БООРУ ООРУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Аёо, боорукерлик кылуу, жардам берүү, жакшылык жасоо. Анын томолой жетим экенин укканда Ашырбек боору ооруп, аянычтуу карады (Ашымбаев). Андай шоордууларга Байымбеттин боору ооруп сабылганычы (Бейшеналиев). Ал тирүүлөй жетим, анан кантип бооруң оорубасын (Айтматов). Акмат Каныбекке боору ооруп, эчен ирет сырын сураган (Жантөшев).