БАСЫМ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Нерсенин үстүңкү бетине аракет кылуучу күчтүн ошол беттин аянтына болгон катышы аркылуу өлчөлүүчү чоңдук, кысым. Атмосфералык басым. 2. Бир нерсенин экинчи нерсеге караганда көптүгү, артыкчылыгы, басымдуулугу. Күчү басым келди. 3. Упай оюнунда атып алынган чүкөлөрдүн ойноп жаткан кишиге өтүүчү үч чүкөдөн турган тобу. Отуз басым чүкөнүн он беш басымын ажыратып алуу керек эле. Бир басымдан кемиди. 4. Сөздүн составындагы муундун өзгөчө күч менен айтылышы, ошол муундагы ундүүнүн башкаларга караганда көтөрүңкү үн менен айтылышы.