Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жакындабоо, жолобоо. Бирок Сүйүнбайдын балдары бөтөн адамдай боор бербей өсүштү (Өгөбаев). Сайра карап буртуйду: - Ошолор мага болобу, ошолормага боор береби?! (Касымбеков). Үпөл кишиге жакындамак турсун, оңой менен жээк-жааттарга боор бербейт («Ала-Тоо»).