БООРУ ЭЗИЛҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Абдан жакшы көрүү, элжиреп ичи ысуу (көбүнчө балага карата). Бает балдарын биринен сала бирин эркелетип, алардын кыял-жоругуна боору эзилип, толкуп-ташып отурган экен (Өмүрбаев). Небересин көрүп боору эзилип кетти (Сыдыкбеков). 2. Абдан капа болуу, ичи күйүү, катуу кайгыруу. Сатарга чын эле күйүп боору эзилип жаттыбы, айтор, жан дүйнөсү башкача өзгөрүп, деңге мас болуп турду (Бердикеев). Элди, жерди сагынганымды айтпа! Ойлосом боорум эзилет (Аалы). Ошолорду жоктойм. Сөөгүнөр кайда калды экен деп боорум эзилип боздойм, балам («Ала-Тоо»).3 . Күлкүсүн токтото албай ыкшып күлүү, аябай ыкшып кыткылыктай берүү. Тополоң анын дал өзү болуп туурап жатса, көргөндөрдүн боору эзилип, ичеги-карды жерге түшчү (Осмоналиев). Кыз күлкүсүн тыя албай боору эзилип жатты (Укаев). Ал кыткылыктай берип боору эзилип, ичин мыкчый кызарып-татарат (Жигитов). 4. Көбүнчө эрип-эрчип, көгөрүп-татарып көпкө, узак ыйлап калган кичинекей балага карата айтылат. Шүмүрөйгөн гана албарсты, мына бул баланын боору эзилип калса эмне болот ыя! (Исмаилов).