ЖАПМА ЧЕЛЕК
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өз үй-бүлөсүнө, же чакан чөйрөдөгү азыраак сандагы жакын кишилерине гана чактап, башкаларга билгизбей, жашыруун жасалган суусундук тамак-аш. Какылдак жапма челегин ачып жиберип бозо сүздү (Сыдыкбеков). Сен кийинки кездерде жапма челек боло баштадың го? -деп жолдошун тамашалады («Чалкан»). Кышы менен жапма челек кылып «кирчиман» жасатып ичип, карт кекирип жүрө турган (Саатов).