландай кулак жапырып, Куюндай жерди сапырып («Эр Төштүк»).
3. Бир жагына бет алдыруу, имерүү; качырып кирүү. Аралдагы жылкыны Башынан ылдый жапырды («Манас»). Курманбек чыкты качырып, Калмактарды жапырыл («Курманбек»). Ачылган пахта, ак талаа, Четинен кир жапырып (Үмөталиев).
¨ Кулакжапыруу— айткан сөзгө жооп кайтарбай каяша айтпай «сеники туура» деп тим болуу. Акиянын жемесине [Чаргын] кулакты жапырды (Сыдыкбеков). [Жумабек].. кулагын жапырып жүрө берүүчү (Ашубаев).
1. валить; склонять, пригибать к земле (напр. траву-о ветре); жоңгучканы шамал жапырды ветер повалил клевер; издеп жүрөм жапырып фольк. я тщательно разыскиваю; ат кулагын жапырды лошадь поджала уши; 2. совершить нашествие, массовый набег; нахлынуть, ринуться массой; жапырып кирип, чебин талкалап, кишинин көбүн кырган нахлынув, они разрушили заграждения и перебили большую часть людей; кулагын жапырып, умчукпай калды он хвост (букв. уши) поджал и замолчал (напр. ничего не может сказать в своё оправдание); опуруп-жапырып см.опур- II.
1. Жерди карай ийүү, жыгуу, жапшыруу (көбүнчө өсүмдүктөргө ж. б. карата). Ак-Буура долуланып суу боюндагы бадалдардын учун төмөн жакты көздөй жапырат (Абдукаримов). Жайкалган көп-көк шиберди Жапырып шамал таштады. (Бөкөнбаев). 2. Майтаруу, кайруу (көбүнчө миздүү нерселерге карата). Бычактын мизин жапырды. 3. өт. Кайра кайруу, кайра кайтаруу. Ач бөрүдөй качырып, Алды жагын жапырып («Эр Табылды»). Кууп барат жапырып, Өңгүл-дөңгүл жер менен («Манас»).
этиш.Жапыз болуу, жалпайып көрүнүү. Асан карыя менен Сатылгандын чириген чөмөлөдөй жапырайган эски үйлөрү жатакчылардын шоок жайы боло турган (Аалы). Жапырайган жаман үй.
Жепирейип жапыз көрүнүү, жалпайган начар көрүнүштө болуу. Кабыл дарбазанын сол жагында бир жапырайган жалгыз тамга түнөдү (Элебаев). Уюлгуп соккон желден улам жапырайган бадалдар кээ-кээде кыймыл эткен болот (Жантөшев).
1. то же, что жалбырак; сары каз учуп, көл толгон, жапырак жатып, дөң болгон фольк. жёлтые гуси летая озеро заполнили, листья холмами лежали; 2. клочок, лист (бумаги); бир жапырак кагаз лист или клочок бумаги.
1. жалбырак менен бирдей. Жапан терек жапырагы дилдиреп, Жерге түшүп өлгөндүгүн билдирет (Токомбаев). Жыгачтын көркү жапырак (макал). 2. Жалпак-жалпак майда бөлүкчөлөр, келки бөлүк. – Курдаш,– деди ал конверт ичинен бир жапырак кагазды алып жатып.
жапырт I (или жабыла-жапырт) скопом, сплошь, все целиком; жапырт бирдей все сплошь одинаково; жапырт атка минип фольк. все разом сев на коней; колдоруна курал алып, жапырт чыгышты взяв в руки оружие, они все скопом вышли. жапырт- II понуд. отжапыр-; тилден элди жапыртып стих. он бранью народ поверг (он так ругал, что народ сник, как поваленная ветром трава).
Бүт баары, жабыла, текши, жалпы. Бизди карап турган балдар жапырт күлүп калышты (Каимов). Катуу чаап келаткан аттын дүбүртү угулганда бардыгы жапырт ошол жакка карашты (Жантөшев).
ЖАПЫРТ БАШАЛАМАНДЫК – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган коомчулуктун коопсуздугуна жана коомдук тартипке каршы келген кылмыш. Анын объективдүү жагын төмөндөгүлөр түзөт: а) зордук-зомбулук, кыйратуу, өрттөө, мүлктөрдү талкалоо, ок атуу куралдарын колдонуу, жардыргыч заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү колдонуу, ошондой эле бийлик өкүлдөрүнө куралдуу каршылык көрсөтүү коштолгон Ж. б-ты уюштуруу; б) жогоруда аталган жалпы Ж. б-ка катышуу; в) бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү каршылык көрсөтүүгө жана Ж. б-ка, ага тете эле жарандарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө чакыруу.