Басма келишими
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)БАСМА КЕЛИШИМИ – бир тарабы (автор ) жараткан чыгарманы экинчи тарабы (басмакер) басып чыгаруу (кайра басуу) милдеттенмесин ала турган жарандык-укук келишими. Чыгарманы басып чыгаруу мөөнөтү (автор чыгармасын басуучуга бере турган мөөнөт дагы) келишим аркылуу аныкталат. Адабий чыгармага карата өз укугун берүүнүн (жарыялоонун жана/же таркатуунун) эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. Ал автордук келишим жөнүндөгү жалпы жобого баш ийет.