Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жан тартуу, абдан аео, зээни кейүү. Булар да менчилеп турмуштун каабын таркаткан тура, - деп ага боору ачыды (Ашымбаев). Байкемдин эки көзү жок экендигине боору ачып, кейийт го (Жусупов). Эмнеликтен экенин билбейм, ушундай учурда таятама боорум ачып, тим эле ыйлагым келет дейсиң (Айтматов). - Мага бооруңуз ачып жатса керек, - деди (Айтматов).