Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Боор жагы жерге тийген абалда жатуу» деген маанидеги сөз боор+ток+то формаларынан турат. Мунун составында боор уңгусу жана этиш жасоочу -ла (-то) мүчөсү бар экени даана билинет, бирок -ток морфемасынын мааниси белгисиз, мындай мүчө башка сөздөрдө жолукпайт. Аны оңкочокто же тоңкочукта сөздөрүндөгү -чок//чук мүчөсү менен окшоштурууга болот. Кыргыз тилиндеги оңкочокто сөзүнүн маанисин оңколо деген түрү да бере алат.