Киргизско-русский словарь Юдахина
бас I
ир. прям. , перен.
низкий;
бас киши низкий (скверный) человек;
ала көл алек, саз болдук, ала тоо элек, бас болдук фольк. были мы большим озером, стали болотом, были мы снеговой горой, стали низиной;
баска түш- спускаться вниз;
элүүгө жашың чыкканда, згизден баска түшкөнүң фольк. если возраст твой достиг пятидесяти (лет), значит, ты сверху спускаешься вниз;
маанайы бас см. маанай.
бас II
ир.:
бас кел- быть равным;
адам уулу бас келбес фольк. из людей нет (ему) равных.
бас III
муз.
бас (голос и инструмент).
бас- IV
1. давить, надавливать на что-л.;
жумуртка бас- (о птице) сидеть на яйцах;
кийиз бас- валять войлок;
кырман бас- молотить;
2. ступать, идти;
басып кетти он пошёл, он ушёл;
басып өт-
1) пройти, перейти;
2) перен. превзойти кого-л. в чём-л.;
ууру бас- идти крадучись;
ууру баскан адам человек, который шёл крадучись;
бери бас! иди сюда!;
ары бас! уходи!, проваливай!;
чакыргандан калба, өзүң басып барба погов. когда зовут - не отказывайся, но сам не ходи;
ат баспайм деген жерин үч басат погов. лошадь трижды ступит на то место, на которое не хотела ступать (т.е. не зарекайся);
жан баспаган чөл пустыня, где не ступала нога человека;
басар жолуң твой путь, путь, который тебе предстоит пройти;
эр Шууту сапар тартты эми, Суусамырды басты эми фольк. богатырь Шууту в путь отправился, вот (уже) перешёл Сусамыр;
көп баскан (аяк) бок басат погов. см. аяк I 1;
3. затоплять, покрывать сплошь; быть в изобилии;
суу баскан жер место, затопленное водой;
дөөлөт басса, эт басат; мээнет басса, бит басат погов. когда счастье привалит, мяса в изобилии; когда нужда привалит, вшей в изобилии;
алдыңды бала бассын, артыңды (или аркаңды) мал бассын! этн. да будут пред тобой (многочисленные) дети, а позади тебя (многочисленный) скот! (пожелание многодетности и благ земных молодухе после совершения обряда отко киргизүү; см. от I);
4. печатать;
китеп бас- печатать книгу;
басып чыгар- издавать;
5. уменьшать, убавлять (напр. освещение); понижать (напр. голос);
үнүн бас- заставить его замолчать:
ачуу бас- подавить злобу, перестать сердиться;
6. нападать; попирать;
баспасын душман төрүңдү стих. да не будет враг попирать твой төр (см.);
басып ал- захватить силой, отнять;
басып алуучу захватчик;
басып алуучу согуш см. согуш I 2;
басып кир- ворваться, вторгнуться (напр. в чужой дом, на чужую территорию);
7. (точнее көөрүк бас-) раздувать (огонь кузнечным мехом);
8. карт. бить, побить;
ал ондукту матыке менен басты он десятку побил дамой;
басып кой- насиловать (женщину);
басса-турса да (он) всё время, постоянно;
бассак-турсак да, эске алып жүрөк өйкөдү мы постоянно вспоминали, и (это) тревожило сердце;
баскан-турган всякий человек; всякий, кто...; кто-либо;
баскан-турган жокпу, там уйгө киши баспасын! нет ли (там) кого? пусть ни один человек не входит в дом!;
баскан-тургандын баарынан өөн табасың ты придираешься ко всем без разбора;
баскан-турганы все его движения: всё его поведение;
сүйлөгөн сөзү да, баскан-турганы да чоркок жигит эле и по словам, и по движениям он был парень-увалень;
коркконун бас- побороть свой страх;
басып айт- говорить, понизив голос;
бетке бас- или бетке басып айт- говорить прямо в глаза;
кылгандарын бетине басамын о его действиях я скажу ему прямо в глаза;
жалтанбай, бетине басып айт не стесняясь, скажи ему прямо в глаза;
барар жер, басар тоо жок (или калбады) податься некуда;
баса куй- налить полно, до краёв;
чайды баса куй налей чаю полнее;
баса кий-
1) постоянно носить (одну и ту же одежду), часто надевать;
2) напяливать;
тери шымын баса кийип напялив свои кожаные штаны;
баса отуруп иштедим я упорно работал;
баса жат- долго оставаться на (одном) месте;
келген конок баса жатты прибывшие гости долго гостевали;
баса кал- наброситься на что-л. (напр. на еду);
жер баспай калды он слишком зазнался;
бас-бас болуп кал- утихнуть, улечься (напр. о скандале, шуме и т.п.);
дат басты покрылось ржавчиной, заржавело;
балаа басып к несчастью;
от басар см. от I;
энчиге басып ал- см. энчи 1.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. муз. Эркектин коңур чыккан жоон үнү; ушул үндө ырдаган ырчы.
БАС II пас I менен бирдей.
БАС III этиш. 1. Жүрүү, арымдоо. Узак жол бастык.
  1. 2.                  Каптоо, жайылуу, жайноо. Суу баскан жер. Жерге тийсе ыргалат, Жер бетин булут баскандай (Осмонкул).
  2. 3.                  Экинчи бир нерседен күчтүү келүү, басымдуу келүү. Шамал аркырап соккон сайын мотордун доошун басып кеткендей болот (Сыдыкбеков).
  3. 4.                  Каратуу, баш ийдирүү, Душманга бастырба. Душман элди, жерди басып алууну көздөйт.
  4. 5.                  Ныгыруу, үстүнөн ныктоо. Төбөсүнөн бекем басып, капкагын көтөрбөс кыл («Чалкан»).
  5. 6.                  Токтотуу. Ызакул колун көтөрүп, дуу-дууни басты (Бейшеналиев).
  6. 7.                  Басмадан чыгаруу; кагаз бетине жазуу, так түшүрүү. Китеп басып  чыгаруу. Печать, штамп басуу.

Балапан басуу же жумуртка басуу— жөжө, балапан чыгаруу. Ийрилген көл ичинде аралдарга, Каздары каркылдашып балапан басып (Маликов). Бас-бас болуу; бас-бас кылуутоктотуу, унчукпай калуу, жашыруу. Шекер бир жактан чаңырып чыкты. Бирок ак сакалы колун көтөрүп жаңсап.. аларды бас-бас кылды (Касымбеков). Чатакташкандар бас-бас болуп калышты.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
бас- (кадамда-, ныгыр-),
баса (гой-), басса
бас-бас бол-
бас-бас кыл-
баса жатуу (узак болуу)
баса калуу (үзүлүп түшүү)
баса кийүү (такай кийүү)
баса куюу (толтура)
басса-турса
баскан-турганы
басып алуу (өзүнө жы¬йып алуу)
басып коюу (жашырып
коюу)

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАС — этноним. Эпосто кыргыз урууларынын бири Б. журтунан Эштектин Жамгырчысы экени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 61). Кыргыз санжырасында Б. деген уруу жок, бирок ал басыз менен уңгулаш.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бут шилтөө, адымдоо, арыштоо. Токто, али тилиң чыксын, бутуң бассын (Маликов). Ой, Метрей чоң сакал, бассаңчы тез! (Сыдыкбеков). 2. Каптоо, жайылып тароо. Түн ортосунда тоо арасын булут басып, бир аздан кийин кар жаады (Убукеев). || Үстүн жаап алуу. Сары талааны кар басты, Бош жүргөн малдын карды ачты (Оомонкул). || Калың чыгуу, көп болуп таралуу, капталуу. Түн... Ай жарык, Кең Таластын Токой баскан талаасы (Маликов). Көйкөлгөн нурлар кубулжуп, Көк бетин жылдыз басканда (Маликов). 3. Кол салуу же башка максаттарда дал үстүнөн чыгуу, камындырбай, мурдатан билгизбей, капысынан үстүнөн түшүү, баруу. Бейкут жаткан көп элди Бир түнү келип басканы (Жантөшев). Капарсыз жаткан ордону, Коңурбай басып калганбы («Семетей»). 4. Ныгыруу, үстүнөн ныктоо. Тез суу кагаз басып сыяны ичирди (Сыдыкбеков). Комузду баскан сол колу Талыбаган Токтогул (Барпы). Ныктай кысуу, ныктай коюу, таптай ныгыруу. Ал оор улутунуп, күнгө күйгөн колун көөдөнүнө басат (Бектенов). Тамга, из, так түшүрүү максатында бир нерсенин бетине беттештире ныктай кысуу. Мөөр басуу. Штамп басуу Тамга басуу. Басма продукцияларын чыгаруу. Китеп басып чыгаруу. 5. Тебелөө, тепсөө. Беш-алты бала келиңер, Белимди басып бериңер («Манас»). Чыга калып чыныларды чачат, Жаздыктын үстүнөн басат (Шүкүрбеков). Тебелетүү, тепсетүү, же машина аркылуу иштетүү жолу менен эгиндин кызылын бөлүп алуу. Колхоздо күз жылда келчү бир майрам, Буудай оргон, кырман баскан кең сарай (Осмонкул). Көк куштай болуп калкылдап Комбайн басат эгинди (Маликов). 6. Токтотуу. Токто, бас үнүңдү (Турусбеков). Ызакул колун көтөрүп, дуу-дууну басты (Бейшеналиев). Тынып калуу. Ойдогу тилек туш болуп Эми бастым санаамды («Курманбек»). Кандыруу. Моокум бастым, көрүп тууган элимди (Токомбаев). 7. Үстөм болуу, басымдуулук кылуу. Чаргын бек-бек унчукту эле, коңгуроолуу бийик үнү башкаларды басып кетти (Сыдыкбеков). 8. өт. Кабылуу, туш келүү, толуу, өкүм сүрүү, чөмүлүү. Энени кубаныч сезим турду басып (Маликов). Камыгып, кайгы басып убайым жеп, Ким тартты кара күндү сенден артык (Элебаев). Олтурду эчен түркүн кыял басып (Маликов). 9. Катуу чабуу же кандайдыр бир башка кескин аракет жасоо. Алоолонтуп аттарын Камчы басып жулкунтуп («Курманбек»). Мылтыгын көпкө шыкаалады да, баң дедире басып калды. 10. Балапан чыгаруу аракетинде болуу Жумуртка басуу. Уя басып уктаган Канаттуунун баары учту (Бөкөнбаев). Бүркүттөй уясында бала баскан (Үмөталиев). 11. баса формасында такт. м. Айрыкча, бөтөнчө. Жакшы жактары болсо баса белгилешмек («Ленинчил жаш»). || Көбүрөөк, оодугураак. Чайды баса куюу. Дүкөндүн алдына суу баса себилгендиктен чаңдабайт (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
баса I
опять, ещё, повторно;
баса бир аяк сунду он предложил ещё чашку.
баса II
1. да, так, конечно;
баса, десеңиз ну, ясно; вот ведь как;
2. да, кстати; да, к слову;
баса, Ли, ал адамың келдиби? да, кстати, Ли, а тот твой человек пришёл?
3. да-да!, так-так! (возглас утверждения, одобрения);
"баса, чором, баса" - деп, басалгалуу Семетей, Таластын суусун кечти эми фольк. (под одобрительные возгласы) "так-так, молодец!" степенный Семетей переправился через реку Талас.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эске түшө калган ойду, сөздү кошо кыстара кетүү, кошо баяндоо учурунда колдонулат. Баса, Нурматты кайдан сүйө койду экен дедим да (Жантөшев). Баса, менин бир сөзүм калыптыр (Каимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(в произношении басааган)
1. шатун (тот, кто ходит, бродит без особого дела);
2. тот, у кого хваткие, загребущие руки;
бармактарың барбайтып, басаган элең, жыргалым стих. растопырив свои огромные пальцы, ты, моя радость, (при жатве) много захватывал (стеблей рукой - так говорит крестьянка, оплакивая мужа).

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от басайт-.
басалгалуу степенный, спокойный;
басалгалуу киши степенный человек;
басалгалуу кыз степенная девица;
басалгалуу жакшы ат экен спокойная лошадь;
Манас-тын уулу эр Семең, басалгалуу эр немең фольк. Манаса сын твой Семе (тей) - степенный молодец.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. өтө муктаж болгон, абдан керектүү нерсени көргөндө эт-бетинен кетүү, үзүлүп түшүү, башы менен кирип кетүү. Ал дегениң дүкөндө турабы, азыр. Кырылышып, баса калып талап албайбы, турса (Абакиров). өңгөчө аялдар баса калат базардан, таза болсо, дандуу, ири болсо, тим эле жерге тийгизбей талап кетет (Абакиров). 2. Колдон келет кылуу, басмырлай берүү, өкүмдүгүн, зордугун көрсөтүү. Дөөт балбан баштаган, каардуу Калпа ажынын жасоолдору бейкут жаткан айылдарды аралап, бейкүнөө бечараларды баса калып, кыңк эткен бирөөң болбосун! Белиңер омурулат, – деп күпүлдөштү (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өтө муктаж болгон, абдан керектүү нерсени көргөндө эт-бетинен кетүү, үзүлүп түшүү, башы менен кирип кетүү. Ал дегениң дүкөнгө турабы, азыр. Кырылышып, баса калып талап албайбы, турса (Абакиров). Өңгөчө аялдар баса калат базардан, таза болсо, дандуу, ири болсо, тим эле жерге тийгизбей талап кетет (Абакиров). 2. Колдон келет кылуу, басмырлай берүү, өкүмдүгүн, зордугун көрсөтүү. Дөөт балбан баштаган, каардуу Калпа ажынын жасоолдору бейкут жаткан айылдарды аралап, бейкүнөө бечаларды баса кылып, кыңк эткен бирөөң болбосун! Белиңер омкорулат - деп күпүлдөштү (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Басындыруу, өкүм мамиле кылуу, тоотпой мамиле жасоо. Татыбек чакырбаса деле баса көктөп бара бере турган (Байтемиров). Кален эки жолдошун баштап улук үстүнө баса көктөп кирип барды («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч нерсеге карабай, өз билгендей, уруксатсыз иштөө, зордоп, өкүм мамиле жасоо. Жол бербегендерди сүрүп ташап, баса көктөп келе берди («Ала-Тоо»). Мал айдатып бара жаткан бир купец, баса көктөп, айыл үстүнө малын каптатып жиберет (Баялинов). Кален эки жолдошун баштап улук үстүнө баса көктөп кирип барды («Кыргызстан маданияты»),

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАСАНКУЛ (түрк-моңголчо басаң — бешинчи күн, жума жана кул — эркектердин ысымына жалганчу мүчө) — эпизоддук кейипкер, Нескара арык каздырган алты миңден ашуун кишинин башчысы. Ары-бери өткөн жолоочуну кармап алып, атын союп салып, өздөрүнө тыным бербей иштетет. Арык чапкандар да Б-дан коркуп турушат. Манасты өлтүрүп, Жакыптын сан жылкысын тийип кетмекчи болуп, Нескара ал жердеги адамдарды түп көтөрө чогултуп Алтайга жөнөйт. Адашып маңгулдарга өтүп кеткен Нескаранын аскерлери Жакыптыкы деп маңгул байы Жайсаңбайдын жылкысын тийип алат. Жакып деп кармап алмакчы болуп Жайсаңбайды кууп келаткан Б-ду Таноо деген калмак атып өлтүрөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 194, 211 — 215).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Акырындоо, басаюу, басаңча тартуу. Чырак бирде басаңдай түшүп, бирде өтө эле жарык болуп кетет (Абдукаримов). Күндүзү басаңдап шыбыргактаткан ак жаан төртүнчү суткада араң басылды (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мурдагыга караганда басаюу, акырындоо, төмөндөө, басаңча тартуу, басаңдоо. Эшикте шамал басаңчалап, айлана кандайдыр тынчтангансып турган (Сасыкбаев). Элдин уу-дуусу бир азга басаңчалады (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: орун басар — кызматы боюнча өзүнөн жогору турган адамдын (начальниктин же башка жетекчинин) ордуна калып иштөө укугуна ээ болгон кызматкердин официалдуу наамы. Директордун орун басары. Министрдин орун басары.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: бел-баскак небольшая седловина на горном перевале;
мурду бел-баскак у него нос слегка вдавлен;
боор баскак название болезни овец (напр. заболевание жирной овцы от быстрого перегона).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Актыгын, күнөөлүү эмес экендигин ишендирүү, ынандыруу маанисинде каргануу иретинде колдонулат. Эгер мен ушуну калп айткан болсом, баскан изим артымда калсын, аке, - деп бала безилдей баштады («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кастарын тигүү, абдан өчүгүп калуу, каршыгып артынан сая түшүү. Баскан изин бычактап, Тегиз букар чогулуп, Жеңекемди ушактап («Манас»). Карачечекей хан агасынан айрылган Касымбек, Келдибек тукумунун баскан изин бычактап, Турдубай канкорду кунга жыгып, катуу жазалоого бар күчүн жумшайт (Бейшеналиев). В.: Баскан изин кетмендөө. Койчубектин баскан изин кетмендеп чаап таштаса болот (Бейшеналиев). Андай кер аяктардын баскан изин кетмендөө керек дейт («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кастарын тигүү, абдан өчүгүп калуу, каршыгып артынан сая түшүү. Баскан изин бычактап, Тегиз букар чогулуп, Жеңекемди ушактап («Манас»). Карачечекей хан агасынан айрылган Касымбек, .. Келдибек тукумунун баскан изин бычактап, Турдубай канкорду кунга жыгып, катуу жазалоого бар күчүн жумшайт (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жөн жүрбөй, жүргөн жерин бүлүнтүп, былтыгып жиберүү, куулук-шумдугу ашынуу. - Экинчи көзүм көрбөсүн сага окшогон жып-жылма азыткы түлкүнү! Сенин баскан изиңе чөп чыкпайт! Жогол, ушунчаңда! (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Атайын аянтчанын эки жак четине ар бир команданын тарабына орнотулган торго топту колу менен түшүрүп ойной турган спорттук оюн. Эки жак болуп баскетбол ойноп жатышат (Бейшеналиев). Балдар спорттун футбол, волейбол, баскетбол, теннис жана башка толуп жаткан түрлөрүн үйрөнүшөт («Кыргызстан пионери»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАСКЫНЧЫ – эларалык укукта баскынчылык жасаган мамлекет. Эгер алар баскынчылыкка иш жүзүндө катышса, бирканча мамлекеттен турган топ дагы (м.: аскердик жардам келишими боюнча байланышкан) Б. катары каралышы мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Өйдө чыгуу жана түшүү үчүк жасалган тепкичтин аяк коё турган, баса турган бөлүктөрү, секилери.
2. Даража, деңгээл. Бул баатырлыктары үчүн Сыдыков биринчи баскычтагы Ата Мекендик Согуш ордени менен сыйланды («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өйдө басып чыгуучу жана басып тушүү үчүн жасалган тепкичтин бут коё турган жалпак таманы, улам биринен бири жогору болуп отурган катмары. Турсун вагондуң, эң төмөнкү баскычына тура калып желегин көтөрдү (Сасыкбаев). || Баскычтуу тепкич. Баскычтан түшүп келатып чал бизди алкап коё берди (Элебаев). 2. Бири-биринен айырмалоочу даража, же бири-бирине удаалаш бөлүк. Алып жүрүүчү ракетанын экинчи баскычы.

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
keyboard layout (noun)
The key arrangement used for a particular keyboard, including such factors as the number of keys (101 is the current standard) and the configuration of the keys (QWERTY is the United States standard). Some proprietary systems use different layouts, and many allow you to map the keys to characters according to your preferences.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. печатный;
жазма эмес, басма не рукопись, а печатное;
басма сөз печать, пресса; печатное слово;
жакшы адамдын сөздөрү кагаздагы басмадай стих. слова хорошего человека подобны напечатанному на бумаге;
2. издательство;
мамлекет басмасы государственное издательство;
көркөм адабият басмасы издательство художественной литературы;
3. один из видов орнамента;
багалегин кайырган, басма кылып сайдырган фольк. штаны сделала с отворотами, украсила орнаментом;
4. (о ткани) набивной;
басма чыт набивной ситец;
5. южн. название болезни горла (в народной медицине - опухоль в горле, на которую давят пальцем).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Тамак оорунун бир түрү.
БАСМА II зат. Китепти басууга даярдоочу, басып чыгаруу иштерин тейлөөчү мекеме. «Кыргызстан» басмасы. Көркөм адабият басмасы.
Басма табак — басылган тексттин көлөмүн эсептөөдө колдонулуучу чен. Отуз басма табак. Он басма табактан турган чыгарма.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Китепти басууга даярдоочу, басып чыгаруучу иштерин тейлөөчү мекеме. Республикалык «Кыргызстан» басмасы. «Илим» басмасы. «Мектеп» басмасынан чыгарылган китептер. 2. Басмакана тарабынан басып чыгаруу процесси. Басмадан чыгуу. Басмага кабыл алынды. 3. сүйл. Басмакана. Чыгарып жатат басмадан Элибиз китеп, томдорун (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
басмайыл катаур
(подпруга, идущая через седло);
кош басмайыл чуйск. двойной катаур;
басмайыл өткөзөр отверстие в потнике, через которое проходит катаур;
ишинин басмайылы чечилип калган у него дело разладилось.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Тажик тилинде айыл сөзү «басмайыл» дегенди билдирет. Ал эми кыргыз тилинде басма кээде «басмайыл» маанисинде колдонулат. Ошентип, бирдей маанидеги эки сөз биригип, ошол эле маанини билдирип калган (Сейдакматов 1988:48). Айыл сөзүнүн кыргыз тилинде дагы бир мааниси бар: «айыл II кольцо катаура» (Юдахин 1965:36). Кыргыз тилинин түштүк диалектисинде артайыл диалектизми бар: «артайыл южн. то же, что басмайыл (ср. айыл II); жип артайыл тканая подпруга; кайыш артайыл ременная подпруга. (Юдахин 1965:70).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(тартма) — «Манастан калган басмайыл, Ак быштандап тарттырып» («Манас»). Бул — кайык жана өрмө аркылуу бүткөрүлгөн ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Унаага токулган ээр-токумду бекитүү үчүн белинен тартууда колдонулат. Анын бир учунда жазы темир тегерек (260°) 1-огоосу болот. Ал ээр-токумга экинчи тарабындагы ошондой тогоосуна кайыштан тилинип улаштырылган ичке боо аркылуу курчаланат.
      Басмайылдын «ээр бастыргычы» кайыштан болот да, калган тарабы бүтүн эки метрден ашпаган «беш кашка», «жети кашка», «суйсалма» өрүмү бир кош өрмө кайыштан жасалат.
      Көрпөчөгө басмайылдын канжыгадай эки тал кайышы «ак быштан» курчалат. Басмайыл боору өрүмдөрдөн турат. Болжолдо 74—78 смдей өлчөнөт да, ал кош өрүмдөрдүн жазылыгы 1—1,5 смге барабар. Көрпөчө бастыргычтын жазылыгы 1,5 смдей болушу зарыл. Айрым жерлерде солоңдорду «куюшкандын салпынчагы» дейт.
      Кайыш түймөлөрү аркылуу бүткөн басмайыл да болот. Аны беш жерден түйүп чыгарат. Ошондуктан, «беш кумпа» деп атайт. Зергерлер басмайылдын күмүш жалатылган тогоосуна «айчык», «из», «толкун сызык» сыяктуу көркөмдүктөр келтирип, түрлөнтүп жиберет. Кадимки темир тогоого күмүш зым тартып жалатып, өзүнчө кооздук жараткан усталар да болгон. Тогоонун бекиткен башына басмайылдын кайышына төрт чарчы элидей жерине да күмүш чабуу салты бар (күмүш чабуу — темирге жалатылган күмүштү кайыш жыгач, мүйүз өңдүүлөргө кадоо). Ал урулган шөкөттөрдүн ортосунда да тегерекчелеп, анын ичи «чымын канаттанып», «жылдызчаланып» өзүнөн-өзү эле кереметтенип тургандай сезилет.
      Басмайылдын тогоосу үчүн калыңдыгы 2,5 мм жезди же колону керектейт. Тогоонун туурасы алты смге барабар. Аны зергерлер кооздоодо жарым айлана формасындагы темиринин четтерин жон-жон келтирип, ич жагынан оюм-чийим түшүрүшөт. Мындай окшоштуктар кайыш кире турган жеринде да болот. Мында темир бетин тешип коюу, ачык коюу, көзөп коюу, чегелеп (мыктап) коюу өңдүү чапкылоо жолдору аркылуу басмайылдын тогоосу көркүнө чыгат. Андай кооздук кайышта да чабылат.
      Басмайыл — негизинен «жээк», «беш кашка» жана «жети кашка» өрүмдөрүнөн турат. Аны өзгөртүп 13 тал (тилим) аркылуу эки четин «суйсал өрүм» кылып, ортосуна «жээк өрүмдү» берүүгө болот. Мунун ортосу дагы «кош өрүм», эки тарабына (жээги) «жылаан боор өрүмү» түшөт. Демек, бул — татаал өрүм. Ал «майда өрүмдөр» деп аталат. Басмайылдын кошундуларын өрүүдө өзүнчө түйүн чыгарылат. Жүгөндү, көмөлдүрүктү, куюшканды өрүүдө мындай ыкма тогоону көк менен бекитүүгө караганда сыйда көрүнөт. «Калмак өрүмгө» 12 тал алсак, анда да эки чети «жээк өрүмү», ортосу «суйсалма өрүмгө» өтөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Токулган ээр-токумдун үстүнөн бастыра алып унаанын боорунан өйдө тартылып байлануучу кайыш, тасма. Алым тору жоргону сарайдын алдынан чыгарып, басмайылын чыңдады (Жантөшев). Аттардын басмайылдары бошотулуп, отко коюлган (Абдукаримов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Айыл сөзүнүн өзү эле тажик тилинде «басмайыл» маанисинде колдонулат (ТадРС, 20). Кыргыз тилинин өзүндө да басма сөзү «басмайыл» маанисинде кээде айтылат. Демек, бирдей маанидеги эки сөз биригип, кайра эле ошондой маани билдирип калган. Бул сөз кыргыз тилине монгол тилинен кабыл алынган. Монголчо барих этиши «карма, тут» деген маани берет. Ага -мта мүчөсү жалганып, барымта сө-зү келип чыккан. Монгол тилинде ал сөз «факт, негиз, далил» деген маани берет. Кыргыз тилинде барымта сөзү андан бир аз өзгөчөлөнгөн мааниде кабыл алынган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАСМА КЕЛИШИМИ – бир тарабы (автор ) жараткан чыгарманы экинчи тарабы (басмакер) басып чыгаруу (кайра басуу) милдеттенмесин ала турган жарандык-укук келишими. Чыгарманы басып чыгаруу мөөнөтү (автор чыгармасын басуучуга бере турган мөөнөт дагы) келишим аркылуу аныкталат. Адабий чыгармага карата өз укугун берүүнүн (жарыялоонун жана/же таркатуунун) эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. Ал автордук келишим жөнүндөгү жалпы жобого баш ийет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. поносить, оскорблять, унижать;
баш көтөрбөй жатканда, басмарлады, тилдеди фольк. когда (больной) лежал, не мог поднять головы, он поносил и ругал (его);
2. брать силой; прям. , перен. подавлять;
басмарлап бир тогузга бизди жыгып стих. силой наложив на нас девятку (см. тогуз 2).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Ийне сайманын бир түрү. Мында чеберлер адаттагыдай жердиктин алдынан учук өткөрүшөт. Абалы башынан баштап белгилүү аралыкты (бир см. дей) аягына дейре бир сайып алат. Аны кайра башынан дагы үч-төрт жолу сайып тартат. Эми ортосунан эки курдай тигил сайылган жиптерди байлай саят. Сайма учуна жетип, жогорудагыдай сайылган жиптерди кайра байлай саят. Анын жогорудагыдай үч-төрт жолу жарыш сайып алууну кайрадан баштайт. Демек, басма саймада жарыш саюу жана байлай саюу менен атайын чийилген көркөм көчөттөрдүн жолу боюнча жогорудагыдай ыкма кайталана берилет.
      Басма сайма менен «кийим жапкыч», «терезе парда», «кровать жапкыч», «телевизор жапкыч», «газета салгыч», «радио жапкыч» жана ушул сыяктуу үйдүн жасалгасынын жүзүн ачуучу буюмдар сайылат. Басма саймасы менен көркөм көчөттүн ордуна көбүнчө гүлдөрдүн түрүн саюу жүзөгө ашып келген.
      Уз басма саймасын саюуга отурууда эрикпей улам жердигин карап кылдат саят. Мисалы, сайылып жаткан көчөттү толтуруп жатканда, ошол тапта байкабай жипти катуу тартып алса, сайылып жаткан кездеменин бырышып калышы мүмкүн. Ал эми сайым өтө эле бош ташталса, жиби чыгып калат. Ошондуктан, саймачы жипти катуу да, бош да тартпайт. Мында сайманы баштаганда кездемеге жиптен узунураак бир таякча алат да, түшүрүп жаткан көчөттүн көлөмүнө жараша белгилүү бир шартта кайрадан үстүнөн бастырып жүрүп отурат. Мына ушул көчөттүн ичин толтуруп бүтмөйүнчө ушул эле ыкманы кайталап кете берүү керек.
      Басма саймасынын да башка саймалардан бөтөнчөлөнгөн кооздугу бар. Ал жердикке бышык болуп түшөт. Жердик эскирип, жыртылып калганда да басма сайманын жиби ошол бойдон сакталып кала берет. Албетте, ар бир чебердин чыгармачылык «кыялдануусу» ар башкача сезилет. Бирок, кээ бир уздар көрүп сайганды жакшы көрүшөт. Жиптердин өңүн көк, ак, кызыл, кара жана жашыл менен ич ара жупташтырып берүүдө уздук мамиле керек.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАСМАСӨЗ БАСЫЛМАЛАРЫН ТАРАТУУ – жазылууну жүргүзүү, басмасөз басылмаларына тапшырыктарды иштеп чыгуу, жөнөтүү, басмасөз басылмаларына жазылуу жана чекене сатууга ташып жеткирүү жана жеткирүү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
тар. Орто Азияда Совет бийлигинин орнотулушуна жана анын чыңдалышына каршы чыгып, контрреволюциячыл кыймылга катышкан, колуна курал алып, элди талап-тоноо, өлтүрүү жолуна түшкөн адам. Басмачылар ок жаадырып, Тоодон таштар кулатты (Бөкөнбаев). Аркамдан түштүң басмачы, Атаңдын өчү бар беле? (Барпы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Басынтуу, кемсинтүү, басындырып күчкө салуу, өкүмдүк кылуу. Басмырлап кедей шордууну Бай менен манап жадатты (Каралаев). Басмырлап бир тогузга бизди жыгып, Бийлери бүтүм кылып мөөрүн урду (Токомбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. подавленный, печальный, унылый;
басмырт капалуу подавленный и печальный;
эртеден бери муңайым болуп басмырт жүргон он с утра ходил печальным и подавленным;
2. степенный;
басмырт кемпир, бөбөктөрдү бапестеп, коргоп коёт коно калган чымындан стих. степенная старуха лелеет малюток, отгоняет муху, если та вдруг сядет.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Токтоо, оор басырык. Даниярдын унчукпас, басмырт мүнөзүндө кандайдыр терең маани бардай (Айтматов).
  1. 2.                  Көңүлсүз, капалуу, көңүлү чөгүңкү. Эртеден бери муңайым болуп, басмырт жүргөн Айганыш эле (Сыдыкбеков).
  2. 3.                  Акырын, жай, басыңкы. Кыздын үнү басмырт чыкты (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Токтоо, салмактуу, оор басырыктуу. Даниярдын унчукпас, басмырт мүнөзүндө кандайдыр бир терең маани бардай (Айтматов). 2. Басыңкы, акырын, пас. Кыздын үнү басмырт чыкты (Сыдыкбеков). 3. Көңүлү басыңкы, чөгүңкү, көңүлсүз. Шайдоот кыз күн өткөн сайын оор басмырт тартып, ойлуу боло баштады (Каимов). Эртеден бери муңайым болуп басмырт жүргөн Айганыш эле (Сыдыкбеков).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. лит. тамсил;
2. чаще мн., перен. (выдумка) куру жомок (чындыкка туура келбеген, калп);
соловья баснями не кормят посл. куру аякка бата жүрбөйт; булбулга жомок аш болбойт.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Суу токтотуп жасаган көлчүк, көлмө.
  1. 2.                  геогр. Бир көлгө куйган бардык чоң сууларды жана анын куймаларын бнриктирип турган территория; көлгө, деңизге тиешелүү аймак.
  2. 3.                  геол. Тоо кендери жайлашкан жер.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. (искусственный водоём) бассейн (жасалма көлмө);
бассейн для плавания сүзүү үчүн жасалган бассейн;
2. геогр. бассейн (өзөн өзүнүн тармактары менен агып өткөн территория же бир көлгө куйган бардык өзөн);
бассейн реки Сыр-Дарьи Сыр-Дарыя өзөнүнүн бассейни;
3. геол. бассейн (казылып алынуучу байлыктар жаткан жай);
каменноугольный бассейн таш көмүр бассейни.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Суу токтотуп жасалган көлмө, көлчө. Болот куду балыктай сүзүп, бассейндин тигил же бул четине тез эле жетип барат («Жаш ленинчи»). 2. өзөндү куймалары менен бирге алгандагы территория, чоң өзөндүн алабы, көлдүн, дениздин алабы. 3. Кен жаткан зор аймак.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понижаться, спадать (напр. о воде); затихать (напр. о ветре);
суу бастады вода спала;
шамал бастайын деди ветер начал затихать;
"бастады биздин арбак" деп фольк. заплошал наш дух-покровитель (т.е. нет от него уже помощи).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аты аталбаган белгисиз бирөөнү, бир нерсени билдирүүдө же «дейт-дейт», «имиш-имиш» сөздөр жөнүндө жалпылап айтууда колдонулат. Баландын аты күлүк деп, Бастандын аты күчтүү деп («Манас»). Кел, кетелик, Аткантаң, Балан-бастан дебестен (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что бастан;
баланча койчунун коюна карышкыр тийиптир, бастанча койчунун бир коюнун куйругун жулуп кетиптир у такого-то овчара на овец волк напал, у такого-то овчара у одной овцы курдюк оторвал;
балан ишти бастанчадай иштеп койсун вот то-то дело пусть он сделает вот так-то.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир. -кирг.
1. держать пари;
2. состязаться, тягаться;
басташарга жоо издеп, барар кезиң боло элек фольк. ещё не настало время, чтобы ты искал противника для состязания (с ним);
Каныкей менен касташты - уяты менен иши жок - ургаачы менен басташты фольк. с Каныкей он враждовал - до стыда ему дела нет - он с женщиной тягался.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Теңтайлашуу, өзүн тең, барабар, бир катарга коюуга аракет кылуу, эрегишүү. Балтыр этиң толо элек, Басташар кезиң боло элек («Сейтек»). Кыз Сайкал, Манас касташып, Балакеттүү баатыр кыз Манас менен басташып («Семетей»). Бала күндөн басташып, Тийише жүргөн бул Коңур («Манас»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. низкого роста, низкорослый;
бою бастек или бастек бойлуу низкорослый;
бастек бою бар, аңтара кийген тону бар загадка роста он низкого, шуба на нём навыворот (отгадка кой овца);
2. чайник;
ак бастекке чай демдеп фольк. заварив чай в белом чайнике.

Киргизско-русский словарь Юдахина
бастык I
низость, трусость;
аттиң арман, жаштыгым! о, чоролор, бастыгың! фольк. эх, жаль, что я молод! эх, соратники, как вы низки!
бастык- II
остепениться, войти в разум;
бастыга элек мас бала ещё не остепенившийся, легковесный паренёк.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от бас- IV
1. придавливать;
бегирээк бастырып кой придави посильнее;
2. подчинять;
белден бастыр- или белди бастыр- дать себя подавить;
бастырбастан белиңди, бай-манаптын баарын жык! стих. не давай себя подавить, повергай всех баев и манапов!;
3. молотить;
4. делать меховую опушку;
кундуз бастыр- делать опушку из выдрового меха;
5. заставить печатать;
китеп бастыр- печатать книгу;
6. идти, ехать шагом;
ат бастырып кел- или ат менен бастырып кел- приехать на лошади;
бастырган барар, чапкан калар погов. тише едешь - дальше будешь (букв. едущий шагом доедет, а скачущий отстанет);
кайдан бастырдыңар? откуда путь держите (идёте, едете) ?
аңгыча Бөкөй бастырып, айылга барып калды эми фольк. тем временем Бокей поехал, и вот приехал он в аул;
сенин айлыңа киши бастырып барбайт в твой аул люди не ходят (ты скуп);
илгери бастыр-
1) двигаться вперёд;
2) давать возможность или заставлять двигаться вперёд;
кыялга бастыр- предаваться мечтам;
кыялга бастырып, терең ойлонот он предаётся мечтам, глубоко задумывается;
көчүгүмдү жер бастырбай см. көчүк.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. бас этишинин аркылуу мамилеси. Талпынган кезде сүйөөлөп, Тай-тайлап өзүм бастырган (Маликов). 2. Атчан жүрүү, унаа минип жүрү. Акия жээрде кашканы алчактатып, Чаргынга тизе кагыштырып жанаша бастырды (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Астына мал байлоочу же отун, майда-барат нерселерди коюучу бир тарабы ачык сере. Бастырманын астында эки ат турат (Жантөшев). Андрей эрте туруп алып уюна чөп салып, бастырмасынын үстүндө жүргөн (Байтемиров). 2. Бастырык. Чөптү бастырма менен бастырды.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАСЫЗ — этноним, кыргыз элинин сол канатына жаткан уруулардын бири. «Манаска» анын баатырдык-тарыхый эпос болуп калыптануу мезгилинде кирген деп болжолдоого болот, чыгармада сырткы жоо менен кармаштарга башка уруулар менен бирдикте катышып келгени айтылат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о коне) ход, шаг, аллюр, бег;
аттын басыгы ход лошади;
жорго басык (лошадь) с мелким ходом (напоминающим иноходь);
2. перен. манеры, поведение;
басыгын жазбаптыр он держит себя по-прежнему (в положительном смысле);
мурунку басыгынан танып койгон эмес от прежнего своего поведения он не отказался;
басыгы бузук нечестный; развратный.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аттын же башка минилүүчү малдын баскан жүрүшү. Жаныбар күлүк болбогону менен, басыгы шайтандай, алыскы жолго муңайбаган мал (Каимов). Карала өгүз каалгып көнгөн басыгынан танбады (Бейшеналиев). || Кадамдай баскан жүрүш. Менин басыгыма салып, тепкичтер аркылуу жогору карай бут шилтей берди (Мавлянов). 2. өт. Жүрүш-туруш. Басыгы башкача боло баштады. Басыгынан бузулду.

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от бас- IV;
ооруганы басылды у него боль утихла;
үнү басылды он замолк;
жаан басылды дождь перестал;
эл аягы басылгандан кийин когда народ перестал ходить, когда движение прекратилось;
элдин аягы басылбай, бири кирип, бири чыгып один входит, другой выходит (всё время кто-то есть);
энчиге басыл- см. энчи 1.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. давление;
кан басымы мед. кровяное давление;
2. грам. ударение;
чоң басым главное ударение;
кичи басым второстепенное ударение;
басым кел- или басым бол- превосходить в чём-л.;
күчү басым келди он оказался сильнее;
бармак басым (о площади) крохотный;
бармак басым жер крохотный клочок земли (букв. площадь земли размерами с кончик пальца);
тулку бойдо ачык жок, бармак басым кенедей фольк. на всём его теле нет открытого места - ни крошки, ни чуточки.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Нерсенин үстүнкү бетине аракет кылуучу күчтүн ошол беттин аянтына болгон катышы аркылуу өлчөлүүчү чоңдук. Суунун басымы. Газдын басымы.
  1. 2.                  Бир заттын экинчи бир заттан болгон көптүгү, артыкчылыгы. Күчү басым келди.
  2. 3.                  грам. Сөздүн бир муунунун башка муундарга караганда көтөрүңкү айтылышы.

Бармак басым — кичинекей, бармак ордундай.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАСЫМ — кеп бирдиктеринин бир бөлүгүнүн күчтүү сезим менен айтылышы. Сөздөгү Б. (сөз ичинде), кептеги Б. (кайсы бир ойго түшкөн Б.) жана логикалык Б. (сүйлөмдөгү бир сөзгө түшмө Б.) болуп бөлүнөт. Эпосто көркөм каражат катары мунун акыркы экөө кеңири жолугат: «Алтын курбу доолду Даң дедире салганы» (Сагымбай Орозбаков, 3. 138); «Атсыз келген чорого Аркар аяк, жез билек Ат мингизди зор Манас» (Саякбай Каралаев, 1. 196). «Манас» эпосунун аткарылыш обонунун да ар бир манасчыга тиешелүү өзгөчөлүгү бар. Манасчы ырды айтуу ыкмасына жараша муундарга, сөздөргө, кээде бир нече сүйлөмгө да өзгөчө В. берип айтат. Бул, албетте, кайсы бир ойдун же сөздүн окуяга тиешелүүлүгүн, мааниси зор экенин билдирет, к. Манастын обону.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Нерсенин үстүңкү бетине аракет кылуучу күчтүн ошол беттин аянтына болгон катышы аркылуу өлчөлүүчү чоңдук, кысым. Атмосфералык басым. 2. Бир нерсенин экинчи нерсеге караганда көптүгү, артыкчылыгы, басымдуулугу. Күчү басым келди. 3. Упай оюнунда атып алынган чүкөлөрдүн ойноп жаткан кишиге өтүүчү үч чүкөдөн турган тобу. Отуз басым чүкөнүн он беш басымын ажыратып алуу керек эле. Бир басымдан кемиди. 4. Сөздүн составындагы муундун өзгөчө күч менен айтылышы, ошол муундагы ундүүнүн башкаларга караганда көтөрүңкү үн менен айтылышы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Саны, көптүгү жагынан бир кыйла артык, көбүрөөк. Басымдуу көпчүлүк. || Артыкчылыгы бар. Төмөнкү айылдан чыккан балбан күчү басымдуу экендигин көрсөттү. 2. Басым күчү бар. Эки атмосфералык басымдуу күч.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. понижаться, делаться низким;
2. хромать на переднюю ногу (от засечки или от растяжения сухожилий нижнего сустава);
ат аягынан басынды лошадь охромела;
колу басынган ат лошадь, хромающая на переднюю ногу;
3. перен. становиться нерешительным, запуганным;
басынып-корунуп боязливо;
Күлайдын анысы уяңдыгынан, мококтугунан басынып-корунуп олтургандыгы эмес эле это было не потому, что Кюлай была застенчива, нерешительна и чувствовала себя запуганной;
басынып калыптыр он потерял свой авторитет, он потерял своё (былое) положение (и стал теперь нерешительным);
эки колун тең басынып почувствовав своё полное бессилие;
басынып элден адаштым фольк. я унижен и разлучён с народом своим;
малайлардан басынып, байлар калды үлдүрөп фольк. батракам баи покорились и потеряли силу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзүн өзү башкалардан төмөн сезген абалда болуу, кемсинүү, чүнчүп жүдөө, корунуу. Өксүк менен келатам, өмүрүмчө басынып (Токтогул). Торгой элем, басылдым, Тобурчак элем, басындым (Токтогул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от басын-
1. доводить (коня) до хромоты;
атымды басынтып алдым мой конь охромел (букв. я довёл коня до хромоты);
2. перен. унижать, презирать, ни во что не ставить;
конок тандап конот, ууру басынтып уурдайт погов. гость ночует по выбору, а вор ворует у того, кого не боится.

Киргизско-русский словарь Юдахина
слегка придавленный; прям. , перен. подавленный;
көңүлү басыңкы, кабагы бүркөө настроение у него подавленное, брови нахмурены;
басыңкы үн менен тихим голосом (напр. говорить).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Пас, төмөн, катуу эмес. Мурунку калыбынча үнүн басыңкы чыгарды («Ала-Тоо»). Айдарбек датка басыңкы үн менен каардуу айтты (Жантөшев). // Сабыры суз, кабагы салыңкы, көнүлсүз. Аскардын сабыркаган адамдай басыңкы түрүн көрүп, оорубу деп да ойлогом («Ала-Тоо»).

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
publisher (noun)
The entity that offers a remote workspace, typically the IT department of the user’s employer, a business partner or vendor, or less commonly, a commercial application service provider. The publisher may use a digital certificate to represent its identity and use it to sign the remote resource files (e.g. RDP files) and the workspace description (e.g. Web Service feed).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. давление;
отоо басырыгында калган эгиндер посевы, заглушённые сорняками;
2. южн. верёвка, которой во время ветра прикрепляется түндүк (см.) к колу, вбитому в землю;
3. южн. то же, что албарсты;
басырык басты (во сне) душит басырык;
басырык сал- подавить, унизить;
оор басырык хладнокровный; положительный, серьёзный;
ооз басырык то, чем платят кому-л. за молчание (напр. плата за то, чтобы знающие о проступке молчали);
ооз басырыгымды бербесең, айтып коём если ты мне не дашь, я скажу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от неупотр. гл. басыр-
придавливаться; сжиматься;
үймөктүн төбөсү абыдан басырылсын необходимо, чтобы верх копны был хорошо придавлен (гнётом);
үч күн мурда калың түшкөн кар анча басырыла элек выпавший три дня тому назад глубокий снег ещё не улежался;
суук топурактын алдында басырылып каласың ты будешь засыпан (букв. придавлен) холодной землёй.