БООРУ КАТУУ II
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Аябай күлүү, күлкүсүн тыя албай ыкшып калуу. Эмилбектин боору катып борсулдап, Сагындан качып ашкананы карай жөнөйт (Осмоналиев). Карап тургандардын баары күлүп, боору катты (Абдукаимов). Күлүп атып боорум катып калды («Ала-Тоо»). 2. Катуу ыйлоо (көбүнчө балага карата). Аргасыздан ата кетти жүрөгү сыздап, бала калды боору катып, солуп ыйлап (Касымбеков). 3. Чоңоюу, бой жетүү, баралына келүү. Өлбөсө булар дагы боору катып адам болор - деп чал күрсүнүп койду («Кыргызстан маданияты»).