этиш.Жапыз болуу, жалпайып көрүнүү. Асан карыя менен Сатылгандын чириген чөмөлөдөй жапырайган эски үйлөрү жатакчылардын шоок жайы боло турган (Аалы). Жапырайган жаман үй.
Жепирейип жапыз көрүнүү, жалпайган начар көрүнүштө болуу. Кабыл дарбазанын сол жагында бир жапырайган жалгыз тамга түнөдү (Элебаев). Уюлгуп соккон желден улам жапырайган бадалдар кээ-кээде кыймыл эткен болот (Жантөшев).