Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАСАНКУЛ (түрк-моңголчо басаң — бешинчи күн, жума жана кул — эркектердин ысымына жалганчу мүчө) — эпизоддук кейипкер, Нескара арык каздырган алты миңден ашуун кишинин башчысы. Ары-бери өткөн жолоочуну кармап алып, атын союп салып, өздөрүнө тыным бербей иштетет. Арык чапкандар да Б-дан коркуп турушат. Манасты өлтүрүп, Жакыптын сан жылкысын тийип кетмекчи болуп, Нескара ал жердеги адамдарды түп көтөрө чогултуп Алтайга жөнөйт. Адашып маңгулдарга өтүп кеткен Нескаранын аскерлери Жакыптыкы деп маңгул байы Жайсаңбайдын жылкысын тийип алат. Жакып деп кармап алмакчы болуп Жайсаңбайды кууп келаткан Б-ду Таноо деген калмак атып өлтүрөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 194, 211 — 215).