Киргизско-русский словарь Юдахина
1. печатный;
жазма эмес, басма не рукопись, а печатное;
басма сөз печать, пресса; печатное слово;
жакшы адамдын сөздөрү кагаздагы басмадай стих. слова хорошего человека подобны напечатанному на бумаге;
2. издательство;
мамлекет басмасы государственное издательство;
көркөм адабият басмасы издательство художественной литературы;
3. один из видов орнамента;
багалегин кайырган, басма кылып сайдырган фольк. штаны сделала с отворотами, украсила орнаментом;
4. (о ткани) набивной;
басма чыт набивной ситец;
5. южн. название болезни горла (в народной медицине - опухоль в горле, на которую давят пальцем).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Тамак оорунун бир түрү.
БАСМА II зат. Китепти басууга даярдоочу, басып чыгаруу иштерин тейлөөчү мекеме. «Кыргызстан» басмасы. Көркөм адабият басмасы.
Басма табак — басылган тексттин көлөмүн эсептөөдө колдонулуучу чен. Отуз басма табак. Он басма табактан турган чыгарма.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Китепти басууга даярдоочу, басып чыгаруучу иштерин тейлөөчү мекеме. Республикалык «Кыргызстан» басмасы. «Илим» басмасы. «Мектеп» басмасынан чыгарылган китептер. 2. Басмакана тарабынан басып чыгаруу процесси. Басмадан чыгуу. Басмага кабыл алынды. 3. сүйл. Басмакана. Чыгарып жатат басмадан Элибиз китеп, томдорун (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
басмайыл катаур
(подпруга, идущая через седло);
кош басмайыл чуйск. двойной катаур;
басмайыл өткөзөр отверстие в потнике, через которое проходит катаур;
ишинин басмайылы чечилип калган у него дело разладилось.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Тажик тилинде айыл сөзү «басмайыл» дегенди билдирет. Ал эми кыргыз тилинде басма кээде «басмайыл» маанисинде колдонулат. Ошентип, бирдей маанидеги эки сөз биригип, ошол эле маанини билдирип калган (Сейдакматов 1988:48). Айыл сөзүнүн кыргыз тилинде дагы бир мааниси бар: «айыл II кольцо катаура» (Юдахин 1965:36). Кыргыз тилинин түштүк диалектисинде артайыл диалектизми бар: «артайыл южн. то же, что басмайыл (ср. айыл II); жип артайыл тканая подпруга; кайыш артайыл ременная подпруга. (Юдахин 1965:70).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(тартма) — «Манастан калган басмайыл, Ак быштандап тарттырып» («Манас»). Бул — кайык жана өрмө аркылуу бүткөрүлгөн ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Унаага токулган ээр-токумду бекитүү үчүн белинен тартууда колдонулат. Анын бир учунда жазы темир тегерек (260°) 1-огоосу болот. Ал ээр-токумга экинчи тарабындагы ошондой тогоосуна кайыштан тилинип улаштырылган ичке боо аркылуу курчаланат.
      Басмайылдын «ээр бастыргычы» кайыштан болот да, калган тарабы бүтүн эки метрден ашпаган «беш кашка», «жети кашка», «суйсалма» өрүмү бир кош өрмө кайыштан жасалат.
      Көрпөчөгө басмайылдын канжыгадай эки тал кайышы «ак быштан» курчалат. Басмайыл боору өрүмдөрдөн турат. Болжолдо 74—78 смдей өлчөнөт да, ал кош өрүмдөрдүн жазылыгы 1—1,5 смге барабар. Көрпөчө бастыргычтын жазылыгы 1,5 смдей болушу зарыл. Айрым жерлерде солоңдорду «куюшкандын салпынчагы» дейт.
      Кайыш түймөлөрү аркылуу бүткөн басмайыл да болот. Аны беш жерден түйүп чыгарат. Ошондуктан, «беш кумпа» деп атайт. Зергерлер басмайылдын күмүш жалатылган тогоосуна «айчык», «из», «толкун сызык» сыяктуу көркөмдүктөр келтирип, түрлөнтүп жиберет. Кадимки темир тогоого күмүш зым тартып жалатып, өзүнчө кооздук жараткан усталар да болгон. Тогоонун бекиткен башына басмайылдын кайышына төрт чарчы элидей жерине да күмүш чабуу салты бар (күмүш чабуу — темирге жалатылган күмүштү кайыш жыгач, мүйүз өңдүүлөргө кадоо). Ал урулган шөкөттөрдүн ортосунда да тегерекчелеп, анын ичи «чымын канаттанып», «жылдызчаланып» өзүнөн-өзү эле кереметтенип тургандай сезилет.
      Басмайылдын тогоосу үчүн калыңдыгы 2,5 мм жезди же колону керектейт. Тогоонун туурасы алты смге барабар. Аны зергерлер кооздоодо жарым айлана формасындагы темиринин четтерин жон-жон келтирип, ич жагынан оюм-чийим түшүрүшөт. Мындай окшоштуктар кайыш кире турган жеринде да болот. Мында темир бетин тешип коюу, ачык коюу, көзөп коюу, чегелеп (мыктап) коюу өңдүү чапкылоо жолдору аркылуу басмайылдын тогоосу көркүнө чыгат. Андай кооздук кайышта да чабылат.
      Басмайыл — негизинен «жээк», «беш кашка» жана «жети кашка» өрүмдөрүнөн турат. Аны өзгөртүп 13 тал (тилим) аркылуу эки четин «суйсал өрүм» кылып, ортосуна «жээк өрүмдү» берүүгө болот. Мунун ортосу дагы «кош өрүм», эки тарабына (жээги) «жылаан боор өрүмү» түшөт. Демек, бул — татаал өрүм. Ал «майда өрүмдөр» деп аталат. Басмайылдын кошундуларын өрүүдө өзүнчө түйүн чыгарылат. Жүгөндү, көмөлдүрүктү, куюшканды өрүүдө мындай ыкма тогоону көк менен бекитүүгө караганда сыйда көрүнөт. «Калмак өрүмгө» 12 тал алсак, анда да эки чети «жээк өрүмү», ортосу «суйсалма өрүмгө» өтөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Токулган ээр-токумдун үстүнөн бастыра алып унаанын боорунан өйдө тартылып байлануучу кайыш, тасма. Алым тору жоргону сарайдын алдынан чыгарып, басмайылын чыңдады (Жантөшев). Аттардын басмайылдары бошотулуп, отко коюлган (Абдукаримов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Айыл сөзүнүн өзү эле тажик тилинде «басмайыл» маанисинде колдонулат (ТадРС, 20). Кыргыз тилинин өзүндө да басма сөзү «басмайыл» маанисинде кээде айтылат. Демек, бирдей маанидеги эки сөз биригип, кайра эле ошондой маани билдирип калган. Бул сөз кыргыз тилине монгол тилинен кабыл алынган. Монголчо барих этиши «карма, тут» деген маани берет. Ага -мта мүчөсү жалганып, барымта сө-зү келип чыккан. Монгол тилинде ал сөз «факт, негиз, далил» деген маани берет. Кыргыз тилинде барымта сөзү андан бир аз өзгөчөлөнгөн мааниде кабыл алынган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАСМА КЕЛИШИМИ – бир тарабы (автор ) жараткан чыгарманы экинчи тарабы (басмакер) басып чыгаруу (кайра басуу) милдеттенмесин ала турган жарандык-укук келишими. Чыгарманы басып чыгаруу мөөнөтү (автор чыгармасын басуучуга бере турган мөөнөт дагы) келишим аркылуу аныкталат. Адабий чыгармага карата өз укугун берүүнүн (жарыялоонун жана/же таркатуунун) эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. Ал автордук келишим жөнүндөгү жалпы жобого баш ийет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. поносить, оскорблять, унижать;
баш көтөрбөй жатканда, басмарлады, тилдеди фольк. когда (больной) лежал, не мог поднять головы, он поносил и ругал (его);
2. брать силой; прям. , перен. подавлять;
басмарлап бир тогузга бизди жыгып стих. силой наложив на нас девятку (см. тогуз 2).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Ийне сайманын бир түрү. Мында чеберлер адаттагыдай жердиктин алдынан учук өткөрүшөт. Абалы башынан баштап белгилүү аралыкты (бир см. дей) аягына дейре бир сайып алат. Аны кайра башынан дагы үч-төрт жолу сайып тартат. Эми ортосунан эки курдай тигил сайылган жиптерди байлай саят. Сайма учуна жетип, жогорудагыдай сайылган жиптерди кайра байлай саят. Анын жогорудагыдай үч-төрт жолу жарыш сайып алууну кайрадан баштайт. Демек, басма саймада жарыш саюу жана байлай саюу менен атайын чийилген көркөм көчөттөрдүн жолу боюнча жогорудагыдай ыкма кайталана берилет.
      Басма сайма менен «кийим жапкыч», «терезе парда», «кровать жапкыч», «телевизор жапкыч», «газета салгыч», «радио жапкыч» жана ушул сыяктуу үйдүн жасалгасынын жүзүн ачуучу буюмдар сайылат. Басма саймасы менен көркөм көчөттүн ордуна көбүнчө гүлдөрдүн түрүн саюу жүзөгө ашып келген.
      Уз басма саймасын саюуга отурууда эрикпей улам жердигин карап кылдат саят. Мисалы, сайылып жаткан көчөттү толтуруп жатканда, ошол тапта байкабай жипти катуу тартып алса, сайылып жаткан кездеменин бырышып калышы мүмкүн. Ал эми сайым өтө эле бош ташталса, жиби чыгып калат. Ошондуктан, саймачы жипти катуу да, бош да тартпайт. Мында сайманы баштаганда кездемеге жиптен узунураак бир таякча алат да, түшүрүп жаткан көчөттүн көлөмүнө жараша белгилүү бир шартта кайрадан үстүнөн бастырып жүрүп отурат. Мына ушул көчөттүн ичин толтуруп бүтмөйүнчө ушул эле ыкманы кайталап кете берүү керек.
      Басма саймасынын да башка саймалардан бөтөнчөлөнгөн кооздугу бар. Ал жердикке бышык болуп түшөт. Жердик эскирип, жыртылып калганда да басма сайманын жиби ошол бойдон сакталып кала берет. Албетте, ар бир чебердин чыгармачылык «кыялдануусу» ар башкача сезилет. Бирок, кээ бир уздар көрүп сайганды жакшы көрүшөт. Жиптердин өңүн көк, ак, кызыл, кара жана жашыл менен ич ара жупташтырып берүүдө уздук мамиле керек.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАСМАСӨЗ БАСЫЛМАЛАРЫН ТАРАТУУ – жазылууну жүргүзүү, басмасөз басылмаларына тапшырыктарды иштеп чыгуу, жөнөтүү, басмасөз басылмаларына жазылуу жана чекене сатууга ташып жеткирүү жана жеткирүү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
тар. Орто Азияда Совет бийлигинин орнотулушуна жана анын чыңдалышына каршы чыгып, контрреволюциячыл кыймылга катышкан, колуна курал алып, элди талап-тоноо, өлтүрүү жолуна түшкөн адам. Басмачылар ок жаадырып, Тоодон таштар кулатты (Бөкөнбаев). Аркамдан түштүң басмачы, Атаңдын өчү бар беле? (Барпы).