басмайыл
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюдыТажик тилинде айыл сөзү «басмайыл» дегенди билдирет. Ал эми кыргыз тилинде басма кээде «басмайыл» маанисинде колдонулат. Ошентип, бирдей маанидеги эки сөз биригип, ошол эле маанини билдирип калган (Сейдакматов 1988:48). Айыл сөзүнүн кыргыз тилинде дагы бир мааниси бар: «айыл II кольцо катаура» (Юдахин 1965:36). Кыргыз тилинин түштүк диалектисинде артайыл диалектизми бар: «артайыл южн. то же, что басмайыл (ср. айыл II); жип артайыл тканая подпруга; кайыш артайыл ременная подпруга. (Юдахин 1965:70).