ЖАПАЛАК I
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Күндүз жакшы көрбөгөн, тамак таап жегенге көбүнчө күүгүмдө же түнкүсүн чыгуучу үкү тукумдаш кичирээк келген жырткыч канаттуу. Айдын болор-болбос шооласында боору агара калып так төбөдөн жапалак учат (Сыдыкбеков). Күнгөйдүн бадалынан тескей бетке карай жапалак учуп өттү (Сыдыкбеков).