Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. өттү жана тамак сиңирүүгө керек болгон заттарды иштеп чыгаруучу адамдын жана айбандын ички органы, мүчөсү. Жүр майданга, баатыр балдар киребиз, Жат душмандын боорун жарып тилебиз (Барпы). Балам, мына бул боорду бышырып жей тургула (Жантөшев). 2. Төш тарап, көкүрөк жак, ич жак тарап. Эрнис эки колун бооруна алып ары-бери басат (Жантөшев). Эрке кыз Жылдызканды акырын гана бооруна кысып, каадасынча төбөсүнөн жыттады (Байтемиров). Аскерлер бирде боорлору менен жылып, бирде далдалуу жерге илбирстей секирип жүгүрүшүп кетип баратышты (Жантөшев). 3. Тоонун, жардын, дубалдын ж. б. капталы, бети. Эми көр, ал боорго бак сайылган (Маликов). Четин асканын бооруна жабышып чыккан (Жантөшев). Дубалдын боорундагы саатты караса, он экиге жакындап калыптыр (Байтемиров). 4. Белгилүү бир жердин аймагы, айлана чөйрөсү, өрөөнү. Тоодой саман үйүлүп, Чүй боору эгин жыттанат (Шүкүрбеков). 5. Бир тууган, тууган, тукуму, теги бир. Аркаңда калган карындаш, Бооруңар айтат саламды (Бөкөнбаев). || Жүрөк сезимин, кишинин көңүлүн, боорукерликти, жакын санагандыкты билдирүүдө колдонулат. Туугандын өзү таарынса да, боору таарынбайт (макал). Алмамбет акыл ойлонду, Аябай боору толгонду («Манас»).