этиш.1. Белгилүү бир жерге, орунга баруу. Шаарга жеттик. Чуу чыккан жерге элден мурун жетет (Байтемиров).
2. Жетиштүү болуу, кемип калбоо, аз болуп калбоо. Кара нан жетпей ич ооруп, Турмушу кетти тарыга (Токтогул).
3. Белгилүү куракка келүү, белгилүү жашка чыгуу. Өзү ушул жашка келсе, балдары эр жетип калгандыр (Касымбеков).Бойго жеткен уландар.
4. Бир нерсенин учуру, убактысы, маалы келүү; акыркы чегине баруу. Күн жетти, мына эми жеңиш бизде (Нуркамал). Тубар койлор желиндеп, Туур маалы жеткенде (Осмонкул). Ажалы жетти.
5. Тилеги, максатыж.б. орундоо; ээ болуу. Анаржан, мен жете албай ал тилекке, Тарттырдым Касым арсыз эселекке (Абдыраманов). Даңкка жетти. Муратка жетти. Максатыңа жеткин! Жетпесе ар ким сүйгөнгө, Таалайы анын байланат (Жантөшев).
6. Жеткиликтүү, жетиштүү болуу. Мага ушул айткандарың эле жетет, калганын жөн эле кой. («Ала-Тоо»).— Жетет, мындан кийинки келген машиналарды башка жакка жөнөткүлө («Ала-Тоо»).
1. достигать, доходить, доезжать; шаарга жеттик мы достигли города, мы прибыли в город; муратка жет- достигнуть желаемого, достигнуть цели; кууп жет- догнать; кууп жетип, озуп кет- догнать и перегнать; ат жеткен жер дальние края (букв. место, которого достигает лошадь); ат жеткен жерге баарына кабар бердик мы широко оповестили; мы послали весть в самые отдалённые места; ажалы жетти его смертный час пробил; боюм жетпейт я не достану (мой рост мал для этого); акыл жетпейт уму непостижимо; көзү жетти 1) он охватил взглядом; 2) он убедился, удостоверился; көз жетпейт 1) не видно, недоступно глазу; 2) перен. (это) не убеждает, неубедительно; сөзүнүн чындыгына көзү жетти он убедился в правдивости его слов; жетээр-жеткиче (о расстоянии) вплоть до..., до самого...; Фрунзеге жетээр-жеткиче үчүнчү скорость менен айдап келген (шофёр) гнал на третьей скорости вплоть до Фрунзе; жете 1) в достаточной степени; жете окуган очень учёный; 2) с предшеств. дат. п. жете вплоть до...; бүгүнгө жете эл оозунда келе жаткан сөз (об этом) до сего дня говорит народ; кечке жете до вечера, вплоть до вечера; ошол замандан баштап, бул заманга жете с того времени и вплоть до настоящего времени; Дунай дарыясына жете вплоть до реки Дуная, до самого Дуная; 2. догнав, стать равным; сравняться; жарды байга жетем дейт, бай кудайга жетем дейт погов. бедняк помышляет сравняться с богачом, а богач - с богом; 3. возыметь действие; ага сөз жетпейт словами его не проймёшь; кой каргышы бөрүгө жетпейт погов. овечье проклятие на волка не действует; арамдыгың өз башыңа жетет твоя подлость против тебя; 4. обычно в отриц. обороте достигнуть чего-л., получить что-л.; бир кезде нанга жетпеген одно время он (даже) хлеба не имел; колум жетпейт южн. у меня времени нет, мне некогда; жеткен митаам завзятый плут; жет-кайтка за тридевять земель, на край света, в дальние-предальние края; жет-кайтка жете өтөрбүз фольк. мы пройдём на край света; бирөөн айдап жөнөттү жет-кайт жердин боюна фольк. одного из них он угнал на край света; жете бербеген что-то около, почти, чуть меньше; колумда онго жете бербеген кара, жыйырмадай майда жандыгым бар у меня есть что-то около десятка крупного и двадцать (голов) мелкого скота; академиялык саатка саал жете бербейт чуть меньше академического часа; кудайдан жетсин пусть бог рассудит; бог (ему, тебе) судья; бойго жет- см.бой I.
1. Белгилүү бир орунга, жайга баруу, белгилүү бир жерге келүү. Чуу чыккан жерге элден мурун жетет (Байтемиров). Өзүлөрүнүн участогунун чет жагына жетип токтой калды (Байтемиров). 2. Жетиштүү болуу, кемип калбоо, толук болуу. Кара нан жетпей ич ооруп, Турмушу кетти тарыга (Токтогул). Бир сыйра жеткенде, кымыз серке чаначтын колуна дейре түшө түштү (Сыдыкбеков). || Жеткиликтүү болуу. Мага ушул айткандарың эле жетет, калганын жөн эле кой («Ала-Тоо»). 3. Белгилүү бир куракка, жашка келүү. Мен Байымбет акынга, Карылык жетип асылды (Тоголок Молдо). Сиздин жашыңызга жетсек жаштардан сый көрөрбүз (Сыдыкбеков). || Белгилүү бир сан чегине келүү. Коюбуз 32 миңге жетти, – деди Курман (Убукеев). 4. Бир нерсенин учуру, убактысы келүү, маалы болуу. Тубар койлор желиндеп, Туур маалы жеткенде (Осмонкул). Күн жетти, мына эми жеңиш бизде (Нуркамал). || Белгилүү бир чекке чейин келүү, жетигүү. Камка үстүндөгү эскилиги жеткен чапанынын чөнтөгүнө колун салды (Сыдыкбеков). Арыктыгы жеткен соң, Ак себептен баспады (Тоголок Молдо). 5. Анык, абдан даана болуу, акырына чейин чыгуу. Жеңемдин сөзүнүн көпчүлүгүнө жете түшүнө албасам да ордуман тура калдым. Акылсыз адам көп чыгат, Өткөн ишти кектеген, Акырына жетпеген (Токтогул). 6. Тилеги, максаты, ойлогон ою ж. б. ордунан чыгуу, орундоо. Ал тилекке жеттик, кирдик окууга (Токомбаев). Эсен барсам элиме, Тилегиме жетемин (Токтогул). 7. Кандайдыр бир нерсеге, буюмга ж. б. ээ болуу. Көптөн көксөгөн буюмуна жетти. 8. Бир нерсени аткарууга, орундоого мүмкүнчүлүгү болуу, күчү келүү, орундай алуу, аткара алуу, колунан келүү. Алы жеткен оокатына каралашып турду (Токтогул). Чабышып чама жеткисиз, Кызыталак Төштүккө, Чарпышкан аман кежисиз («Эр Төштүк»). || Кадырлоо, сыйлоо, баалай. алуу сыяктуу мүмкүндүгү болуу. Карын бөлө болсо да, Кадырыма жетпесе, Көрүнөйүн көзүнө! («Семетей»). Бабабыз черткен бул комуз, Баркына жетип ырдайлы (Баялинов).
предки; происхождение; жетеси жаман со скверными задатками; жетең жаман, киши болбойсуң у тебя плохие задатки, из тебя человека не выйдет; жетеге жетчү кек месть, переходящая из поколения в поколение.
1. Жети атанын бири – жетинчи ата. Жетинчи атаң – жетеңди билесиңби? (Аман Көчөрбай уулу). 2. Түпкү укум-тукуму, ата-бабасы, теги, түбү, негизи. Жигиттин гүлү Манапбай, Жетесин тарткан бек бекен? (Сыдыкбеков). Кекенип турган өкүнүч, Жетеге жетчү кек болуп («Семетей»). Жетеси акын эле... Тагдыр аны, жетелеп кудум сокур таягындай (Токтомушев).
1. ведомый в поводу; жетекке жүрбөйт он и в поводу не идёт; жетек ат лошадь, ведомая в поводу; заводная лошадь, на которую навьючивалась поклажа; 2. разг. руководство.
зат.1. Жетелөө, жетелеп, коштоп алып жүрүү абалы.Жетекке жакшы жүргөн ат. Жетекке бош ат коштогун («Курманбек»).Жүрө берет жетекке, Жүккө бели талыбас, Катар басып жайылган Колхоздордун төөсү бар (Осмонкул). 2. Бирөөнүн айтканы менен болуу, бирөөнүн жетекчилиги менен жүрүү. [Чүкөбай] Зууранын жетеги, кеңеши менен иштээр эле (Баялинов). — Мен качанга чейин сенин жетегиңде жүрөм (Каимов).
1. Жетелеп, коштоп алып жүрүү абалы. Жетекке бош ат коштогун («Курманбек»). Жүрө берет жетекке, Жүккө бели талыбас, Колхоздордун төөсү (Осмонкул). 2. Бирөөнүн айтканы, дегени менен болуучулук. Мен качанкыга чейин сенин жетегиңде жүрөм (Каимов). Көрүнгөндүн жетегине сүйрөлө берчү жарым эс эмесмин, – деди Самар («Ала-Тоо»). || Бирөөнүн жол көрсөтүүсү, жетекчилиги астында болуучулук. Чүкөбай Зууранын жетеги, кеңеши менен иштер эле (Баялинов).
этиш.1. Коштоп алуу, жетелеп алуу. Жыгып алып атыңы, Жетектейсиң басмачы (Барпы).
2. Бирөөнү өзүнүн ою менен башкаруу, өзүнө багынтуу, жетекчилик кылуу.
1. Коштоп алуу, жетелеп алуу. Күймөлбөй ат жетектеп жөнөп калдым (Үмөталиев). 2. Бирөөнү өзүнүн айткан-дегенине көндүрүү, оюндагыдай башкарып алуу. || Жетекчилик кылуу, башкаруу, жол көрсөтүү, сүрөөгө алуу. Нуралы өздүк көркөм чыгармачылык кружогун жетектеп, дал ошол жерде иштейт («Ленинчил жаш»). Начарды жетектеп, тыңды ого бетер кош колдоп колтуктайбыз (Бейшеналиев).
leader (noun)
A line or row of characters used to lead the eye from a data label to a data point, or from a callout to the appropriate part of an illustration.
руководитель; руководящий; жетекчи кызматчылар руководящие работники; жетекчи органдар руководящие органы; партиялык жетекчи органдар руководящие органы партии.
Башкаруучу, башчылык кылуучу, жетекчилик кылуучу, жол көрсөтүүчү. Адашкыс кенен, даңгыр жолго салып, Бардыгын бир жетекчи баштагандай (Үмөталиев). Курулуштун жетекчилери менен болгон чогулуштан кийин, Байсалов кошко кеч кайтты (Сасыкбаев).
зат. Башкаруучулук, жол көрсөтүүчүлүк, башчылык кылгандык. — Биз да ошол Аким жетекчилик кылган колхозго саякатка барабыз, агай! (Сыдыкбеков). [Мукай]«Жаш гвардия» атындагы отрядга жетекчилик кылат (Таштемиров).
Башкаруучулук, жол көрсөтүүчүлүк, башчылык кылуучулук. – Биз да ошол Аким жетекчилик кылган колхозго саякатка барабыз, агай! (Сыдыкбеков). Мукай «Жаш гвардия» атындагы отрядга жетекчилик кылат (Таштемиров).
этиш.1. Колунан кармап же коштоп ээрчитип алуу. Чаргын Айшаны антаңдатып жетелеп алган (Сыдыкбеков). Алды жакта атты жетелеп Алымкул баратат (Абдукаримов). 2. Жол баштоо, жол көрсөтүү, башкаруу, ээрчитүү. Комсомолдор алдыбызда Жол көрсөтөт жетелеп (Осмонкул). Жетелеп төтө менен алып барчу, Кулак сал, Лениндин партиясы (Турусбеков). Туйлаган азоо турмушту Ээрчиттик бүгүн жетелеп (Аалы).
1. Колунан кармап же коштоп ээрчитип алуу. Маданият кичинекей бөбөгүн жетелеп ойноп жүрдү (Сасыкбаев). Коштоо атын жетелеп, Курман илгери жөнөдү (Убукеев). Ороктун үч эрден чыккан сойкусун жетелеп келген тура, мүшкүл (Сыдыкбеков). 2. Акыл айтуу, жол көрсөтүү, жол баштоо, ээрчитүү. Ар сабактан көмөктөш, Алга сени жетелеп (Нуркамал). Эрк таңына эмгекчини жетелеп, Бакты берип маңдайынан сылаган (Калык).
Тарыхый жагынан алганда жетеле этиши жет+еле морфемаларынан куралган. Байыркы түрк тилинде йет этишинин өзү эле «жетеле» маанисин берген (ДТС, 258). Ошол уңгу сөз кыргыз тилинде байыркы калыбында сакталбай, ага кыймыл-аракеттин көп кайталанганын билгизе турган -ала мүчөсү жалганган түрү менен бирге айтылганы гана колдонулуп калган. Ал эми жетек, жетекчи сөздөрүндө этиштин зат атооч жасоочу -ак мүчөсү жалганып, жетек сөзү жаралган.
ЖЕТЕЛЕК — мифтик кейипкер. Жомоктук-мифтик жаныбарлардын арасында суу адамы катары айтылат: «Дагы суунун адамы Жетелек деген жини бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 14).
ведомый в поводу; тот, кого ведут в поводу; азыр мен жетелеме тайлакмын фольк. я ещё пока ведомый в поводу верблюжонок (т.е. не взрослый, не самостоятельный человек).
возвр. отжетеле- 1. быть ведомым в поводу, идти в поводу; алчыланган Тайбуурул жетеленип калыптыр фольк. горячий (конь) Тайбурул (теперь) идёт в поводу (на нём уже не гарцует богатырь); 2. перен. идти на поводу; эскичиликке жетелен- идти на поводу у старого (быта и т.п.), быть в плену у старого.
понуд. отжетеле- 1. заставить вести в поводу; айырмачка таңылып жетелеткен бала ребёнок, который (сидит на лошади, будучи) привязан к седлу и лошадь которого ведут в поводу; төө жетелет- приказать вести в поводу верблюда или караван верблюдов; 2. перен. быть у кого-л. на поводу, позволить кому-л. вести себя на поводу; чылбыр өз колубузда болбой, Саадатка жетелетипбиз ввиду того, что поводок оказался не в наших руках, мы допустили, что нами правит Саадат.
жети жети аркар жети ата жети атаңдын боорун же жети баабедин жети каракчы жети нан жети өмүрү жерге кирүү жети тогоол жети түндө жети шумдуктуу жетилигин берүү жетинин айы (сентябрь) жетилбеген топурак
1. Өз атаңдан тартып жети эсебине чейинки (жетинчисин кошо алганда) аталардын ысмынын тизмеси – эсеби. к. Ата, чоң ата, баба, буба, куба, жото, жете. Жети атаңдын кимдер экенин аты-жөнү менен жаңылбай айтып берсең, алкыш менен ак батанын ээси болдум дей бер (Аман Көчөрбай уулу). 2. Түпкү теги, ата-бабасы. Жети атабыз башынан, Көргөн эмес мындайды (Токтогул). Менин жети атам тегирменчи болуп өткөн (Сыдыкбеков).
Эсине келгидей кылып жазалоо, сазайын колуна берүү. Мен азыр барып, Сасыкбайдын жети атасын көзүнө көргөзөйүн, – деди Кебек карыя (Байтемиров). Арзыкулда эмнеси болсо да бул кемпирдин жети атасын көзүнө көргөзөйүн деген ой туулду (Байтемиров). Уятсыз макоо! Кемпир жети атамды көзүмө көрсөттү дегиң келбейт экен да! («Ала-Тоо»).
Эсине келгидей кылып жазалоо, сазайын колуна берүү. Мен азыр барып Сасыкбайдын жети атасын көзүнө көргөзөйүн, - деди Кебек карыя (Байтемиров). Арзыкулда эмнеси болсо да бул кемпирдин жети атасын көзүнө көргөзөйүн деген ой туулду (Байтемиров). Уятсыз макоо! Кемпир жети атамды көзүмө көрсөттү дегиң келбейт экен да! («Ала-Тоо»).
Большая Медведица (другие названия этого созвездия: Жети Аркар и Жети Каракчы); Ошол Жети Каракчынын аты Жетиген аталып калыптыр фольк. (с тех пор) эти Семь Воров стали называться Жетиген; Жетиген жак или Жетиген тарап или Жетигендин тарабы северная сторона, север; Жетиген кыям см.кыям.
ЖЕТИГЕН — эки жылдыздар тобу: бири — Чоң Ж., экинчиси — Кичи Ж. Бул эки жылдыздар тобунун уюткусу кичи Ж-ге таандык болгон Алтын казык жылдызына байланышкан. Кыргыз элинин уламышында Алтын казыкка Ак боз ат, Көк боз ат байланып турат. Ал эки жылдыз Алтын казыкка аябай жакын жайгашкан. Аларды уурдап кетсек деп жети каракчы түн бою айланып жүрөт, бирок түн сайын чечип аларыңда таң атып кетип, Ак боз ат менен Көк боз атты уурдай албай калышат экен. Уламыштагы жети каракчы демейдеги Чоң Ж-ге туура келет. Ж. деген сөздүн өзү жети кан деген эки сөздүн биригишинен пайда болгон. Алтай элинин оозеки чыгармачылыгында кыргызча каракчыга байланыштуу айтылган легенда жети канга (канга) ыйгарылып алигиче айтылат. Болжолу ошондой кылымдарда түрктөр Ак боз ат менен Көк боз атты алганы жүргөн жети кишинин каганы (каан, кан, хан) деп түшүнгөн. Эпосто Ж. географиялык багыттарды туюндуруучу терминдердин бири. Түн. тарап деген маанини билдирет. Көкөтөйдүн керээзинде:
Какандын шаарын каралап,
Каз моюл журтун аралап,
Жетиген жакка барбасын.
Жетимурук журту бар,
Желмогуздай ушулар (Сагымбай Орозбаков, 3. 12).
Ж. багыт катары эпостун башка эпизоддорунда башкача айтканда эл көчкөндө, тигил же бул жердин ордун белгилөөдө арбын колдонулган:
«Эми көчүп бул жерден
Жетиген жакка кетеби» (Сагымбай Орозбаков, 3. 76).
Жетигендин тарабы
Жери Кенжут карады,
Күн чыгышы Ималай
Шолорду да жердеген
Шооруктун эли бир далай (Сагымбай Орозбаков, 2. 203).
Асмандын түндүк тарабында турган чөмүч сыяктанган формадагы жарык жылдыздардын тобунун атын билдирген сөз жети+хан деген эки сөздүн биригишинен келип чыккан (Щербак, 1961, 102). Алтай тилинде жылдыз болуп калган жети хан жөнүндөгү легенда алигиче айтылат. Алгачкы жети+кан сөздөрү бириккенде к тыбышы жумшарып, а тыбышы алдыңкы үндүүлөрдү ээрчип э тыбышына өзгөргөн: жети кан>жетиген.
1. Топ жылдыздын аты. Үркөр төбөдөн кыйшайып, жетиген жамбашта жүрсө, ай жаңы гана чыккан (Жантөшев). Жетиген жылдыз батканча, Жети айланып эмизген (Токтогул). 2. Кыргыздын бир уруусунун аты. Көк милтени чоктотуп, Жетигендин тарабын, Жеткизбестен токтотуп («Манас»).
1. достаточный; жай күнү жетик оттобой, такыр жалдан айрылган фольк. (конь) летом вдоволь не пасся, подгривного жира лишился (т.е. похудел); акылы жетик умственно созревший, умный; акылы жетик жан эле он был умным человеком; 2. (о человеке) обладающий всеми достоинствами (мудрый, красноречивый, храбрый и т.п.); жетик тууган уст. благородного происхождения.
сын.Акылман, даанышман, акылы абдан жеткен. Жетигиң Ленин куткарды, Жезиттин жаккан отунан (Токтогул). Акыл менен иш кылат, Адамдардын жетиги (Тоголок Молдо).
Кыраакы, акылман, кылдат, даанышман. Акыл менен иш кылат, Адамдардын жетиги (Тоголок Молдо). Жетигиң Ленин куткарды, Жезиттин жаккан отунан (Токтогул). || Бир нерсеге жөндөмдүү, шыктуу, тетик. Кадыр билген жар болсоң, Өзүң жетик билимдүү, Убадалуу жан болсоң (Тоголок Молдо). Ушунчалык эл сүйгөн, Өнөргө жетик устасы (Осмонкул). || Мыкты, чыгаан, кыйын. Жетик күлүк Тоо кызыл, Желиктирип чуркатып («Сейтек»). Арстан Бакай олуям, Айласы жетик шер ошол («Семетей»). Жети баш кемпир сыйкырчы, Жетик амал салыптыр («Манас»).
Сыйдан же жакшы тамак-аштан куру калмасы бар, көп нерседен куру калат деген мааниде колдонулат. Анын ошондой жети каңтары бар. Ушундай жети каңтары бар байкушсуң! Тигилер тарай электе келсең, жай-мааниңди толук айтып калат элең да, эми айлаң эмне болот? - деп, эжем кейий баштады («Ала-Тоо»).
Сыйдан же жакшы тамак-аштан куру калмасы бар, көп нерседен куру калат деген мааниде колдонулат. Анын ошондой жети каңтары бар. Ушундай жети каңтары бар байкушсуң! Тигилер тарай электе келсең, жай-мааниңди толук айтып калат элең да, эми айлаң эмне болот? – деп, эжем кейий баштады («Ала-Тоо»).
ЖЕТИ КАШКА. 16-кылымга таандык Сейф ад-дин Аксыкентинин «Мажму ат-таварих» деген кол жазмасындагы «Манас» эпосуна тиешелүү болгон материалдарда Манас баатырдын ата-теги жана анын жакын туугандары жөнүндө маалымат берилет. Анда Каркарадан Якуб, андан Манас менен Карнас туулат. Каркарага тууган Ак-Темир деген кыпчактын Дөөлөт-Йар, Худа-Йар, Берди-Йар, Али-Йар, Муса-Йар, Иса-Йар, Түлө-Йар деген жети уулу болот. Жетөө тең көк кашка ат минип жоого чогуу кирчү экен. Ошондуктан алар Ж. к. аталып калганы айтылат санжырада.
жөнөкөй өрүмдүн бир түрү. Чеберлер муну жети тал кайыш менен өрүшөт. «Жети кашка» өрүм менен «беш кашка өрүмдү» «жалпак өрүмдөр» дейбиз. Муну «жети өрүм» деп да аташат.
Жан-жаныбарлардын, табияттын ичинде болгон, болуп келген, боло берүүчү эч нерсеге моюн сунбаган көрүнүш. Алар: абалы, өрт, сел, жар, буудайык, кыргый, мышык.
ЖЕТИ КЫЛЫМ (арабча иклим — бөлүк). Ислам дининин түшүнүгүндө бүтүндөй жер чөлкөмүндөгү кургактык жети кылымга (бөлүккө) бөлүнгөн. Мусулман дүйнөсүндөгү касиеттүү аталган ошол Ж> к. төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:
1- иклим, Мекке жана Мадина чөлкөмдөрү.
2- иклим, Кудус жана Шам (Дамаска) вилаеттери.
3- иклим, Багдад менен Фейруз дубандары.
4- иклим, Кырым менен Урум (Византия аймактары).
5- иклим, Чин, Мачын жана Кытай калкы.
6- иклим, Көк ордо жана Едил журту.
7- иклим, Самаркан, Бухара, Хорезм чөлкөмдөрү.
Кыргыз тилинде, ошондой эле эпосто: 1) доор, заман. 2) аалам, жер жүзү. 3) бүткүл, бардык маанилеринде кеңири жолугат. Мисалы, Көкөтөйдүн өлөрүндө Баймырзага айткан керээзинде: «Жети кылым эл жыйып, Жердин жүзүн чаң кылып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 11),— деп бүткүл жер жүзүндөгү элди ашка чакырбоосун тапшырат.
Т. Ташмаматов
этиш.1. Белгилүү бир деңгээлге жете өсүү, өнүгүү, толуу, бышуу. Жетилген козу. Бала быйыл жетилип калган экен («Ала-Тоо»).Жыл сайын жетилесиң, көгөрөсүң, Бутактап, барча-барча көбөйөсүң (Нуркамал). Ак өрүк бышып, мөмөлөр жетиле баштады (Абдукаримов). 2. Өсүп-өнүгүү, өсүп жетүү, баралына келүү, толуу, толукталуу. Кыргыздар өсүп жетилдиң (Бөкөнбаев). Жетекчиң Компартия катарына, Жетилди өзүңөрдөн нечен-нечен (Нуркамал). Мына, жетилет деген ушу, Маскөөгө кызың баратса, оңой жөрөлгө бекен? (Байтемиров). Кетилгени жетилип, Кемтиги жок болуптур («Эр Табылды»).
1. возвр.-страд. от жет- быть достигнутым; элге жетилген тамак еда, которой хватит для (собравшегося) народа; 2. созреть, вызреть; дойти до определённого состояния; камыр жетилди тесто дошло.
1. Жетиштүү болуу, бир нерсеге колу жетүү, оңолуу. Акыр өлбөсөң, да бир күн жетилип кетесиң,– деди кемпир (Элебаев). Жетилсин деп жардыны, Санабадың беш, каман (Токтогул). 2. Белгилүү бир деңгээлге жете өсүү, өнүгүү, бышуу, толуп жетүү. Карганын балапаны деле канаты жетилип өзүнчө кетти. (Шүкүрбеков). Ак өрүк бышып, мөмөлөр жетиле баштады (Абдукаримов). Мен го анда кичине, Жетилбеген баламын (Шамшиев).
понуд. отжетил-; эл колу менен жетилдирген эл акыны народный акын, достигший совершенства благодаря заботам народа; жетим элең, чоң кылдым, жетилдирип, мол кылдым фольк. сиротой ты был, я тебя взрастил, обеспечил и богатым сделал.
зат.1. Өлгөн кишиге багыштап куран окутуп, эл чакырып, жети күндөн кийин берилүүчү тамак. Эртең азыраак май, күрүч берейин, ошону менен жетилик өңдөнтүп куран окуттуруп кой (Жантөшев).
2. Ойноло турган картанын жети очколуу кагазы. Карганын жетилиги. Чырымдын жетилиги.
1. Өлгөн кишиге багыштап куран окутуп, эл чакырып, жети күн толгондугун белгилеп берилүүчү тамак. Эртең азыраак май, күрүч берейин, ошону менен жетилик өңдөңтүп куран окуттуруп кой (Жантөшев). 2. Ойноло турган картанын жети белгиси бар кагазы. Карганын жетилиги. Чырымдын жетилиги. Ачанын жетилиги.
понуд. отжетил- совершенствовать, доводить до совершенства, способствовать развитию зрелости; восполнять недостающее; жетилтемин кемчилигин тилимин стих. я восполню пробелы языка своего.
ар. 1. сирота; жетим өз киндигин өзү кесет погов. сирота сам себе пуповину обрезает; жерге түшкөн - жетимдики погов. что на пол упало, то сиротское; 2. перен. короткий; жетим кабырга самые короткие рёбра; жетим сүмбө короткий шомпол; жетим көпөлөк см.көпөлөк 2.
зат.Ата-энеси же алардын бири өлүп калган бала же жаш айбан. Сабыр атадан жаш калып жетим өскөн (Сыдыкбеков). Жетим калды улагы, Энеси ташка сулады (Шүкүрбеков). Жетим өз киндигин өзү кесет (макал).
Ата-энеси экөө тең же алардын бири өлүп калган бала же жаш мал. Сабыр атадай жаш калып жетим өскөн (Сыдыкбеков). Жетим калды улагы, Энеси ташка кулады (Шүкүрбеков).
1. Балдардын ата-энесинен калган мал-мүлккө болгон укугу, жетимдерге тиешелүү үлүш. Эл соту ал балдардын жетим акысын өндүрүп берер («Чалкан»). 2. тар. Аялы башка бирөөгө кетип калганда, ага короткон мүлкү, каражаты үчүн төлөнүүчү акы. Эң болбой калганда жетим акысын эки эсе өндүртүп мурунку куданы мүңкүрөтүп туруп, анан молдого талак катын чийдирет (Сыдыкбеков). Серкебайда кеткен катыны үчүн жетим акы доолаш оюнда жок (Сыдыкбеков).
1. Балдардын ата-энесинен калган мал-мүлккө болгон укугу, жетимдерге тиешелүү үлүш. Эл соту ал балдардын жетим акысын өндүрүп берер («Чалкан»). 2. тар. Аялы башка бирөөгө кетип калганда, ага короткон мүлкү, каражаты үчүн аялдын төркүнүнөн же барган жеринен төлөнүүчү акы. Ак ойлоп, төп чечип, кеткен жетим акымды толугу менен кайрып бергиле,–деди Асантай бийлерге (Сыдыкбеков). Эң болбой калганда жетим акысын эки эсе өндүртүп мурунку куданы мүңкүрөтүп туруп, анан молдого талак катын чийдирет (Сыдыкбеков). Серкебайда кеткен катыны үчүн жетим акы доолаш оюнда жок (Сыдыкбеков).
зат.Жетим калгандык. жетимдин абалы. Ата-энесиз баламын, Жетимдигим — жаманым («Кедейкан»).Ал кезде жетимдиктин жана жокчулуктун каарын тартып жүргөн кезим эле (Тоголок Молдо).
Жетим калгандык, жетимдин абалы. Ата-энесиз баламын. Жетимдигим – жаманым (Токтогул). Мүмкүн жетимдиктин запкысын көп тартып, турмуш Даниярды тез иштөөгө үйрөткөндүр (Айтматов).
Жетим арка менен төш сөөгүнүн баш жагына бириккен кичине кабырга. Сол жаккы жетим кабыргам сынып, төбөм айрылгандыгы докторлор тарабынан маалым болду (Жантөшев).
Жарыкты же шамды айланып учуучу кичинекей боз көпөлөк. Бир жетим көпөлөк лампаны, чарк айланып, дырылдап учуп жатты (Баялинов). В.: Шайтан көпөлөк. Жайында болот шайтан көпөлөк, Ал күндүз кашаят да, түнкүсүн көрөт (Шүкүрбеков).
ЖЕТИМ-МОЙНОК — топоним. Эпос боюнча Букар шаарына жакын жерлердин бири, Семетей бала кезинде куш салып көңүл ачып жүрөт: «Жээк Акчийди басты эми, Жетим-
Мойнок төрт кыраң Муну бала ашты эле» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.)
этиш.Өзүн жетимдей, жетим калгандай сезүү. Жал-жал карайт жетимсирейт, Үн жок, сөз жок балапан (Аалы). Марфадан тирүүлөй айрылган экенбиз го, — деди.. шахтёрлордун бири жетимсиреп (Сасыкбаев).
зат.Жетим бала(эркелетүү маанисинде). Обдулуп он үч жашар бир жетимче Сүйлөдү жаман тонун чечип салып (Бөкөнбаев). Жетимче Жолон чоңойгон, Таякенин колунда (Барпы).
возвр. отжет- удовлетвориться, достигнуть желаемого; тамакка, кийимге жетинип калдык едой и одеждой мы вполне обеспечены; жетине албай обрадовавшись, растрогавшись; биз барганда, жетине албай калды когда мы пришли, он очень обрадовался; улукка жетинген экенсиңер вам попался хороший начальник.
Жетиштүү болуу, кеңелип калуу, бир нерсеге колу жетүү. Жүдөөнүн жайын сураган, Эл жетинсе кубанган (Осмонов). Жетинбеген кембагал, Жерлүү болуп каласың (Барпы).
Кубануу, сүйүнүү, абдан ыраазы болуу. Өтө кадырман мейман уулуна назар салганына жетине албай маңдайы жарылды (Касымбеков). Бала жетине албай кубанды, бирок кандай алкыш айтаарын билбеди (Айтматов). Таякесинин тилегине жетине албай, Ашырбек күлүмсүрөп ичи элжирей карап турду (Ашымбаев). Айымжан кызынын кебине жетине албай күлүп коёт (Сыдыкбеков).
Кубануу, сүйүнүү, абдан ыраазы болуу. Өтө кадырман мейман уулуна назар салганына жетине албай маңдайы жарылды (Касымбеков). Бала жетине албай кубанды, бирок кандай алкыш айтаарын билбеди (Айтматов). Таякесинин тилегине жетине албай, Ашырбек күлүмсүрөп ичи элжирей карап турду (Ашымбаев).
1. быть до некоторой степени удовлетворённым, в известной мере достигнуть желаемого; 2. быть до некоторой степени достаточным; жетиңкиребей турат немного не хватает, немного недостаёт.
Амалым түгөнүп, мүгдүрөп, эң айласыз абалда калсам да, айлам куруп турса да. Жети өлүп жерде калсам да, мындай итке бел бүкпөсмүн! – деп, Дөөт күүлөндү (Осмоналиев). Жети өлүп жерде калсам да, экинчи кайрылбасмын («Ала-Тоо»). – Мен сени жети өлүп жерде калсам да кор кылбайм. Андан көрө өзүң макул болчу? (Саатов).
-Амалым түгөнүп, мүгдүрөп, эң айласыз абалда калсам да, айлам куруп турса да. Жети өлүп жерде калсам да, мындай итке бел бүкпөсмүн! - деп, Дөөш күүлөндү (Осмоналиев). Жети өлүп жерде калсам да, экинчи кайрылбасмын («Ала-Тоо»). - Мен сени жети өлүп жерде калсам да кор кылбайм. Андан көрө өзүң макул болчу? (Саатов).
Абдан катуу уят болуу, аябай уялуу, сынып калуу. Төлөмүштүн жан тери келип, жети өмүрү жерге кирип, телмирип көпкө турду (Бердикеев). Жети өмүрү жерге кирип, ыза муундурса да Бурма көзүнө жаш албаптыр, өгөй эненинмиң токмогунун бири деген го кыязы (Кушубеков). Жардап карап турган кыздар дуу күлүп жибергенде, Абдыкалыктын ого бетер паразаты тепселип, жети өмүрү жерге кирди (Байтемиров).
Тамак аңдып келгенсип жети өмүрүбүз жерге кирип, сыртка чыкканча шаштык («Чалкан»). Ал ызаланып шагы сынганынан жети өмүрү жерге кирди (Бектенов).
Абдан катуу уят болуу, аябай уялуу, сынып калуу. Төлөмүштүн жан тери келип, жети өмүрү жерге кирип, телмирип көпкө турду (Бердикеев). Жети өмүрү жерге кирип, ыза муундурса да Бурма көзүнө жаш албаптыр, өгөй эненин миң токмогунун бири деген го кыязы (Кушубеков). Жардап карап турган кыздар дуу күлүп жибергенде, Абдыкалыктын ого бетер паразаты тепселип, жети өмүрү жерге кирди (Байтемиров). Жерге кирип жети өмүр, Уялгандан өлбөдү («Мендирман»). В.: Жети өмүрү жерге кирүү. Тамак аңдып келгенсип жети өмүрүбүз жерге кирип, сыртка чыкканча шаштык («Чалкан»). Ал ызаланып шагы сынганынан жети өмүрү жерге кирди (Бектенов). Жети омурткасы жерге кирүү. Аны уккан сайын жети омурткам жерге кирип, ушу күндү көргүчө өлгөнүм жакшы деп кетчүмүн(Абдукаимов). Жети өмүрү жерге житүү. Чоң кишилер айтканда жети өмүрүбүз жерге житип, салбырап калчубуз (Медетов).
Бүт баары, бардыгы. Жергелүү калмак жети сан, Элиңди чаап аламын («Курманбек»). Жетиктен белин курчанган, Жети сан кара жоо чыкса, Жеке кирип кол салган («Сейтек»).
Бүт баары, бардыгы. Жергелүү калмак жети сан, Элиңди чаап аламын («Курманбек»). Жетиктен белин курчанган, Жети сан кара жоо чыкса, Жеке кирип кол салган («Сейтек»).
ЖЕТИ-СУУ (Жети-Өзөн) — топоним, кыргыздардын жана ага жамаатташ элдердин абалтан мекендеген жери катары эпосто көп эскерилет.
Жети-Суу жердин соорусу, Атынын жеми күрүчтөн, Намыс ойлоп мен турам Ага барбай жүрүштөн (Сагымбай Орозбаков, 2. 154),— деп Айдаркан уулу Көкчөнүн ал жерди эңсегени айтылат. Географиялык реалияда Ж.-С. Казакстандын түштүк-чыгышындагы агын сууларга бай аймак. 18-кылымдын аягында—19-кылымдын башында Ж.-С. деп Илепсинин (Лепси) орто бөлүгүндөгү жерлер гана аталган. Архивдик даректе ал жер Семейден 700 чакырым алыс турат деп белгиленген. Кийин 19-кылымда бул ысым Аягүздөн Илеге чейинки кеңири аймакка таралган. Орто кылымдардагы чыгармаларда Ж.-С. топоними кезикбейт.
ЖЕТИ-ТӨР — топоним. Эпосто Манастын бабасы Бөйөн кан мекендеген жердин аталышы:
Жети-Төрдүн башында
Жеткилең тууган Бөйөн кан,
Бөйөн кандын баласы
Кайраттуу тууган Кара кан (Радлов жазып алган вариант, 1).
Абдан кеч, караңгыда, түндүн бир убагында. Жети түндө кайда барам, андан көрө эртең үрөң-бараңда кетейин (Укаев). Жети түндө дүрбөлөң түшүп келген Шертайлар экен (Бердикеев). Мына кызык, жети түндө кыз бала ээн талаада журүппү? (Саатов).
Абдан кеч, караңгыда, түндүн бир убагында. Жети түндө кайда барам, андан көрө эртең үрөң-бараңда кетейин (Укаев). Жети түндө дүрбөлөң түшүп келген Шертайлар экен (Бердикеев). Мына кызык, жети түндө кыз бала ээн талаада жүрүппү? (Саатов). Жети түндө Суусамырда эмне бар (Байтемиров).
этиш.1. Жеткиликтүү болуу, кемип калбоо, тиешелүү өлчөмдө, тиешелүү санда болуу.Ат жетишпейт. Мага азырынча кассирлик деле жетишет (Каимов). Бир үйдө он бала болсо, ону тең окуу дешип делпилдейт. Эркеги жетишпей жаткансып, кыздары кошо энтеңдейт (Сыдыкбеков). 2. Үлгүрүү, өздөштүрүү, бир нерсени иштөөгө, аткарууга чамасы жетүү. Өзү окуткан бала сабагынан жетишсе, мугалим кубанат (Сыдыкбеков). Колхоз бардыгынан жетишип жатат, бир кемчилиги ушул водопровод аркылуу кыштакка сууну жеткирбегенинде (Таштемиров).
взаимн. отжет- 1. совместно достигать желаемого; жыйырма беш миң сом үнөмдөөгө жетише алышты они смогли добиться экономии в двадцать пять тысяч рублей; жетишебиз баркына фольк. мы поймём его ценность, мы оценим его; 2. быть достаточным, иметься в достатке; ат жетишпейт лошадей не хватает; атам экөөбүзгө бир ат жетишет нам с отцом одной лошади хватит; жетишет! хватит!, довольно! жетишердик достаточный; жетишердик билими бар знаний у него достаточно.
1. Жетиштүү болуу, кемип калбоо, тиешелүү өлчөмдө, канааттандырарлык абалда болуу. Ат жетишпейт. Мага азырынча кассирлик деле жетишет (Каимов). 2. Үлгүрүү, өздөштүрө алуу. Өзү окуткан бала сабагынан жетишсе, мугалим кубанат (Сыдыкбеков). || Бир нерсени иштөөгө, аткарууга чамасы жетүү, мүмкүнчүлүгү болуу. Үлгүрүү. Колхоз иштин бардыгына жетишип жатат (Таштемиров).
ЖЕТИ-ШААР — топоним. Жакыпбектин убактылуу мамлекетине (Бак-Дөөлөт) (1864— 78) баш ийип турган Чыгыш Түркстандагы шаарлардын санына (Котон, Жаркен, Жаңы-Гисар, Кашкар, Ак-Суу, Куча, Кара-Шаар) карата 19-кылымдын 2-жарымында пайда болгон жалпы географиялык ат. «Манас» эпосунун варианттарында сейрек айтылып, Чыгыш Түркстандын (Алты-Шаар) бир аты катары жолугат. Мисалы, Көкөтөйдүн ашында Жолой байгеге сайган малды талап жатканда Манас «Жети-Шаарың бөлүшөм, Жеткире кууп өлүшөм» (Саякбай Каралаев, 2. 71),— деп айтат.
возвр.-страд. отжетиш-; келишүүгө жетишилген соглашение было достигнуто; жетишилген келишим достигнутое соглашение; жетишилген ийгиликтер достигнутые успехи.
Жетишилген ийгилик, ийгиликтүү натыйжа. Биздин максат так ушу жетишкендиктерге теңелүү (Байтемиров). Алдыңкы тажрыйбаларды жана илимдин жетишкендиктерин ар бир колхозго жана совхозго киргизүү («Советтик Кыргызстан»).
Жеткиликтүү, толук, жетерлик өлчөмдө. Кышка отун жетиштүү даярдалды. Айыл чарба адистери жетиштүү болбогондугуна байланыштуу эмгек өндүрүмдүүлүгү төмөн болуп жатат.
Достаточный контроль (The sufficient control) —Контроль, обеспечивающий достаточную уверенность в том, что цели и задачи организации будут достигаться рационально и экономично.
жеткиз I то же, чтожеткис; бут жеткиз жерде там, куда нога (человека) не ступает. жеткиз- II то же, чтожеткир- II; бул кабарды колхозго мен жеткиздим это известие колхозу доставил я.
Collect On Delivery (noun)
A method of payment by which a customer pays the freight carrier for goods when they are delivered. The freight carrier then remits the payment to the shipper.
совершенный; идеальный, не имеющий никаких дефектов и недостатков; жеткилең тууган (в эпосе) высокородный (о человеке); жеткилең ичик прекрасная шуба; жеткилең бийик большая высота; жеткилең кыйын иш очень трудное дело.
сын.1. Бардык жагынан төп келишкен, жетик, билгич. Жесир жүрүп ат чапкан Жеткилең жеңең ушул эр («Манас»). Жетимиш уруу тил билген, Жеткилең чечен неме ошол («Манас»). 2. Толук жетиштүү, кемтиги жок. Ушундай жеткилең турмушту өзүбүз эле куруп алдык дейсиз го? (Убукеев). Дасторконуна кыл жукпайт, идиштери жеткилең (Сыдыкбеков).
1. Бардык жагынан төп келишкен, жетик, билгич. Жеткилең бабаң зор Манас, Жердегени кең Талас («Сейтек). Жесир жүрүп ат чапкан, Жеткилең жеңен, ушул эр («Манас»). 2. Толук жетиштүү, жетишерлик даражада, жеткиликтүү. Абылдын оокаты тың, өз алдынча жеткилең, таза (Сыдыкбеков). Жети-Өзөндө жедигер, Кадимкидей беш ай болуп, Жеткилең кыйын той кылып («Сейтек»).
ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮККӨ УКУК – автордун моралдык укуктарынын бири; көркөм сүрөт өнөр чыгармасынын жаратуучусунун, м.: картинадан анын менчик ээсинен автордук көчүрмө жасаганга мүмкүндүк берүүнү талап кылуу укугу. Ж. у. бир эле учурда чыгарманын автордук укук объектиси жана анын менчик ээси автору эмес болгон учурда материалдык баалуулук катары ажырагандыгынан улам келип чыгат. Автор ага картинаны алып келүүнү эмес, ага жеткиликтүү болууну талап кылууга укуктуу.
зат.Жаш өспүрүм, өсүп келе жаткан жаштар. Зуура келип жеткинчектердин ишин көрүп, кубанчынан жылмайды (Баялинов)Жаш жеткинчек пионер — Комсомолдун бөбөгү (Осмонов).
Жаш өспүрүм, өсүп келе жаткан жаштар. Бүгүнкү жаш жеткинчек бөбөк – эртеңки келечектин, мамлекеттин ээси («Кутбилим»). Зуура келип жеткинчектердин ишин көрүп, кубанчынан жылмайды (Баялинов).
жеткир I ловкий; смышлёный; өз журтума чуу салчу, жеткир бала десеңчи фольк. ловкий, скажи-ка, паренёк, (раз) он мой (собственный) народ будоражит; узун сөздүн кыскасы, жел сөздүн жеткир устасы присказка краткость слова длинного, ловкий мастер пустословия. жеткир- II понуд. отжет-; 1. доставлять; чаккан өлтүрөт, мактаган жеткирет погов. хула убивает, похвала (до цели) доводит (ободряет); таяк тайга жеткирет, тай атка жеткирет погов. посох до жеребёнка доведёт, а жеребёнок до коня; жеткире ойлоп көрдү он хорошо обдумал; 2. позволить догнать себя; менин атым эч бир атка жеткирбейт мою лошадь ни одна лошадь не догонит.
ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ – 1) сатып алуучу уюмга алып келип берилүүчү чийки заттарды, даяр продукцияларды, жабдууларды ж. б. товарларды сатып алуунун баардык баскычтары; 2) экономикалык ишмердикти жүргүзүүчү жак тарабынан товарларды жүктөп берүү (сатуу, белек кылуу, ошондой эле субъекттин салык салынуучу товарларды өзүнүн жеке максаты үчүн сатып алуусу), жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүүсү (менчигинен ажыратпастан туруп мүлктөн пайда алууну, жерди жалдоого жана ижарага, ошондой эле кошумча ижарага берүүнү кошо алганда).
ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ БАЗИСИ (ШАРТЫ) (гр. basis – негиз) – товардын колдон-колго өтүшү боюнча
сатуучу менен сатып алуучунун ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшүн, тийешелүү
документтердин толтурулушу менен унаа чыгымдарынын төлөнүшүн, товарга карата
менчик укугунун сатуучудан сатып алуучуга өтүү учурунун белгиленишин, товарды
жоготуу же бүлдүрүү тобокелдигин жана ташып-жеткирүү мөөнөтүн алдынала аныктаган
тышкы соода бүтүмдөрүнүн шарты.
ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ КЕЛИШИМИ – жеке ишкердикте колдонулуучу соода-сатык келишимдеринин өзгөчө түрү. Ж. б. к. боюнча ишкердик кылган сатуучу-товар берүүчү ишкерликке пайдалануу үчүн же жеке, үйбүлөлүк, үйдө жана башкача ушундай пайдалануу менен байланышпаган башка максат үчүн товарды шартташкан мөөнөттө же өзү чыгарган же сатып алган мөөнөттө сатып алуучуга берүүгө милдеттенет.
ЖЕТКИРИП БЕРҮҮНҮН БАЗИСТИК ШАРТТАРЫ – товарды жеткирип берүү боюнча сатуучу менен сатып алуучунун өзара милдеттерин аныктоочу атайын шарттар. Ал товардын кокусунан жараксыз болуучу же зыянга учуроочу тобокел чегин дагы белгилейт (кара:Инкотермс).
ЖЕТКИРИП БЕРҮҮЧҮ – сөз маанисине жараша сатып алуучу уюм менен түзүлгөн сатып алуу жөнүндөгү келишимдин мүмкүн болуучу (товар өндүрүүчү, экспорттоочу же импорттоочу) же дайындуу тарабы.
понуд. отжеткир- II; жүктөрүн төөгө жүктөтүп, Ошко жеткиртип койгон он приказал их поклажу навьючить на верблюдов и доставить в (город) Ош; "кетемин" дегениңди элге жеткирттим о том, что ты хотел уехать, я довёл до (сведения) народа.
ТЫЙЫНДЫК – тыйынды алмаштыруучу (м.: аргандай автоматты пайдаланууда колдонулуучу) же кандайдыр бир нерсени алууга укук берүүчү төлөм белгиси (темир же пластмасса төгөрөкчө ж. б.). Т-ты өзалдынча жасагандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
access violation (noun)
An attempt to run a memory operation that the underlying page protection does not allow. An access violation applies to memory operations, but does not apply when the security manager checks user-mode access rights to objects.