сын. Кайрымдуу, мээримдүү адамдын көңүлүн калтырбаган. —Капырай, мындай боорукер баланы кайдан тапкансыңар? (Аалы). Майлыбай боорукер, жумшак мүнөз, баланы сүйгөн, акылы тетик киши болчу (Абдумомунов).
Кайрымдуу, мээримдүү, ырайымдуу жан тарткыч. Сен андай боорукер болсоң, бирин учкаштырып, бирин өңөрүп кетип жүр (Касымбеков). Карыптарга боорукер, Кайрылуу жагы дагы бар (Токтогул).
зат. Кайрымдуулук, мээримдүүлүк, бирөөгө боору ооругандык жаны ачыгандык. —Боорукерлик адамдын абдан жакшы белгиси (Жантөшев). Анын сергектигин, боорукерлигин айтпа (Каимов).
Кайрымдуулук, мээримдүүлүк, бирөөгө боору ооругандык, жаны ачыгандык, аягандык. Боорукерлик адамдын абдан жакшы белгиси (Жантөшев). Ошол боорукерлигиңден жаш аялмет катын-калачтын көргөн азабына тим карап тура албадың (Айтматов).