Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жанга баткан, кыйноо тарттырган, кордук, түйшүк, жабыркаткан кайгы, башка түшкөн оор абал, азап. Адал жерден мен тарттым. Адам көрбөс жапаны (Токтогул). Сандалып жайы-кышы малчы жүргөн Таркады Байманаптан көргөн жапаң (Тоголок Молдо). Албан түрдүү жапаалар, Аталгандай жанашты.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
туурасы: жапатырмак. Бүт баары, бардыгы, бири калбай жапырт, жалпы. Буга жаштар эмес, жашы улгайып калгандар да жапа тырмак турушуп, макул болушат («Ленинчил жаш»). Бышкан арпа, буудай, тарууларын орууга эркек, аял дебей жапа тырмак киришкен (Бейшеналиев). Алар чатырды бир жарым айда жаап бүтөбүз дешип жапа тырмак шерт байлашкан. (Ашымбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. притеснение, мучение; обида;
жапаа көр- испытывать мучения; мучиться;
жапаа кыл- или жапаа көрсөт- или жапаа сал- или жапаа тарттыр- доставлять беспокойство, доставлять неприятности;
жапаа же- или жапа же- получить ранение, быть раненым;
2. вероломство; вероломный.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Маданиятташпаган, маданияттуу эмес. Жапайы элдер. Бир кезекте жапайы, Солуй жаздап жүргөмүн (Аалы).
  1. 2.                  Адам баласы тарабынан кол менен эгилбеген, тигилбеген, айдалбаган, өзүнчө чыккан (өсүмдүк). Жапайы чыккан жаңгагы Жамгырдай жерге төгүлгөн (Осмонкул).
  2. 3.                  Колго үйрөтүлбөгөн, колдо багылбаган, бакма эмес. Тескейден жапайы каман да жолугат (Сыдыкбеков). Жапайы айбандар.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колго үйрөтүлбөгөн, колдо багылбаган (айбандар, канаттууларга карата). Калың камыш жактан жапайы өрдөктөрдүн, кирилдеген үнү угулат (Абдукаримов). Чыйыр түшө электе жапайы коёндордун издери бат табылат (Каимов). 2. Кол менен эгилбеген, адам тарабынан айдалып өстүрүлбөгөн, маданиятташтырылбаган, өзүнчө чыккан. Айым апа, меңиз. Бул жапайы жемиштер, алыңыз («Ала-Тоо»). Суу бою жапайы тал (Баялинов). Бала жапайы бедени жалмаган күрөң музоонун мойнуна жөлөнүп турат (Сыдыкбеков). 3. Иштелбеген, адамдын колу тийбеген, ээн жаткан (мисалы, талаа). Жапайы жаткан жайдак талааны көргөн болор элеңиз (Убукеев). 4. Маданияттан четте калган, маданияттуу эмес, коомдон окчунураак, ээн жүргөн, толук отурукташпаган. Бул бир жапайы өскөн тал («Ала-Тоо»). Мурун эмгекчилер эчен жылдар жапайы турмушта кармалышты (Калык).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жапайы жаныбарларга таандык касиеттер, өзгөчөлүктөр. 2. Маданияттан четте калгандык, маданияты жоктук, оройлук, олдоксондук. Сенин бүгүнкү кылыгың жапайылык. Жаш кыздарды сатуу, албетте, жапайылыкка жатат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАПАК — эпизоддук кейипкер, Ногойдун иниси Шыгайдын уулу, Манастын аталаш тууганы. Алтайда Жакып Манаска ата-тегин, туш-тушка чилдей тарап кеткен туугандары тууралуу билдиргенде Ж-тын кабарын айтат (Сагымбай Орозбаков, 1. 137). Алооке кыргыздарды чапканда Шыгай Алай тарапка сүрүлүп, уулу Ж. Коңурбай менен бирге өсөт. Байжигит Алтайга кайра көчмөкчү болуп ажыраш аяк той берүүгө камданат. Байжигиттин тоюна камданып келсин, Манастын көзүн тазалайбыз деп, Ж. Коңурбайга Алымбекени жөнөтөт. Коңурбай жок, Алооке азыр Манаска алыңар жетпейт, андан көрө Коңурбайды чаап алалы деп Манасты азгырып эли-жеринен алыс алып чыксын деген жооп берет. Байжигиттин тоюнда Манастын көзүнө бир көрүнүп коймокчу болуп чатак чыгарган Ж-ты Көкчөкөз өлтүрөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 439).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Боорукер, элпек, күйүкчөөл, илбериңки. Мындай балдар кишинин ичи-коюнуна киргич, жапакеч болбойбу (Айтматов). Жолой Жолдошевич кишилерге ого бетер жапакеч, жайдары көрүнгүсү келди (Каимов). 2. Эмгекти сүйгөн, эмгекчил, түйшүкчүл, мээнеткеч. Урунган ишинин майын чыгара иштеген жапакеч карыя.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күндүз жакшы көрбөгөн, тамак таап жегенге көбүнчө күүгүмдө же түнкүсүн чыгуучу үкү тукумдаш кичирээк келген жырткыч канаттуу. Айдын болор-болбос шооласында боору агара калып так төбөдөн жапалак учат (Сыдыкбеков). Күнгөйдүн бадалынан тескей бетке карай жапалак учуп өттү (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жерге жабыша жалпайып чачырап өсүүчү арчанын бир түрү. Чоно зоонун башындагы жапалак арчанын арасына жашырынып жатып, таштын үстүндөгү жалгыз кийикти кароолго алган (Каимов). Тууганбайдын муруту дырдыйып чыйратылып турбастан, жапалак арчадан бетер эриндин үстүнө жабыша өскөн (Каимов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАПАН — этноним. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөйдүн ашында Бокмурун Айдарга ашка келе турган элдердин арасына кошуп, Ж. деген элди да чакырууну буюрат:
Кытайдан качып кыйла журт
Жапан болуп калыптыр
Жайы жакшы болуптур,
Жапан атка конуптур (Сагымбай Орозбаков, 3. 94).
Контекст боюнча Ж. Кытайга жакын турган эл. Демек, Ж. деп манасчы япондорду белгилеген. Бул этноним «Манаска» эки себептен кирип калышы мүмкүн. Биринчиден, Ж. журту менен Борб. Азиянын аймагындагы Амур дарыясына чейин жеткен эне-сайлык кыргыздардын байыркы кылымдарда болгон маданий байланыштарынын бир булагы эпосто чагылдырылып калышы ыктымал. Экинчиден, Сагымбай Орозбак уулунун өзүнүн ой өрүшүнүн негизинде кошулган, башкача айтканда айтуучунун эпоско кошкон жекече үлүшү катары кароого болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
жапайы менен бирдей. Жардылык өзү зор кыйын, Жапандын пейлин кылбасаң («Эл адабияты»). Кара каз, жайнап учкан жапан өрдөк, Калкылдап, кара суунун бетин баскан (Маликов). Жагалмай учуп жетпеген, Жапан чөл бүгүн көктөгөн (Бөкөнбаев). Тууган жерим – асыл затым, ардагым, Ыйык мага, тоо-таш, жапан талдарың (Буларкиева).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Бардыгы бирге, жапырт, бири да калбай, бардыгы жапырт. Эртеңден баштап жапатырмак оруу, жыюуга чыгалык (Сыдыкбеков). Колхозчулар эч кимге айттырбастан, өздөрү билип, жапатырмак жумушка чыгып калышты (Абдумомунов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бут баары, бардыгы, бири калбай жапырт, жалпы. Буга жаштар эмес, жашы улгайып калгандар да жапа тырмак турушуп, макул болушат («Ленинчил жаш»). Бышкан арпа, буудай, тарууларын орууга эркек, аял дебей жапа тырмак киришкен (Бейшеналиев). Алар чатырды бир жарым айда жаап бүтөбүз дешип жапа тырмак шерт байлашкан (Ашымбаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАПА ЧЕККЕНДЕР – кылмыштаанууда кылмыш аракетинин натыйжасында түздөнтүз же кыйыр түрдө материалдык же материалдык эмес зыян тарткан жеке же юридикалык жак; кең маанисинде алганда, социалдык топ (кара:Жабырлануучу, Виктимология ).