Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ийигүү, бир нерсеге макул болгондой муюй түшүү, көңүлдөнүү. Жалынсам боору жибир, жүрөгү ачышар, менин кайгымдын канчалык оор экендигин сезер - деп ойлоду (Сайдуллаев). Ушул учурда Кыдырбектин боору жибип, ата-эненин көз жашынан коркту (Абдукаимов). Ылым санап, боорум жибип жооп бергенимди көр («Кыргызстан маданияты»).