Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күндүз жакшы көрбөгөн, тамак таап жегенге көбүнчө күүгүмдө же түнкүсүн чыгуучу үкү тукумдаш кичирээк келген жырткыч канаттуу. Айдын болор-болбос шооласында боору агара калып так төбөдөн жапалак учат (Сыдыкбеков). Күнгөйдүн бадалынан тескей бетке карай жапалак учуп өттү (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жерге жабыша жалпайып чачырап өсүүчү арчанын бир түрү. Чоно зоонун башындагы жапалак арчанын арасына жашырынып жатып, таштын үстүндөгү жалгыз кийикти кароолго алган (Каимов). Тууганбайдын муруту дырдыйып чыйратылып турбастан, жапалак арчадан бетер эриндин үстүнө жабыша өскөн (Каимов).