Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Боорукерлик кылуу, жардам берүү, жакшылык жасоо. Анын томолой жетим экенин укканда Ашырбек боору ооруп, аянычтуу карады (Ашымбаев). Андай шоордууларга Байымбеттин боору ооруп сабылганычы (Бейшеналиев). Ал тирүүлөй жетим, анан кантип бооруң оорубасын (Айтматов).