ЖАПШЫР
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир нерсени катуу капшыра коюу, жабыштыра коюу, кабырылтуу, жалпайта уруу. Кара баткакта эле Кылымбай менен бирге жапшырып таштабай! (Турусбеков). Бекташ темир така ботинкасы менен алкымдан ары жерге жапшыра басты (Сыдыкбеков). || Жабыштыра кысуу, бир нерсенин үстүнө жабыштыра тигүү, жабыштыруу. Баласын бооруна жапшыра кучактап, келин чуркап келаткан экен (Сыдыкбеков). 2. Катуу, жашыруу, бекитүү. Гүлайым катты бырыштыра бүктөп, ички чөнтөгүнө жапшырды (Бейшеналиев).