ЖАПАЙЫ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Колго үйрөтүлбөгөн, колдо багылбаган (айбандар, канаттууларга карата). Калың камыш жактан жапайы өрдөктөрдүн, кирилдеген үнү угулат (Абдукаримов). Чыйыр түшө электе жапайы коёндордун издери бат табылат (Каимов). 2. Кол менен эгилбеген, адам тарабынан айдалып өстүрүлбөгөн, маданиятташтырылбаган, өзүнчө чыккан. Айым апа, меңиз. Бул жапайы жемиштер, алыңыз («Ала-Тоо»). Суу бою жапайы тал (Баялинов). Бала жапайы бедени жалмаган күрөң музоонун мойнуна жөлөнүп турат (Сыдыкбеков). 3. Иштелбеген, адамдын колу тийбеген, ээн жаткан (мисалы, талаа). Жапайы жаткан жайдак талааны көргөн болор элеңиз (Убукеев). 4. Маданияттан четте калган, маданияттуу эмес, коомдон окчунураак, ээн жүргөн, толук отурукташпаган. Бул бир жапайы өскөн тал («Ала-Тоо»). Мурун эмгекчилер эчен жылдар жапайы турмушта кармалышты (Калык).