Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Байыркы түрк сөздүгүндө» багыр сөзүнүн төмөнкүдөй маанилери көрсөтүлгөн: «1) печень; 2) живот, брюхо; 3) перен. сердце; 4) родственник кров-ный» (ДРС, 78). Э. В. Севортяндын сөздүгүндө багыр сөзүнүн маанилери мындайча берилген. «1) печень, печенка; 2) сердце; 3) грудь; 4) живот; 5) передняя часть предмета; 6) бок, склон горы; 7) родственник, кровный родственник» (Севортян, 1978, 18). Ошону менен бирге автор багыр 4) «живот» деген маанисин борбордук мааниси деп эсептеп, калган маанилердин баары андан өнүккөн деген тыянакка келген. Андан тышкары сары уйгурлардын тилиндеги пегин «ичеги» деген сөз баг-->бег болуп өзгөрүшү аркылуу багыр жана пеген сөздөрү баг+ар, баг+ын деген морфемалардан куралып, баг этишине -ар жана -ын мүчөсү жалгануудан келип чыккан сөз деп болжолдойт. Эгер багыр жана пеген сөздөрүнүн тектештиги чындык болсо, анда монголчо мах(ан) «эт» кыргызча быкын//мыкын «сүбөөнүн ылдый жагындагы бүлкүлдөк эт» деген сөздөр да багын//быкын болуп өзгөрүшү менен жакындашат. Ошондо боор, эт, ичеги, жүрөк деген сөздөрдүн маанисин берген багыр, быкын деген сөздөр бир уңгудан чыккан болор эле. Г. Рамстедттин түркчө багыр «боор» сөзүн монголчо багир «жумшак» сөзүнөн келип чыккан деген пикиринде чындыктын үлүшү бар. Эт, боор, жүрөк, ичеги-карындардын баары жумшак, аларда сөөк, тарамыш, кемирчектери жок болору белгилүү. Ошондуктан малдын эти, ичеги-карды, өпкө-жүрөгү, боору жумшактыгы боюнча бир уңгудан чыккан сөз менен аталышы мүмкүн. Түркчө багыр сөзүнүн келип чыгышын мындай түшүндүрүүгө болот. Монгол тилинде багир сөзү «кочкул кара түс» дегенди билдирет (МРС, 54). Ушуга караганда түрк тилдериндеги багыр «боор» сөзү монголчо багир деген сөз аркылуу түшүндүрүлүшү боордун кара кочкул түсүнө төп келет. Боордун өңү анын аталышына негиз болгон. Ошондуктан боордун тушундагы, жанындагы жерлер да ал сөз менен атала беришинен «2) жүрөк, 3)көкүрөк, боор жак; 4) ич; 5) алды жак; 6) каптал деген маанилери келип чыккан. Түркчө багыр «боор» сөзүнөн орусча багровый, багряный деген сын атооч сөздөр жаралышы да бул сөздүн түпкү мааниси өңдү-түстү билдирген сөз болгондугуна кошумча далил боло алат. Кыскасы, монголчо багир сөзү түрк тилдерине багыр түрүндө кабыл алынган. Көпчүлүк түрк тилдеринде байыркы түрүн сактап калса, кыргыз тилинде боор болуп өзгөргөн.