ЖАПА II: ЖАПА ТЫРМАК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015туурасы: жапатырмак. Бүт баары, бардыгы, бири калбай жапырт, жалпы. Буга жаштар эмес, жашы улгайып калгандар да жапа тырмак турушуп, макул болушат («Ленинчил жаш»). Бышкан арпа, буудай, тарууларын орууга эркек, аял дебей жапа тырмак киришкен (Бейшеналиев). Алар чатырды бир жарым айда жаап бүтөбүз дешип жапа тырмак шерт байлашкан. (Ашымбаев).