боор
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. 1. Адамдын, айбандардын етүн жана тамак сиңирүүгө зарыл болгон бир катар заттарды иштеп чыгаруучу ички органы.
♦ Боорун атартуу—өзүнө жакындатуу, жакынкылуу. Боор толгоо к. толго. Боору таш же таш боор — катаал, ырайымы жок, ырайымсыз, кара мүртөз. Душман ырайымсыз жана таш боор (Сыдыкбеков). Пайда кылбайт кедейге Бай-манаптын боору таш! (Тоголок Молдо). Боору катуу —
1) таш боор, бирөөгө боору оорубаган;
2) бойго жетүү, баралына келүү, толуу. Азыр бооруңар ката элек балапансыңар (Бейшеналиев); 3) аябай күлүү, күлкүсү тыйылбоо. Боор көтөрүү — чоңоюу, өсүү, бойго жетүү. Көк боор — курсак көңдөйүнүн сол жак үстүнкү бурчунда жатып, кан шариктерин бөлүп чыгаруучу орган. Кара боор — тез учуучу боору кара илбээсин куш.
- 2. Адамдын, айбандардын курсак жана төш жагы. Эки колун бооруна алып үңкүйө жер карап отурган Алыбай (Жантөшев). [Ок жетпес].. боорун жерге төшөп жата калды (Сыдыкбеков).
- 3. Тоонун, жардын, дубалдын ж. б. бети, каптал тарабы. Жар бооруна уя салган таандарды көрдүк («Жаш ленинчи»). Тамдын бооруна эки-үч мык кагып, кийимкечесин илди («Ала-Тоо»).
- 4. Белгилүү бир жердин аймагы, айланасы, өрөөнү. Чүй боору. [Токтогул] Өзүнүн күүлөрүн Анжиян боорундагы кыргыздарга таркатып кетти (Бөкөнбаев).
- 5. өт. Жакын, тууган, тукуму, теги бир. Бир боор элбиз, жакынбыз («Ала-Тоо»). Далай таттуу даам жедим колуңдан, Кем көрбөдүң өз бир тууган бооруңдан (Осмонов).