БООРУН КӨТӨРҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Чоңоюбу, өсүп жетилүү, өз алдынча боло баштоо. Ушулардын боорун көтөрүп, жүдөбөй, ачкачылыктан өлүп калбай торолуп кетүүсүн самайт (Осмоналиев). Биз турмушка боорубузду көтөрө электе кирип, эрте жетилип калдыкпы дейм (Жусупов). 2. Турмуш-шарты оңолуу, тирденүү. Уулун колунан жетелеп жүрүп, боорун көтөрүп, эптеп орус мугалиминин жардамы аркасында окууга киргизет (Бейшеналиев).