жапкак
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Адамдын буту калың карга батып кетпес үчүн ылайыкталып жасалган бутка байлануучу нерсе, алкак. [Токтогул] бутума жапкакты байлап, эки бээ саамда айылдын үстүнөн чыгам деген болучу (Аалы). Жапкак кийип жөө чубап (Тоголок Молдо).
- 2. Көздүн үстүн жаап турган териси. Гүлайым көздөрүн сурмалуу жапкагы менен далдалап, башын төмөн карай эңилтти (Бейшеналиев).
- 3. Калканч, коңул. Жапкак таштын алдына Нуруш от жакты (Убукеев).