Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө жакын, абдан ысык, сүйгүнчүктүү, өтө кымбат. Чын эле Бала дегениң боор эт менен тең экен (Сарногоев). Дир эткен кылынан күүтөккөн комуз кыргыз журтунун боор эти менен тең («Советтик Кыргызстан»). Мал тоолуктарга боор эт менен тең, ансыз күн көрүү кыйын (Бейшеналиев).