БАСА КӨКТӨӨ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Эч нерсеге карабай, өз билгендей, уруксатсыз иштөө, зордоп, өкүм мамиле жасоо. Жол бербегендерди сүрүп ташап, баса көктөп келе берди («Ала-Тоо»). Мал айдатып бара жаткан бир купец, баса көктөп, айыл үстүнө малын каптатып жиберет (Баялинов). Кален эки жолдошун баштап улук үстүнө баса көктөп кирип барды («Кыргызстан маданияты»),