Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде семиз жана семир деген бир уңгудан чыгып, аяккы з жана р тыбыштары боюнча айырмаланып, эки түрдүү маани берген сөздөр бар. Жапыз>жапыр жана көз>көр сөздөрү да ушундай түгөйдү түзөт. Болжолу, байыркы кезде түрк тилинде р жана з тыбыштары менен айтылган варианттары бирдей маани берип, атооч жана этиш сөздүн маанисин туюнткан синкреттик сөз болгон. Кийин алардын маанисин айырмалоо үчүн з тыбышы менен бүткөн түрү атооч сөздү билдирип, р тыбышы менен аяктаган түрү этишти билдирип, экөө эки башка сөзгө айланган. Бул түгөйлүү сөздөрдүн уңгусунун маанисин табуу кыйын. Семиз жана семир түгөйүнүн уңгусу семи деп алып, -з жана -р бөлүктөрүн мүчөсү дешке болбойт. Анткени семи деген өзүнчө сөз жок. Ошол сыяктуу эле жапыз жана жапыр, көз жана көр сөздөрүнүн уңгусу жапы, кө деп айтуу да мүмкүн эмес. Булардын уңгусу семир, жапыр, көр же семиз, жапыз, көз варианттарынын бири гана болгон.