Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАПЫС — топоним. Кыргыздар калмактардан Ала-Тоону бошоткондо Жумгалда турган калмактардын Катраң деген аяр кызы өз сыйкыры менен көп каршылык көрсөтөт. Анын Суусамырдын Ж. деген жеринде жашынган жаны укмуштуу суусар болот. Аяр кыз кыргыз колунан жеңилгенде ушул жерде жаны чыгат, суусар жаны өлөт (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 619-б.).