БООРУНА ТАРТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өзүнө жакындатуу, өзүмсүнтүү, жакынсынып ылым саноо. Биз муну туугансып боорубузга тартканыбыз менен ал болбойт окшойт (Медетов). Эненин сүйүнчү коюн-кончко сыйбады, бечара элбиреп-делбиреп, өз кызындай ардактап, келинди бооруна тартты (Касымбеков). Жаманкул баланын жүрөгүндөгүнү козгой, өзүмсүнтүп бооруна тарта кайрылган (Өгөбаев).