Киргизско-русский словарь Юдахина
низкий, низкорослый; приплюснутый;
жапыз үй низкий дом;
жапыз дөбө низкий и плоский холм;
чөптөн жапыз, суудан тайыз погов. тише воды, ниже травы (букв. ниже травы, мельче воды).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бийиктиги жагынан ортодон төмөн, бою жагынан жапалдаш. Чоң терезеси күн батышты карап турган жапыз там (Сасыкбаев). Почта жайланышкан үй жапыз эле (Таштемиров). 2. Көтөрүңкү эмес, катуу эмес, жай гана, акырын. Эне үнүн жапыз чыгарып сүйлөдү (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бийик эместик, жапыз экендигин белгилөөчү өзгөчөлүк. Эң биринчи ирет ал жердеги дөбөлөрдүн жапыздыгы көзгө түшөт. 2. Катуу эместик, акырындык, көтөрүңкү эместик. Айшанын үнү жапыздык кылды («Ала-Тоо»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде семиз жана семир деген бир уңгудан чыгып, аяккы з жана р тыбыштары боюнча айырмаланып, эки түрдүү маани берген сөздөр бар. Жапыз>жапыр жана көз>көр сөздөрү да ушундай түгөйдү түзөт. Болжолу, байыркы кезде түрк тилинде р жана з тыбыштары менен айтылган варианттары бирдей маани берип, атооч жана этиш сөздүн маанисин туюнткан синкреттик сөз болгон. Кийин алардын маанисин айырмалоо үчүн з тыбышы менен бүткөн түрү атооч сөздү билдирип, р тыбышы менен аяктаган түрү этишти билдирип, экөө эки башка сөзгө айланган. Бул түгөйлүү сөздөрдүн уңгусунун маанисин табуу кыйын. Семиз жана семир түгөйүнүн уңгусу семи деп алып, -з жана -р бөлүктөрүн мүчөсү дешке болбойт. Анткени семи деген өзүнчө сөз жок. Ошол сыяктуу эле жапыз жана жапыр, көз жана көр сөздөрүнүн уңгусу жапы, кө деп айтуу да мүмкүн эмес. Булардын уңгусу семир, жапыр, көр же семиз, жапыз, көз варианттарынын бири гана болгон.