БАСЫМ
Энциклопедия "Манас". ч.1.БАСЫМ — кеп бирдиктеринин бир бөлүгүнүн күчтүү сезим менен айтылышы. Сөздөгү Б. (сөз ичинде), кептеги Б. (кайсы бир ойго түшкөн Б.) жана логикалык Б. (сүйлөмдөгү бир сөзгө түшмө Б.) болуп бөлүнөт. Эпосто көркөм каражат катары мунун акыркы экөө кеңири жолугат: «Алтын курбу доолду Даң дедире салганы» (Сагымбай Орозбаков, 3. 138); «Атсыз келген чорого Аркар аяк, жез билек Ат мингизди зор Манас» (Саякбай Каралаев, 1. 196). «Манас» эпосунун аткарылыш обонунун да ар бир манасчыга тиешелүү өзгөчөлүгү бар. Манасчы ырды айтуу ыкмасына жараша муундарга, сөздөргө, кээде бир нече сүйлөмгө да өзгөчө В. берип айтат. Бул, албетте, кайсы бир ойдун же сөздүн окуяга тиешелүүлүгүн, мааниси зор экенин билдирет, к. Манастын обону.