БАСМАЧЫ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015тар. Орто Азияда Совет бийлигинин орнотулушуна жана анын чыңдалышына каршы чыгып, контрреволюциячыл кыймылга катышкан, колуна курал алып, элди талап-тоноо, өлтүрүү жолуна түшкөн адам. Басмачылар ок жаадырып, Тоодон таштар кулатты (Бөкөнбаев). Аркамдан түштүң басмачы, Атаңдын өчү бар беле? (Барпы).