БАСКЫЧ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Өйдө басып чыгуучу жана басып тушүү үчүн жасалган тепкичтин бут коё турган жалпак таманы, улам биринен бири жогору болуп отурган катмары. Турсун вагондуң, эң төмөнкү баскычына тура калып желегин көтөрдү (Сасыкбаев). || Баскычтуу тепкич. Баскычтан түшүп келатып чал бизди алкап коё берди (Элебаев). 2. Бири-биринен айырмалоочу даража, же бири-бирине удаалаш бөлүк. Алып жүрүүчү ракетанын экинчи баскычы.