Киргизско-русский словарь Юдахина
Перевод БООР в русско-кыргызском онлайн переводчике Эл-Создук

1. печень; перен. средоточие чувств;
көк боор селезёнка;
туугандын өзү таарынса да, боору таарынбайт погов. родич обижается, да печень его не обижается (всё же - родич);
жети атаңдын боорун же! бран. ешь всякую гадость! (букв. ешь печень семи твоих предков!);
жетсең же, жетпесең, жети атаңын боорун же догонишь (меня) - съешь, не догонишь - гадость ешь (из сказки "Колобок");
боор эңди южн. коричневый, тёмно-рыжий (цвета печёнки);
2. нижняя часть живота;
боору жазы, мойну узун фольк. широкобрюхий и длинношеий;
ат боорунан чаң болуп, кой боорунан кан болуп фольк. пыль была по брюхо коню, кровь была по брюхо овце;
колун бооруна алды он почтительно сложил руки на животе (напр. подходя к кому-л. с почтением);
"колун алып бооруна, абасын көздөй басты" дейт фольк. сложив руки на животе, он направился к дяде своему (см. аба I 1);
эки колун бооруна алып, кулдук урду сложив руки на животе, он выразил (этим) почтение;
боор эт анат. диафрагма;
боор эт менен тең дорогой сердцу;
бала боор этиң менен тең дитя (своё) дорого сердцу;
3. перен. кровный родственник;
бир боорум
1) мой родной брат;
2) так называют умершего, оплакивая его;
"бир боорум" деп, өкүрө турган киши жок у него нет ни одного кровного родственника (букв. у него нет человека, который бы, оплакивая, называл его бир боорум);
оорусун жашырган өлөт, боорун жашырган бөлүнөт погов. кто болезнь свою скрывает, тот умирает, кто родича скрывает (т.е. чуждается его), тот отделяется (от родового коллектива);
4. перен. брат;
күйүшөр бооруң эр Жаныш салам бере тургандыр твой брат богатырь Джаныш шлёт привет;
5. склон горы;
жардын боору стена яра, обрыва;
боору менен жылган кедей бедняк из бедняков (тот, кто не на коне ездит, а на брюхе ползает);
боору менен жыдлып, кедей болуп калды он лишился всего и дошёл до крайней степени бедности;
жерден боорун ал-
1) подрасти;
бала болуп боорун жерден алгандан бери с тех пор, как он перестал ползать (т.е. немного подрос);
2) воспрянуть, подняться (в материальном или общественном отношении);
баланын боору ката элек ребёнок ещё не окреп (не подрос);
башы бүтүн, боору эсенинде подобру-поздорову;
боор бурар тот, кто проявляет заботу (о другом);
болгон карып экен деп, болжосом боор бурар жок он, мол, стал бесприютным, прикину я, нет ли у него кого-либо, кто бы о нём позаботился;
боор тарт- сочувствовать, выказывать симпатию, расположение; оказывать поддержку;
ага сен эмне үчүн боор тартасың? ты что за него заступаешься, что его жалеешь?
боорго тарт- привлекать на свою сторону, располагать к себе;
аны мен боорума тарттым я привлёк его на свою сторону, я его расположил к себе;
боор оору- болеть душой;
ага боорум ооруду мне его стало жаль;
боор оорусаң болбойбу? фольк. почему бы тебе не пожалеть (его) ?
мен анда ага боор ооруган элем я тогда его пожалел;
боору жетик в расцвете сил;
боору бүтүн здоровый (не раненый, не больной);
боору бүтүн кишиден, сайышпай, адам калган жок фольк. из здоровых людей не осталось человека, с которым бы он не сражался;
уй боор чуйск. живущие в согласии, дружно;
боор курт название повальной болезни мелкого скота;
боор баскак южн. название болезни овец;
боор жок (или боор тырмап) күлдүк мы животики надорвали; мы смеялись до упаду;
күлүп атып, боорум катып калды или боорум каткыча күлдүм я покатывался со смеху, я смеялся до упаду;
боорум эзип таштады
1) он уморил меня со смеху;
2) он прямо убил меня;
боору эзилип кетти (чаще о женщине) она расчувствовалась;
небересин көрүп, боору эзилип кетти увидев своего внука, она расчувствовалась (говоря "мой миленький", "мой хорошенький" и т.п.);
сен үчун боорум эзилип кетти я душой изболелся за тебя;
боор эздир- явиться причиной смерти;
эр Канчоро каныма эздирмек болдуң боорумду фольк. ты хочешь, чтобы мой хан, богатырь Канчоро, прикончил меня;
кара боор
1) рябок черногрудый, рябок степной;
2) человек, не знающий родичей, отдаляющийся от них, живущий отдельно от них;
жаман чапан кийгиздим, катыгып адам болсун деп, кара боор жүргүздүм фольк. чтоб он закалился и стал человеком, я его одевал в плохой халат и держал в отдалении от родичей;
боору таш или таш боор или төрө боор жестокий, жестокосердый;
боору ачыды см. ачы-;
боору кер то же, что боорукер;
боор толго то же, что боортолго;
боору такыр кул см. кул 1.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Адамдын, айбандардын етүн жана тамак сиңирүүгө зарыл болгон бир катар заттарды иштеп чыгаруучу ички органы.
  1. 2.                  Адамдын, айбандардын курсак жана төш жагы. Эки колун бооруна алып үңкүйө жер карап отурган Алыбай (Жантөшев). [Ок жетпес].. боорун жерге төшөп жата калды (Сыдыкбеков).
  2. 3.                  Тоонун, жардын, дубалдын ж. б. бети, каптал тарабы. Жар бооруна уя салган таандарды көрдүк («Жаш ленинчи»). Тамдын бооруна эки-үч мык кагып, кийимкечесин илди («Ала-Тоо»).
  3. 4.                  Белгилүү бир жердин аймагы, айланасы, өрөөнү. Чүй боору. [Токтогул] Өзүнүн күүлөрүн Анжиян боорундагы кыргыздарга таркатып кетти (Бөкөнбаев).
  4. 5.                  өт. Жакын, тууган, тукуму, теги бир. Бир боор элбиз, жакынбыз («Ала-Тоо»). Далай таттуу даам жедим колуңдан, Кем көрбөдүң өз бир тууган бооруңдан (Осмонов).

♦ Боорун атартуу—өзүнө жакындатуу, жакынкылуу. Боор толгоо к. толго. Боору таш же таш боор — катаал, ырайымы жок, ырайымсыз, кара мүртөз. Душман ырайымсыз жана таш боор (Сыдыкбеков). Пайда кылбайт кедейге Бай-манаптын боору таш! (Тоголок Молдо). Боору катуу
1)                 таш боор, бирөөгө боору оорубаган;
2)                 бойго жетүү, баралына келүү, толуу. Азыр бооруңар ката элек балапансыңар (Бейшеналиев); 3) аябай күлүү, күлкүсү тыйылбоо. Боор көтөрүү — чоңоюу, өсүү, бойго жетүү. Көк боор — курсак көңдөйүнүн сол жак үстүнкү бурчунда жатып, кан шариктерин бөлүп чыгаруучу орган. Кара боор — тез учуучу боору кара илбээсин куш.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Байыркы түрк сөздүгүндө» багыр сөзүнүн төмөнкүдөй маанилери көрсөтүлгөн: «1) печень; 2) живот, брюхо; 3) перен. сердце; 4) родственник кров-ный» (ДРС, 78). Э. В. Севортяндын сөздүгүндө багыр сөзүнүн маанилери мындайча берилген. «1) печень, печенка; 2) сердце; 3) грудь; 4) живот; 5) передняя часть предмета; 6) бок, склон горы; 7) родственник, кровный родственник» (Севортян, 1978, 18). Ошону менен бирге автор багыр 4) «живот» деген маанисин борбордук мааниси деп эсептеп, калган маанилердин баары андан өнүккөн деген тыянакка келген. Андан тышкары сары уйгурлардын тилиндеги пегин «ичеги» деген сөз баг-->бег болуп өзгөрүшү аркылуу багыр жана пеген сөздөрү баг+ар, баг+ын деген морфемалардан куралып, баг этишине -ар жана -ын мүчөсү жалгануудан келип чыккан сөз деп болжолдойт. Эгер багыр жана пеген сөздөрүнүн тектештиги чындык болсо, анда монголчо мах(ан) «эт» кыргызча быкын//мыкын «сүбөөнүн ылдый жагындагы бүлкүлдөк эт» деген сөздөр да багын//быкын болуп өзгөрүшү менен жакындашат. Ошондо боор, эт, ичеги, жүрөк деген сөздөрдүн маанисин берген багыр, быкын деген сөздөр бир уңгудан чыккан болор эле. Г. Рамстедттин түркчө багыр «боор» сөзүн монголчо багир «жумшак» сөзүнөн келип чыккан деген пикиринде чындыктын үлүшү бар. Эт, боор, жүрөк, ичеги-карындардын баары жумшак, аларда сөөк, тарамыш, кемирчектери жок болору белгилүү. Ошондуктан малдын эти, ичеги-карды, өпкө-жүрөгү, боору жумшактыгы боюнча бир уңгудан чыккан сөз менен аталышы мүмкүн. Түркчө багыр сөзүнүн келип чыгышын мындай түшүндүрүүгө болот. Монгол тилинде багир сөзү «кочкул кара түс» дегенди билдирет (МРС, 54). Ушуга караганда түрк тилдериндеги багыр «боор» сөзү монголчо багир деген сөз аркылуу түшүндүрүлүшү боордун кара кочкул түсүнө төп келет. Боордун өңү анын аталышына негиз болгон. Ошондуктан боордун тушундагы, жанындагы жерлер да ал сөз менен атала беришинен «2) жүрөк, 3)көкүрөк, боор жак; 4) ич; 5) алды жак; 6) каптал деген маанилери келип чыккан. Түркчө багыр «боор» сөзүнөн орусча багровый, багряный деген сын атооч сөздөр жаралышы да бул сөздүн түпкү мааниси өңдү-түстү билдирген сөз болгондугуна кошумча далил боло алат. Кыскасы, монголчо багир сөзү түрк тилдерине багыр түрүндө кабыл алынган. Көпчүлүк түрк тилдеринде байыркы түрүн сактап калса, кыргыз тилинде боор болуп өзгөргөн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. өттү жана тамак сиңирүүгө керек болгон заттарды иштеп чыгаруучу адамдын жана айбандын ички органы, мүчөсү. Жүр майданга, баатыр балдар киребиз, Жат душмандын боорун жарып тилебиз (Барпы). Балам, мына бул боорду бышырып жей тургула (Жантөшев). 2. Төш тарап, көкүрөк жак, ич жак тарап. Эрнис эки колун бооруна алып ары-бери басат (Жантөшев). Эрке кыз Жылдызканды акырын гана бооруна кысып, каадасынча төбөсүнөн жыттады (Байтемиров). Аскерлер бирде боорлору менен жылып, бирде далдалуу жерге илбирстей секирип жүгүрүшүп кетип баратышты (Жантөшев). 3. Тоонун, жардын, дубалдын ж. б. капталы, бети. Эми көр, ал боорго бак сайылган (Маликов). Четин асканын бооруна жабышып чыккан (Жантөшев). Дубалдын боорундагы саатты караса, он экиге жакындап калыптыр (Байтемиров). 4. Белгилүү бир жердин аймагы, айлана чөйрөсү, өрөөнү. Тоодой саман үйүлүп, Чүй боору эгин жыттанат (Шүкүрбеков). 5. Бир тууган, тууган, тукуму, теги бир. Аркаңда калган карындаш, Бооруңар айтат саламды (Бөкөнбаев). || Жүрөк сезимин, кишинин көңүлүн, боорукерликти, жакын санагандыкты билдирүүдө колдонулат. Туугандын өзү таарынса да, боору таарынбайт (макал). Алмамбет акыл ойлонду, Аябай боору толгонду («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакындабоо, баш ийбөө, жакын санабоо, моюн бербөө. Бирок Сүйүнбайдын балдары бөтөн адамдай боор бербей өсүштү (өгөбаев). Сайра карап буртуйду: – Ошолор мага болобу, ошолор мага боор береби?! (Касымбеков). үпөл кишиге жакындамак турсун, оңой менен жээк-жааттарга боор бербейт («Ала-Тоо»). В.: Боорун бербөө. Өзүмө канчалык тартайын десем да, эч боорун бербейт (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жакындабоо, жолобоо. Бирок Сүйүнбайдын балдары бөтөн адамдай боор бербей өсүштү (Өгөбаев). Сайра карап буртуйду: - Ошолор мага болобу, ошолормага боор береби?! (Касымбеков). Үпөл кишиге жакындамак турсун, оңой менен жээк-жааттарга боор бербейт («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакшылык жасайын десе түшүнбөйт, жакындатпайт, жолотпойт, кайра жаманчылык издейт деген мааниде колдонулат. Мен сиңдимди таңмак белем, боор ооруса боорго тебет (Тойбаев). Мунун боору ооруса, боорго тепкенин көрдүңбү? («Ала-Тоо»). Боор ооруганды боорго тепкени кандай? Ченден чыккандык эмеспи (Ш. Үмөталиев). В.: Боорго тебүү. Кайра боорго тээп атпайбы (Медетов). Кечээки жырткыч ийри тумшуктун жеми, бүгүн өзүн куш сезип, мени боорго тепти ээ (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жакшылык жасайын десе түшүнбөйт, жакындатпайт, жолотпойт, кайра жаманчылык издейт деген мааниде колдонулат. Мен сиңдимди таңмак белем, боор ооруса боорго тебет (Тойбаев). Мунун боору ооруса, боорго тепкенин көрдүңбү? («Ала-Тоо»). Боор ооруганды боорго тепкени кандай? Ченден чыккандык эмеспи (Ш. Үмөталиев)

Киргизско-русский словарь Юдахина
баурсаки (печенье в виде жаренных в жире кусочков теста);
чий боорсок баурсаки продолговатые и тонкие;
кыртылдак боорсок мелкие и очень сдобные (хрустящие) баурсаки;
ачыткан боорсок баурсаки из кислого теста;
сүт боорсок тяньш. рванцы, варенные в молоке (тесто не режут, а рвут и бросают в кипящее молоко);
боорсок чачма этн. обычай бросать баурсаки в люльку новорождённого с пожеланием ему далголетия и плодовитости;
боорсоктой чачылып жатат разбросано-расшвырено;
боорсоктой или бышкан боорсоктой как огурчик (букв. как баурсак);
боорсок мурун нос пуговкой;
боорсок бет круглолицый;
боорсок бет кызыл келин круглолицая румяная молодуха.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы турция, азербайжан тилдеринде жана байыркы түрк тилинде багарсук же багырсук сөзү «ичеги-карын» дегенди билдирсе, кыпчак тобундагы жана сибирдик түрк тилдеринде «майга бышырылган тоголок же чарчы формадагы нан» дегенди билдирет. Бул сөз багыр+сак формаларынан турат. Анын багыр уңгусу байыркы түркчө йакры «ич май» (ДТС, 238) деген сөздөн алынып, ага -сак (-сук) мүчөсү жалганган. Байыркы түрктөр малдын ич майына бышырылган ич эттерди (ичеги-карын, боор, бөйрөк) йагырсук аташы мүмкүн. Кийин анын ордуна майда камырды бышыра турган болгондо, эски аты жаңы нерсеге карата колдонула берген. Сөздүн башындагы й тыбышы б тыбышына өтүүдөн байыркы йакрусук сөзүнөн багырсук сөзү келип чыккан. Кыргыз тилинде болсо созулма үндүү жаралган, багырсук сөзү боорсок түрүнө келген. Ушундай тыбыштык өзгөрүүлөр боорсок сөзү боор+сок бөлүктөрүнөн турат деген пикирдин пайда болушуна негиз болгон (ДТС, 663). Чындыгында боорсок «ич май» деген сөздөн келип чыккан, анын боор (<багыр) сөзү менен эч байланышы жок.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көбүнчө ачыган камырдан төрт чарчы же сүйрүрөөк майда кесилип, майга бышырылган нан. Дасторконго боорсоктор төгүлүп, каймактар коюлду (Бейшеналиев). Столдун үстү бышырылган этке, боорсокко, майга толду (Сасыкабев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жакынсынуу, ие тартуу, өзүнө жакын саноо, жакындоо. Ал жигит балыкчыларга боор тарткансып, жылуу жүз көрсөтүп турар эле (Укаев). Дүйнөдө жетимге да боор тарткан асыл адамдар бар экен да (Бейшеналиев). Ысак, сен өз кишибизсиң, букарадан чыккансың. Ошондуктан сага боор тартып келип отурбайбызбы .. (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакынсынуу, ие тартуу, өзүнө жакын саноо, жакындоо. Ал жигит балыкчыларга боор тарткансып, жылуу жүз көрсөтүп турар эле (Укаев). Дүйнөдө жетимге да боор тарткан асыл адамдар бар экен да (Бейшеналиев). Ысак, сен өз кишибизсиң, букарадан чыккансың. Ошондуктан сага боор тартып келип отурбайбызбы... (Абдукаримов). Өзүңдүн жалгыз туягың, Боз ала болуп калат деп, Боор тартып турамын (Эр Табылды»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. детский свивальник (две повязки для связывания в колыбели рук и ног ребёнка: кол боортко, аяк боортко);
боорткодо баланын жоо болорун билдим фольк. ещё тогда, когда он был ребёнком в свивальнике, я определил, что он будет врагом;
2. охот. петля;
боорткого түш- или боорткого илин- попасть в петлю;
боорткого илинген коёндой туйлап прыгая, как заяц, попавший в петлю;
боорткого түшкөн коёндой көздөрүн тостойтушат они пучат глаза, как заяц, попавший в петлю.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Боор жагы жерге тийген абалда жатуу» деген маанидеги сөз боор+ток+то формаларынан турат. Мунун составында боор уңгусу жана этиш жасоочу -ла (-то) мүчөсү бар экени даана билинет, бирок -ток морфемасынын мааниси белгисиз, мындай мүчө башка сөздөрдө жолукпайт. Аны оңкочокто же тоңкочукта сөздөрүндөгү -чок//чук мүчөсү менен окшоштурууга болот. Кыргыз тилиндеги оңкочокто сөзүнүн маанисин оңколо деген түрү да бере алат.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге боор тартып кыйылгандык, аны кыйбастык. Шволик аларды токтотуп калсак эмне, деген боор толгоосу чекилик экенине көзү жетпеди (Ашымбаев). Мен атамды аяп кеттим, бирок атам үчүн деген боор толгоом дагы да күчтүүлүк кылды («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге боор тартып кыйылгандык, аны кыйбастык. Шволик аларды токтотуп калсак эмне деген боор толгоосу чекилик экенине көзү жетпеди (Ашымбаев). Мен атамды аяп кеттим, бирок апам үчүн деген боор толгоом дагы да күчтүүлүк кылды («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жан тартуу, абдан аео, зээни кейүү. Булар да менчилеп турмуштун каабын таркаткан тура, - деп ага боору ачыды (Ашымбаев). Байкемдин эки көзү жок экендигине боору ачып, кейийт го (Жусупов). Эмнеликтен экенин билбейм, ушундай учурда таятама боорум ачып, тим эле ыйлагым келет дейсиң (Айтматов). - Мага бооруңуз ачып жатса керек, - деди (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жан тартуу, абдан аёо, зээни кейүү. Булар да менчилеп турмуштун каабын тарткан тура, – деп ага боору ачыды (Ашымбаев). Байкемдин эки көзү жок экендигине боору ачып, кейийт го (Жусупов). Эмнеликтен экенин билбейм, ушундай учурда таятама боорум ачып, тим эле ыйлагым келет дейсиң (Айтматов). В.: Боору ачышуу. Келиндин абалына боору ачышып, өзү да кемшиңдеп ыйлап, бир кемпир бетине суу чачты (Касымбеков). Жаш уланга боорум ачышып, түпсүз терең ойго батып, жер тиктеп былк этпестен тура берген экенмин (Баялинов). Боору ачынуу. Ага боору ачынган жумушчулар, курбу-курдаштары менен акылдашып көрдү (Баялинов). Алардын боору ачынды.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. БООРУ АЧУУ Келиндин абалына боору ачышып, өзү да кемшиңдеп ыйлап бир кемпир бетине суу чачты (Касымбеков). Жаш уланга боорум ачышып, түпсүз терең ойго батып, жер тиктеп былк этпестен тура берген экенмин (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аман-эсен, телегейи тегиз, эч убайымсыз, кайгысыз. Э, кызым, азыр кайда барсаң мамайдын көрү болбодубу! Боору бүтүн киши калбайт окшойт (Абдукаимов). Бул күндөрдө күнүмдүк оокаттын зарын тарткан кембагалдар гана эмес, боору бүтүн, ток пейил адамдардын башына да ой түшкөн (Каимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Аман-эсен, телегейи тегиз, эч убайымсыз, кайгысыз. Э, кызым, азыр кайда барсаң Мамайдын көрү болбодубу! Боору бүтүн киши калбайт окшойт (Абдукаимов). Бул күндөрдө күнүмдүк оокаттын зарын тарткан кембагалдар гана эмес, боору бүтүн, ток пейил адамдардын башына да ой түшкөн (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ийигүү, бир нерсеге макул болгондой муюй түшүү, көңүлдөнүү. Жалынсам боору жибир, жүрөгү ачышар, менин кайгымдын канчалык оор экендигин сезер, – деп ойлоду (Сайдуллаев). Ушул учурда Кыдырбектин боору жибип, ата-эненин көз жашынан коркту (Абдукаимов). Ылым санап, боорум жибип жооп бергенимди көр («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ийигүү, бир нерсеге макул болгондой муюй түшүү, көңүлдөнүү. Жалынсам боору жибир, жүрөгү ачышар, менин кайгымдын канчалык оор экендигин сезер - деп ойлоду (Сайдуллаев). Ушул учурда Кыдырбектин боору жибип, ата-эненин көз жашынан коркту (Абдукаимов). Ылым санап, боорум жибип жооп бергенимди көр («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абдан күлүү. Бүбүш шылдыңдап боору катып күлдү (Турусбеков). Кээде боорум катканча күлчү элем (Байтемиров) 2. Катуу ыйлоо (балага карата); 3. Бой жетүү, баралына келүү, толуу. Азыр боору ката элек балапансыңар (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Аябай күлүү, күлкүсүн тыя албай ыкшып калуу. Эмилбектин боору катып борсулдап, Сагындан качып ашкананы карай жөнөйт (Осмоналиев). Карап тургандардын баары күлүп, боору катты (Абдукаимов). Күлүп атып боорум катып калды («Ала-Тоо»). 2. Катуу ыйлоо (көбүнчө балага карата). Аргасыздан ата кетти жүрөгү сыздап, бала калды боору катып, солуп ыйлап (Касымбеков). 3. Чоңоюу, бой жетүү, баралына келүү. Өлбөсө булар дагы боору катып адам болор - деп чал күрсүнүп койду («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Кайрымдуу, мээримдүү адамдын көңүлүн калтырбаган. —Капырай, мындай боорукер баланы кайдан тапкансыңар? (Аалы). Майлыбай боорукер, жумшак мүнөз, баланы сүйгөн, акылы тетик киши болчу (Абдумомунов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кайрымдуулук, мээримдүүлүк, бирөөгө боору ооругандык, жаны ачыгандык, аягандык. Боорукерлик адамдын абдан жакшы белгиси (Жантөшев). Ошол боорукерлигиңден жаш аялмет катын-калачтын көргөн азабына тим карап тура албадың (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өтө алсыз, начар абалда калуу, кыйынчылык тартуу, абдан кедейленүү, жакырлануу. Боору менен жылып калган карыпка Султанаалынын боору ооруп, үйүнүн жанына көчүрүп алат (Каимов). Боору менен жылып кедей болуп калды. 2. Минер унаасы жок жөө калуу. Жалгыз аттан ажырап боорум менен жылганча, ошол азуулуулар үчүн сайдым башымды! (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. өтө алсыз, начар абалда калуу, кыйынчылык тартуу, абдан кедейленүү, жакырлануу. Боору менен жылып калган карыпка Султанаалынын боору ооруп, үйүнүн жанына көчүрүп алат (Каимов). Боору менен жылып, кедей болуп калды. 2. Минер унаасы жок жөө калуу. Жалгыз аттан ажырап боорум менен жылганча, ошол азуулуулар үчүн сайдым башымды! (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
өзүнө жакындатуу, өзүмсүнтүү, жакынсынуу, ылым саноо. Биз муну туугансып, боорубузга тартканыбыз менен ал болбойт окшойт (Медетов). Эненин сүйүнүчү коюн-кончко сыйбады, бечара элбиреп-делбиреп, өз кызындай ардактап, келинди бооруна тартты (Касымбеков). Жаманкул баланын жүрөгүндөгүнү козгой, өзүмсүнтүп бооруна тарта кайрылган (өгөбаев). В.: Боюна тартуу. Жатты жатыркатпай, чоочунду чоочуркатпай боюна тартат (Бейшеналиев). Сай сөөгү сыздай түшкөн Батыйна кичинекей сиңдисин боюна тарткансып Канымбүбүгө үйрүлө калып, жашын сүрттү (Сыдыкбеков). Боорго тартуу. Келгиндеримди пайдалуу дейсиң, Макул. Боорго тартып көрөлү (Бейшеналиев). Бооруна имерүү. – Жакшы бүлөнү душман колго алдырбай, өз бооруңарга имерсеңер боло (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзүнө жакындатуу, өзүмсүнтүү, жакынсынып ылым саноо. Биз муну туугансып боорубузга тартканыбыз менен ал болбойт окшойт (Медетов). Эненин сүйүнчү коюн-кончко сыйбады, бечара элбиреп-делбиреп, өз кызындай ардактап, келинди бооруна тартты (Касымбеков). Жаманкул баланын жүрөгүндөгүнү козгой, өзүмсүнтүп бооруна тарта кайрылган (Өгөбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан катуу кайгыруу, аябай капа болуу, кайгыдан бүк түшүп жатып калуу, өзөлөнүп, өксүп ыйлай берүү. Күйөөсүнүн бучук экенин билген соң Чынар эжем боорун жерден албай ыйлай берди (Сыдыкбеков). В.: Боорун жерге төшөө. Атасы Какачтын канын ичпесем моокумум канбайт деп, боорун жерге төшөп жатып алат («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чоңоюу, өсүп жетилүү, өз алдынча боло баштоо. Ушулардын боорун көтөрүп, жүдөбөй, ачкачылыктан өлүп калбай торолуп кетүүсүн самайт (Осмоналиев). Биз турмушка боорубузду көтөрө электе кирип, эрте жетилип калдыкпы дейм (Жусупов). 2. Турмуш-шарты оңолуу, тирденүү, Уулун колунан жетелеп жүрүп, боорун көтөрүп, эптеп орус мугалиминин жардамы аркасында окууга киргизет (Бейшеналиев). В.: Боорун жерден көтөрүү. Балдар боорун жерден көтөрө албай жатып чыркырап ыйлап калабы? (Абдукаимов). Боорумду жерден көтөрбөй, Кыргыздын кыйрын аралап... (Токомбаев). Боорун жерден алуу. Боорун жерден алгандан тартып, энесинин артынан ээрчип, алынын жетишинче кол кабыш кылууда (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Чоңоюбу, өсүп жетилүү, өз алдынча боло баштоо. Ушулардын боорун көтөрүп, жүдөбөй, ачкачылыктан өлүп калбай торолуп кетүүсүн самайт (Осмоналиев). Биз турмушка боорубузду көтөрө электе кирип, эрте жетилип калдыкпы дейм (Жусупов). 2. Турмуш-шарты оңолуу, тирденүү. Уулун колунан жетелеп жүрүп, боорун көтөрүп, эптеп орус мугалиминин жардамы аркасында окууга киргизет (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өлөр-тирилерине карабай аябай сабоо, абдан кыйноо, катуу тепкилөө. Боорун сыртына салып тепкилесе, айтпаганын көрөйүн, иттин гана баласы -деп жасоол камчысын бүктөй кармаган калыбында каны ичине тартып аркы-терки басып турду (Бейшеналиев). Кара мүртөс эри зайыбын күндө боорун сыртына салып тепкилеп жатса да: «Ой колуңду тарт..» деген бири жок (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аёо дегенди билбөө, боору оорубоо. Боорун сыртына салып тепкилесе, айтпаганын көрөйүн, иттин гана баласы, – деп жасоол камчысын бүктөй кармаган калыбында каны ичине тартып, аркы-терки басып турду (Бейшеналиев). Кара мүртөз эри зайыбын күндө боорун сыртына салып тепкилеп жатса да: «Ой колуңду тарт..» деген бири жок (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ыкшып, аябай күлүү, эрип калуу, күлкүсүн токтото албай ыкшып калуу. Жаш мугалим кыз аябай күлкүчү эле, боорун тырмап эрип калды (Борбуев). Кээ бирөө боорун тырмап өбөктөйт (Осмоналиев). В.: Боорун тытуу. Баланын шыбыраганы угулуп, отургандар боорлорун тытышып кыраан каткы (Казакбаев) Кээсине кадимкидей жашылданып, кээсине боорубузду тытып калчубуз («Кыргызстан маданияты»). Арунга жага бербей калды көрүнөт, ыкшып боорун тытып калды (Бердикеев). Боорун тырмап күлүү. «Телибай тентек» казалына баары боорун тырмап күлбөспү (Бейшеналиев). Качыке боорун тырмап күлдү (Абдукаимов). Ичин тырмап күлүү. Балдар ичин тырмап күлүп жатышкан эле (Абдукаимов). Боорун эзүү. Кээде чукугандай сөз тапканын кантесиң түгөттүн. Бооруңду эзет (Абакиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. БООРУН ТЫРМАЛОО Баланын шыбыраганы угулуп, отургандар боорлорун тытышып кыраан каткы (Казакбаев) Кээсине кадимкидей жашылданып, кээсине боорубузду тытып калчубуз («Кыргызстан маданияты»). Арунга жага бербей калды көрүнөт, ыкшып боорун тытып калды (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаш балдарга (көбүнчө эркек балдарга) карата тилдөө, каргап-шилөө маанисинде колдонулат. Бооруңа келгир! Тайманбай айтышып турганын кара, анык тайбас болот окшойсуң! («Ала-Тоо»). В.: Бооруңа чечек чыккыр! Тышка кулак түргөн Татыке алкына кетти: – Бооруңа чечек чыккан өлүкканаңды көрөйүн ээ! (өмүрбаев). Бооруңа чок түшкүр! – Ушу сенин ошоякка бооруң тартып жүрөт окшойт. О, бооруңа чок түшкүр! (Медетов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Боорукерлик кылуу, жардам берүү, жакшылык жасоо. Анын томолой жетим экенин укканда Ашырбек боору ооруп, аянычтуу карады (Ашымбаев). Андай шоордууларга Байымбеттин боору ооруп сабылганычы (Бейшеналиев). Ал тирүүлөй жетим, анан кантип бооруң оорубасын (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аёо, боорукерлик кылуу, жардам берүү, жакшылык жасоо. Анын томолой жетим экенин укканда Ашырбек боору ооруп, аянычтуу карады (Ашымбаев). Андай шоордууларга Байымбеттин боору ооруп сабылганычы (Бейшеналиев). Ал тирүүлөй жетим, анан кантип бооруң оорубасын (Айтматов). Акмат Каныбекке боору ооруп, эчен ирет сырын сураган (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чыдай албай жан тартуу, кыйып кете албоо, аяп туруу, имерчиктөө. Боорум түтпөй... жесир энең, жетим бөбөктөрүң менен көчүрүп баратам (Бейшеналиев). Алмакуңдарды көргөндө, кантсин, боору түткөн жок. («Ала-Тоо»). Боору түтпөй Төлөмүштөн бир туугандык жакшылык күтүп жүрүшөт (Бердикеев). В.: Боору толгонуу. Кемпирдин боору толгонуп, ырайым этип, ырчыны бошоткон экен (Бейшеналиев). Устасынын боору толгонуп, жаш баладай кыялга жетеленгенин кыйбайт (Бейшеналиев). Боору чыдабоо. Анан айласыздан боору чыдабай жалгыз эчкисин дагы кармата берет (Алыбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чыдай албай жан тартуу, кыйып кете албоо, аяп туруу, имерчиктөө. Боорум түтпөй .. жесир энең, жетим бөбөктөрүң менен көчүрүп баратам (Бейшеналиев). Боору түтпөй Төлөмүштөн бир туугандык жакшылык күтүп жүрүшөт (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абдан жакшы көрүү, элжиреп ичи ысуу (көбүнчө балага карата). Бает балдарын биринен сала бирин эркелетип, алардын кыял-жоругуна боору эзилип, толкуп-ташып отурган экен (өмүрбаев). Небересин көрүп боору эзилип кетти (Сыдыкбеков). 2. Абдан капа болуу, ичи күйүү, катуу кайгыруу. Сатарга чын эле күйүп, боору эзилип жаттыбы, айтор, жан дүйнөсү башкача өзгөрүп, деңге мас болуп турду (Бердикеев). Элди, жерди сагынганымды айтпа! Ойлосом боорум эзилет (Токомбаев). Ошолорду жоктойм. Сөөгүңөр кайда калды экен деп, боорум эзилип боздойм, балам («Ала-Тоо»). 3. Күлкүсүн токтото албоо, ыкшып күлүү, кыткылыктай берүү. Тополоң анын дал өзү болуп туурап жатса, көргөндөрдүн боору эзилип, ичеги-карды жерге түшчү (Осмоналиев). Кыз күлкүсүн тыя албай боору эзилип жатты (Укаев). Ал кыткылыктай берип боору эзилип, ичин мыкчый кызарып татарат (Жигитов). 4. Көбүнчө эрип-эпчип, көгөрүп-татарып көпкө, узак ыйлап калган кичинекей балага карата айтылат. Шүмүрөйгөн гана албарсты, мына бул баланын боору эзилип калса эмне болот ыя! (Исмаилов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Абдан жакшы көрүү, элжиреп ичи ысуу (көбүнчө балага карата). Бает балдарын биринен сала бирин эркелетип, алардын кыял-жоругуна боору эзилип, толкуп-ташып отурган экен (Өмүрбаев). Небересин көрүп боору эзилип кетти (Сыдыкбеков). 2. Абдан капа болуу, ичи күйүү, катуу кайгыруу. Сатарга чын эле күйүп боору эзилип жаттыбы, айтор, жан дүйнөсү башкача өзгөрүп, деңге мас болуп турду (Бердикеев). Элди, жерди сагынганымды айтпа! Ойлосом боорум эзилет (Аалы). Ошолорду жоктойм. Сөөгүнөр кайда калды экен деп боорум эзилип боздойм, балам («Ала-Тоо»).3 . Күлкүсүн токтото албай ыкшып күлүү, аябай ыкшып кыткылыктай берүү. Тополоң анын дал өзү болуп туурап жатса, көргөндөрдүн боору эзилип, ичеги-карды жерге түшчү (Осмоналиев). Кыз күлкүсүн тыя албай боору эзилип жатты (Укаев). Ал кыткылыктай берип боору эзилип, ичин мыкчый кызарып-татарат (Жигитов). 4. Көбүнчө эрип-эрчип, көгөрүп-татарып көпкө, узак ыйлап калган кичинекей балага карата айтылат. Шүмүрөйгөн гана албарсты, мына бул баланын боору эзилип калса эмне болот ыя! (Исмаилов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө жакын, абдан ысык, сүйгүнчүктүү, өтө кымбат. Чын эле Бала дегениң боор эт менен тең экен (Сарногоев). Дир эткен кылынан күү төккөн комуз кыргыз журтунун боор эти менен тең («Советтик Кыргызстан»). Мал тоолуктарга боор эт менен тең, ансыз күн көрүү кыйын (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө жакын, абдан ысык, сүйгүнчүктүү, өтө кымбат. Чын эле Бала дегениң боор эт менен тең экен (Сарногоев). Дир эткен кылынан күүтөккөн комуз кыргыз журтунун боор эти менен тең («Советтик Кыргызстан»). Мал тоолуктарга боор эт менен тең, ансыз күн көрүү кыйын (Бейшеналиев).