Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Өзүнө карай сүйрөө; булкуу, жылдыруу, жыюу, ордунан козголтуу. Карагай тарт. Колунан тарт. Араба тарт. Чана тарткан ат. Түндүк тарт. Буту-колун тартып, жыйналышып отуруу.
  1. 2.                  Чоюу, керүү. Жаа тарт. Тизгин тарт. Аркан тарт.
  2. 3.                  Транспорт менен кандайдыр бир жүктү ташуу, бир жерден экинчи жерге жеткирүү. Чөп тарт. Эгин тарт. Кызылча тарт.
  3. 4.                  Тамак-аш коюу, берүү. Эт тарт. Аш тарт. Табак тарт.
  4. 5.                  Тартуу кылуу. Алдына ат тартып, үстүнө чапан жабуу. Алтымыш буудан айдатып, Алдына тартуу тартпайбы («Эр Табылды»).
  5. 6.                  Таразалап ченөө, өлчөө. Эки кило кант тартып бере койчу. Нан тартып берүү. Даң, тарта турган таразаңар барбы? («Ала-Тоо»).
  6. 7.                  Музыкалык аспаптарды ойнотуу, күүгө келтирүү. Кыяк тарт. Чоор тарт. Сурнай тарт.
  7. 8.                  Данды тегирменден же жаргылчактан өткөрүү, майдалоо. Тегирменге ун тартып алуу. Жаргылчакка талкан тарт.
  8. 9.                  Белгилүү бир жакка багыт алуу, жөнөө, жүрүү. Жолтарт. Сапар тарт. Үйдү карай тартты.
  9. 10.              Тамеки, нашаа, насыбай чегүү. Тамеки тарт. Папирос тарта баштады. Нашаа тарт.
  10. 11.              Жабыштыруу, сыйпоо, жугузуу. Жарага чайыр тарт. Бетине көө тарт. Камыр тарт.
  11. 12.              Кандайдыр бир түргө, кейипке келүү; бир абалдан экинчи абалга өтүү, өзгөрө түшүү. Кара көк тартты. Бозомук тарта баштады. Киргил тартты. Оорусу жеңил тартып калды. Иш кыйын тарта баштады. Күн салкын тартып калды.
  12. 13.              Дуушар болуу, башынан кечирүү, өткөрүү, көрүү. Зыян тарт. Кайгы тарт. Запкы тарт. Азап тарт.
  13. 14.              Кебетеси, кыялы, мүнөзү же башка белгилери боюнча окшоп, сыяктанып кетүү. Атасын тартып балбан болчудан («Ала-Тоо»). Энесин тартат көрүнөт, өңдүү-түстүү киши болуптур («Ала-Тоо»). Мал ээсин тартпаса, арам өлөт (макал).
  14. 15.              Катыштыруу; жооптуу, милдеттүү кылуу, айыптоо. Кызматка тарт. Көпчүлүктүн ишине тарт. Жоопко тарт. Сотко тарт.
  15. 16.              Белгилүү бир тарапты, адамды колдоого алуу, жактоо, болушуу, ошол жакка ниетин, пейлин салуу. Өз тууганына тартат. Өз жакынына тарткысы келет. Таанышына, жолдошторуна тартмак болду.
  16. 17.              Сүрөт түшүрүү, бир нерсенин сүрөтүн, элесин салуу. Сүрөткө тарт. Сүрөтүн тартып берүү.

18. Жазы, жука нерсени (буюмду) керүү, керип илүү же калкалап коюу. Көшөгө тарт. Килем тарт. Туш кийиз тарт.
  1. 19.              Бөлүштүрүү, бөлүштүрүп берүү (карта оюнунда карта бөлүштүрүү).
  2. 20.              Төлгө салуу. Төлгөчү кара Төлөгүм, Төлгөңдү тартчы көрөйүн («Манас»).
  3. 21.              Чабуу, чаап жиберүү. Жаакка тартып жиберүү. Камчы менен тартып калуу.
  4. 22.              Өсүү, жетилүү. Бой тартып өсүп калган кези. Эс тарткан балдар.
  5. 23.              Биринен экинчисине өтө, алмашыла баштоо. Күзгө тартып калды. Мезгил кышка тартып калган кез. Күндөр өтүп, айлар күзгө тартканда (Аалы).
  6. 24.              Даярдоо, даярдап чыгаруу (арак, пиво ж. б. сыяктуу ичкиликтерге карата). Өзүнчө кылып санатты, Кымыздан тартып аракты («Мендирман».)
  7. 25.              Бөлүп, ажыратып чыгаруу. Май тартып сүттөн сыгылып (Турусбеков). Тарткан сүттүн каймагы.
  8. 26.              Катар, кырка ж.б. болуп туруу, тизилүү, туурасынан тура калуу. Туура тарт. Кырка тарт. Катар тарт. Уй мүйүз  тартып  отуруу.
  9. 27.              Кандайдыр бир дабыш чыгара дем алуу, демин ичине тартылтуу. Коңурук тарт. Оп тарт. Кемпир ишене албай өңгөчүн тартып сүйлөдү (Сыдыкбеков). Дем тарта албай калды.
  10. 28.              Оруу, чабуу, жандыруу ж.б. максаттарга ылайык шилтөө, шилтей аракет кылуу. Ширеңке тарт. Орок тарт. Береги чалгы тарткан келиндер негедир сумсайыңкы күлүшөт (Сыдыкбеков).
  11. 29.              Белгилүү бир убактан, мезгилден баштап. Бүгүндөн тарта. Эртеңден тарта. Күздөн тарта. Келгенден тарта. Жаралгандан тарта.
  12. 30.              Күч көрсөтүп же түрдүү аракеттерди, амалды колдонуп алып коюу, жулуп алуу, өзүнө оодарып, ыйгарып кетүү. Колуктуңду тартып кетиштиби? («Ала-Тоо»). Атын тартып алып коюшту.
  13. 31.              «Токтот!», «жетишет!», «катылба!» деген мааниде колдонулат. Тарт тилиңди! Тарт колуңду!
  14. 32.              Бирөөнү өзүнө жакындатуу, өзүнүн таасирине өткөрүү, үйүр кылуу. Баланы өзүнө тартып, боюна үйүр кылып алды.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. тянуть, тащить; возить;
башына тартса - аягына, аягына тартса, башына жетпейт погов. натянет на голову - на ноги не хватает, натянет на ноги - на голову не хватает; нос вытянет - хвост увяз, хвост вытянет - нос увяз;
турган жеринен бутун тартпады он не двинулся (букв. не потянул ноги) с того места, на котором стоял;
жип тарт- протянуть верёвку;
ат жалын тартып мингенде
1) когда он садился (на коня), держась за гриву;
2) перен. (о мальчике) когда он немного подрос;
кулактан тарт- драть за уши;
чачтан тарт- таскать за волосы;
жаа тарт- натягивать тетиву; стрелять из лука;
катар тарт- строиться в ряды;
тузак тарт- ставить силки;
божу тарт- потянуть вожжи (управляя лошадью);
божусун кайда тартса, ат ошол жакка кете берет лошадь идёт туда, куда потянут вожжи;
орок тарт- жать серпом;
чалгы тарт- косить косой;
жүк тарт- возить груз;
бензин тарткан машина кээде киши тартып калат (авто-) машина, на которой возят бензин, иногда возит людей;
2. подавать угощение;
аш тарт- или табак тарт- подавать пищу, угощение;
3. уст. подносить, дарить (вышестоящему или в возмещение причинённого ущерба);
чапан жаап, ат тартты он поднёс (или уплатил в качестве штрафа) халат и коня;
Шамырбек датканын алдына ат тартып, үстүнө чапан жаап, анан уруксат алар эле фольк. у Шамырбека датхи (см. датка) получали разрешение, дав в дар: под него - коня, на него - халат;
4. кастрировать (путём перекручивания семяпроводов);
сени тартып таштаганбы? кастрат ты, что ли? а ты-то не мужчина, что ли?
5. (точнее таразага тарт-) взвешивать, отвешивать;
мага беш кило кант тартып бериңиз отвесъте мне пять кило сахара;
6. играть (на духовом инструменте);
чоор тарт- играть на дуде, на свирели;
сурнай тарт- играть на зурне;
гармон тарт- играть на гармони;
7. молоть (зерно);
тегирменге барып, ун тартып келдим я съездил на мельницу и намолол муки;
8. двигаться, направляться;
жолдон бурулуп, бизди карай тартты он свернул с дороги и направился к нам;
ал бура тартып келди он повернул (коня) и подъехал (сюда);
тарт бери! подъезжай сюда!;
бери тарта кет (по пути) заверни сюда;
жол тарт- двинуться в путь;
кой эми, жол тарталы перестань, давай двинемся в путь;
мындан ары жол тартсаң, жер маанисин ай тайын фольк. если поедешь дальше, я расскажу тебе о дороге;
9. курить или закладывать в рот табак;
тамеки тарт- курить табак;
бопорос тарт- курить папиросы;
асмай тарт- закладывать (за нижнюю губу, под язык) насвай;
10. намазывать; прикладывать;
малаам тарт- приложить пластырь;
көө тарт- намазать сажей;
көө тарткандай бетиме тамга салды он меня осрамил (букв. мне на лицо наложил пятно, как будто намазал сажей);
саным күйүп баратат, кар тартсам, жаным сер алар дейм у меня бедро (от боли) горит, можетбыть, мне будет легче, если приложить снег;
11. принимать какой-л. цвет, вид, какую-л. форму; становиться какого-л. цвета, вида, какой-л. формы; приобретать какой-л. оттенок; приобретать какие-л. качества;
саргылт тарт- иметь жёлтый оттенок;
кара көк тартып приняв тёмно-синий оттенок;
куба тарт- побелеть;
кубалжын тарт- слегка побледнеть;
ыргылжың тарт- быть в сомнении, в нерешительности;
киргил тарт- принять мутноватый, грязноватый оттенок;
көңүлсүз тарт- становиться скучным;
кыйын тарт- становиться трудным, затруднительным; чувствовать ухудшение (о больном);
жеңил тарт- чувствовать облегчение (о больном);
жымжырт тарт- стать безмолвным;
аба кечке салкын тартып турду к вечеру погода становилась холоднее;
аба ырайы бир далай салкын тартып калган очень похолодало (букв. погода очень похолодала);
сейрек тартып калды поредело;
жашык тарт- становиться излишне чувствительным, слезливым;
карганда жашык тартып калат белем, бышактап Абдылдага кулач керди стих. в старости, видимо, становятся слезливыми: он, всхлипывая, раскрыл объятия для Абдылды;
мени, тестиер тарта баштаганда эле, диндик мектепке окууга беришкен меня отдали в духовную школу, как только я немного подрос;
эс тарт- (повзрослев) умнеть, начать сознательно относиться к окружающему;
мен эс тартканы с тех пор, как я себя помню, с тех пор, как я немного подрос;
эс тарткандан тартып, комуз үнүнө кулак салып, аны кармалай калып, кайрууларды үйрөнөт с тех пор, как он немного подрос, он слушает звуки комуза, держит его в руках и обучается мелодиям;
12. испытывать, переживать; подвергаться чему-л.;
запкы тарт- подвергаться притеснениям, унижениям, гонениям;
зыян тарт- понести убыток;
азап тарт- испытывать мучение, мучиться;
айып тарт- платить штраф; подвергнуться штрафу;
жаза тарт- подвергнуться наказанию, понести наказание;
13. удаться, уродиться в кого-л.;
энесин тартканбы, атасынбы? он уродился в мать или в отца?
Күлай энесин жазбай тартыптыр Кюлай уродилась прямо-таки в мать; Кюлай - вылитая мать;
(Семетей) атасы Манасты тартып, баатыр болот фольк. (Семетей) уродившись в отца своего Манаса, становится богатырём;
атасын тартпай, кем кайрат, жаман болду он не в отца пошёл, оказался неэнергичным, никудышным;
мал ээсин тартпаса, арам өлөт погов. по хозяину и скот;
14. с предшеств. дат. п. привлекать;
коомдук ишке тарт- привлекать к общественной работе;
сотко тарт- или сот жообуна тарт- привлечь к суду;
өзүнө тарт- привлекать на свою сторону; вызывать к себе симпатию;
маа тарттың ты стал на мою сторону;
15. подражать кому-л., следовать чьему-л. примеру;
сен Кусейинди тартпа ты Хусаину не подражай; не считай Хусаина для себя примером;
16. располагаться вдоль чего-л.; располагать, растягивать;
аргын, кыргыз ой тартып, конуп жаткан жери экен фольк. то было место, где (племя) аргын и киргизы расположились вдоль по низине;
килем тартып коюптур он повесил ковёр (напр. на стену);
17. изображать;
сурөт тарт- изображать, рисовать, фотографировать;
анын сүрөтүн тарттым или аны сүрөткө тарттым я его нарисовал; я его сфотографировал;
18. сдавать (карты);
ким тартат? кто сдаёт?
19. в форме деепричастие прош. или наст. вр. и с предшеств. исх. п. от, с, начиная от;
алтынчыдан тартып, он жетинчи сентябрге дейре с шестого по семнадцатое сентября;
мындан ары тарта впредь, отныне;
бир топ жылдардан бери тарта вот уже много лет, как...;
октябрден тартып начиная с октября;
бир метрден тартып, беш метрге чейин от одного до пяти метров;
капчыгайдын орто ченинен тарта начиная от средины ущелья;
тоют маселеси чечиле баштагандан тартып, Оргочордо бардык иш оңоло баштады с тех пор, как начал разрешаться вопрос с кормами, в Оргочоре стала налаживаться вся работа;
тартып жибер- ударить, огреть;
жаакка тартып жибер- дать по скуле; заехать в морду;
атын үч-төрт тартып жиберди он вытянул (хлестнул) своего коня три-четыре раза;
ширеңке тарт- чиркнуть спичкой;
тартып... силой, насильно (сделать что-л.);
тартып ал- отнять;
тартып өп- поцеловать насильно, против желания другого;
сурап ичкен - суу ичкен; тартып өпкөн - жел өпкөн погов. выпить выпросив - всё равно, что воды выпить, поцеловать насильно - всё равно, что ветер поцеловать;
сырларын тартып көр выведай у него его тайны;
арак тарт- гнать водку (гл. обр. самогон);
калмакча тарткан арактан, мелтирете куйду эми фольк. вот он налил дополна водки, приготовленной по-калмыцки;
уй мүйүз тартып отуруп сев в кружок (кругом);
бой тарткан кыз взрослая девушка; девушка на выданье;
колуңарды тарткыла! руки прочь!;
тарт тилиңди! замолчи!; прикуси язык!;
тарта сүйлөңүз следите за своими словами;не очень-то распускайте язык;
тилин тартпай, ичиндегисин баарын айтты не стесняясь в выражениях, он изложил всё, что у него накопилось;
тилин тартпаган несдержанный на язык;
тарт арабаңды! проваливай!;
оң көзүм тартып турат (примета) у меня правый глаз подёргивает (к добру или к худу);
баш тарт- уклоняться;
баш тартпайлык, аткаралык не будем-ка уклоняться, давайте выполним;
аттын башын тарт-
1) натянуть поводья, попридержав коня;
2) сдерживать себя, не давать себе воли;
атыңдын башын тарт умерь свои аппетиты, не очень-то вольничай;
атыңдын башын тартыбыраак жүр будь поскромнее в своих аппетитах, не позволяй себе вольничать;
тиктегенден тартпаган упорный, никогда не отступающий от намеченной цели;
мурун тарт- шмыгать носом;
мурдун тарта-тарта то и дело шмыгая носом;
мурдун тарталбаган (о человеке) никчёмный, никудышный;
тарткан убак с предшеств. дат. п. время клонилось к..., чувствовалось приближение...;
жай айлары аяктап, күзгө тарткан убак летние дни подходили к концу, чувствовалась близость осени;
баш-аягын тарт- этн. вынуть из-под головы (умирающего) подушку и выпрямить его ноги;
аягым тартпай турат у меня нет желания идти (или ехать);
бул сапарга такыр аягым тартпай турат у меня нет никакого желания отправиться в этот путь;
аза тарт- (см. аза I. 3);
сымга тарткандай (см. сым);
жан тарт- (см. жан I);
эш тарт- (см. эш I. 1).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өзүнө карай сүйрөө, булкуу, жылдыруу, жыюу, ордунан козголтуу. Карагай тарт. Колунан тарт. Араба тарт. Чана тарткан ат. Түндүк тарт. Буту-колун тартып, жыйналышып отурду. 2. Чоюу, керүү. Жаа тарт. Тизгин тарт. Аркан тарт. 3. Кандайдыр унаа менен кандайдыр бир жүктү ташуу, бир жерден экинчи жерге жеткирүү. Чөп тарт. Эгин тарт. Кызылча тарт. 4. Тамак-аш коюу, берүү. Эт тарт. Аш тарт. Табак тарт. 5. Тартуу кылуу. Алдына ат тартып, үстүнө чапан жабуу. Алтымыш буудан айдатып, Алдына тартуу тартпайбы («Эр Табылды»). 6. Таразалап ченөө, өлчөө. Эки кило кант тартып бере койчу. Нан тартып берүү. Дан тарта турган таразаңар барбы? («Ала-Тоо»). 7. Музыкалык аспаптарды ойнотуу, күүгө келтирүү. Кыяк тарт. Чоор тарт. Сурнай тарт. 8. Данды тегирменден же жаргылчактан өткөрүү, майдалоо. Тегирменге ун тартып алуу. Жаргылчакка талкан тарт. 9. Белгилүү бир жакка багыт алуу, жөнөө, жүрүү. Жол тарт. Сапар тарт. Үйдү карай тартты. 10. Тамеки, нашаа, насыбай чегүү. Тамеки тарт. Чылым тарта баштады. Нашаа тарт. 11. Жабыштыруу, сыйпоо, жугузуу. Жарага чайыр тарт. Бетине көө тарт. Камыр тарт. 12. Кандайдыр бир түргө, кейипке келүү, бир абалдан экинчи абалга өтүү, өзгөрө түшүү. Кара көк тартты. Бозомук тарта баштады. Киргил тартты. Оорусу жеңил тартып калды. Иш кыйын тарта баштады. Күч салкын тартып калды. 13. Дуушар болуу, башынан кечирүү, өткөрүү, көрүү. Зыян тарт. Кайгы тарт. Запкы тарт. Азап тарт. 14. Кебетеси, кыялы, мүнөзү же башка белгилери боюнча окшоп, сыяктанып кетүү. Атасын тартып балбан болчудай («Ала-Тоо»). Энесин тартат көрүнөт, өңдүү-түстүү киши болуптур («Ала-Тоо»). Мал ээсин тартпаса, арам өлөт (макал). 15. Катыштыруу, жооптуу, милдеттүү кылуу, айыптоо. Кызматка тарт. Көпчүлүктүн ишине тарт. Жоопко тарт. Сотко тарт. 16. Белгилүү бир тарапты, адамды колдоого алуу, жактоо, болушуу, ошол жакка ниетин, пейлин салуу. Өз тууганына тартат. Өз жакынына тарткысы келет. Таанышына, жолдошторуна тартмак болду. 17. Сүрөт түшүрүү, бир нерсенин сүрөтүн, элесин салуу. Сүрөткө тарт. Сүрөтүн тартып берүү. 18. Жазы, жука нерсени (буюмду) керүү, керип илүү же калкалап коюу. Көшөгө тарт. Килем тарт. Туш кийиз тарт. 19. Бөлүштүрүү, бөлүштүрүп берүү (карта оюнунда карта бөлүштүрүү). 20. Төлгө салуу. Төлгөчү кара Төлөгүм, Төлгөңдү тартчы көрөйүн («Манас»). 21. Чабуу, чаап жиберүү. Жаакка тартып жиберүү. Камчы менен тартып калуу. 22. Өсүү, жетилүү. Бой тартып өсүп калган кези. Эс тарткан балдар. 23. Биринен экинчисине өтүү, алмашыла баштоо. Күзгө артып калды. Мезгил кышка тартып калган кез. Күндөр өтүп, айлар күзгө тартканда (Токомбаев). 24. Даярдоо, даярдап чыгаруу (арак, пиво ж. б. сыяктуу ичкиликтерге карата). Өзүнчө кылып синатты, Кымыздан тартып аракты («Мендирман».) 25. Бөлүп, ажыратып чыгаруу. Май тартып сүттөн сыгылып (Турусбеков). Тарткан сүттүн каймагы. 26. Катар, кырка ж. б. болуп туруу, тизилүү, туурасынан тура калуу. Туура тарт. Кырка тарт. Катар тарт. Уй мүйүз тартып отуруу. 27. Кандайдыр бир дабыш чыгара дем алуу, деми ичине тартылуу. Коңурук тарт. Оп тарт. Кемпир ишене албай өңгөчүн тартып сүйлөдү (Сыдыкбеков). Дем тарта албай калды. 28. Оруу, чабуу, жандыруу ж. б. максаттарга ылайык шилтөө, шилтей аракет кылуу. Ширеңке тарт. Орок тарт. Береги чалгы тарткан келиндер негедир сумсайыңкы күлүшөт (Сыдыкбеков). 29. Белгилүү бир убактан, мезгилден баштап. Бүгүндөн тарта. Эртеңден тарта. Күздөн тарта. Келгенден тарта. Жаралгандан тарта 30. Күч көрсөтүп же түрдүү аракеттерди, амалды колдонуп алып коюу, жулуп алуу, өзүнө оодарып, ыйгарып кетүү. Колуктуңду тартып кетиштиби? («Ала-Тоо»). Атын тартып алып коюшту. 31. «Токтот!», «жетишет!», «катылба» деген мааниде колдонулат. Тарт тилиңди! Тарт колуңду! 32. Бирөөнү өзүнө жакындатуу, өзүнүн таасирине өткөрүү, үйүр кылуу. Баланы өзүнө тартып, боюна үйүр кылып алды.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от тартай-;
Алмабаш менен бир атып, кулатсам деп тартайтып фольк. а не выстрелить ли мне раз из (ружья) Алмабаш и не свалить ли (его) так, чтобы он растопырился (вытянул бы свои руки и ноги).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бөдөнөдөн чоңураак, узун буттуу, ылдам жөргөлөй турган куш. Анын арка жагынан, Тартар келди такымдап (Тоголок Молдо). Тартардай тартайып, ээгиндеги эки-үч кылы сербеңдеп, кол башындай бөжөйгөн чал суу болуп, балтырына чыпташкан дамбалынын багелегин түрүп алууга чолосу келбей эртеден керели кечке суудан чыкпай жүргөн түрүн көргөн адам күлгүдөй (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мурда мамилеси, ымаласы жок адамды жакындатып, мамиле түзө коюу, бат эле таанышып алууга жөндөмдүүлүк, жек‑жаатчыл, шылуун. Ушундай мезгилде тартарды таяке, бөдөнөнү бөлө кылган шылуундар да көбөйүп кетти («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Мурда мамилеси, ымаласы жок адамды жакындатып, аны менен мамиле түзө коюу, бат эле таанышып алуу, аралашып кетүү. Ушундай мезгилде тартарды таяке, бөдөнөнү бөлө кылган шылуундар да көбөйүп кетти («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. порядок, распорядок; правило;
ички тартип правила внутреннего распорядка;
тартипке кел- упорядочиваться, приходить в порядок, в систему;
тартипке келтир- или тартипке сал- упорядочивать, регулировать, систематизировать;
тартипке келтирүү приведение в порядок, упорядочение;
тартипке чакыр- призвать к порядку;
күн тартиби порядок дня, повестка дня;
күн тартибине кой- поставить в порядок или на повестку дня;
2. дисциплина;
эмгек тартиби трудовая дисциплина;
өндүрүш тартиби производственная дисциплина;
ак тартип южн.
1) дисциплинированный;
2) (о девушке) степенная, благовоспитанная.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Белгилүү бир коомдун, уюмдун коллективинин бардык мүчөлөрү баш ийүүгө милдеттүү болгон эреже, жобо. Эмгек тартиби. Аскердик тартип.
  1. 2.                  Жалпы эле жүрүш-туруш эрежеси, адамга мамиле кылуунун, өзүн алып жүрүүнүн жалпы нормасы. Тартиби жакшы адам.
  2. 3.                  Белгилүү бир нерсенин жалпы ирети. Китептериңди тартипке келтирип жыйнап кой.

Күн тартиби — чогулушта карала турган маселелердин тизмеси.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү бир коомдун, уюмдун, жамааттын бардык мүчөлөрү баш ийүүгө милдеттүү болгон эреже, жобо. Эмгек тартиби. Аскердик тартип. 2. Жалпы эле жүрүш-туруш эрежеси, адамга мамиле кылуунун, өзүн алып жүрүүнүн жалпы нормасы. Тартиби жакшы адам. 3. Белгилүү бир нерсенин жалпы ирети. Китептериңди тартипке келтирип жыйнап кой.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТИП БУЗУУ ЖОРУГУ – тарипке салуу иретинде жоопкерчилик каралган кызматкерлердин (аскер кызматкеринин) эмгек же кызмат тартибин укукка каршы бузуусу (кара: Тартип бузуу жоопкерчилиги ).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТИП ЖООПКЕРЧИЛИГИ – эмгек тартибин бузуучуларга таасир этүүнүн укуктук тариздеринин бири. Юридикалык жоопкерчиликтин (кылмыш-жаза, административдик, жарандык-укуктук жоопкерчиликтер менен бир катардагы) кызматкер эмгектенген уюмдун администрациясы тарабынан тартипке чакыруу жазасын берүүдөн көрүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТИПКЕ САЛУУ АСКЕР БӨЛҮГҮНДӨ КАРМОО – жазанын түрү; КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган учурларда кыска мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына карата 6 айдан 2 жылга чейинки мөөнөткө колдонулат, ошондой эле сот иштин жагдайларын жана соттолгон адамдын алабалын эске алып, 2 жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасын ошол эле мөөнөткө тартиби катуу бөлүктө кармоо менен алмаштыруунун зарыл деп тапкан учурда колдонулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТИПКЕ САЛУУ БАТАЛЬОНДОРУ – соттун чечими боюнча оор эмес кылмыш иштерин кылышкан аскер кызматчылары жөнөтүлүүчү атайын аскер бөлүктөрү. Жабык түрүндөгү түзөтүү мекемеси.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТИПКЕ САЛУУ КАПАСЫ – тарбиялоочу абактардагы тартип бузуучулар кармалуучу камералар. Айып капасынан (жазажай ) өзүнүн бошоңураак шарттары менен айырмаланат. (м.; Т. с. к-да 10 гана күн кармалса, кармакжайда 15 күнгө чейин).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТИПКЕ ЧАКЫРУУ ЧАРАСЫ – жүрүм-турум кылыгы (тартипти бузгандыгы) үчүн жоопкерчилик чарасы. Эмгек укугунда төмөнкү Т. ч. ч. колдонулат: эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш, жумуштан бошотуу. Тартиптик жоопкерчилик жөнүндөгү мыйзамда, ошондой эле тартип жөнүндөгү жоболордо кызматкерлердин айрым катмарлары үчүн башка Т. ч. ч. каралышы мүмкүн. Алардын баары мыйзамда белгиленген тартипте жокко чыгарылат.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
жыгач усталардын негизги аспабы. Жыгаччылар колго эптүү эки сап кылат. Анын эки тарабы миздүү болот. Тарткы менен уук-керегенин билегине атайын жарыш сызык түшүрөт. Мындай чийим жыгач буюмга кооздук берет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
неприятности и трудности, которым подвержен человек; испытания, мучения;
Табылдыга ок тийип, тарткылыгын тартты дейт фольк. в Табылды попала пуля, и он испытывал мучения;
тарткылык болсо, баатырлар, боло берет ар кандай фольк. а неприятности, молодцы, бывают всякие (это в порядке вещей).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Алдыга жылбай, жылууга умтулбай кетенчиктөө, артын көздөй тартылуу; кечигүү, кечеңдөө. Аттар тарткынчыктап, баспай туруп алышты.
2. өт. Батына албоо, тартынуу. Аким тарткынчыктап сүйлөдү (Сасыкбаев). Мага кезек келгенде, мен аны билчү эмес элем деп, тарткынчыктай баштадым (Элебаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир тарткынчыктан улам алдыга жылбай, артын көздөй тартылуу, кечигүү, кечеңдөө. Аттар тарткынчыктап, баспай туруп алышты. 2. өт. Батына албоо, тартынуу. Аким тарткынчыктап сүйлөдү (Сасыкбаев). Мага кезек келгенде, мен аны билчү эмес элем деп, тарткынчыктай баштадым (Элебаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
тартма I
1. выдвижной ящик (напр. стола, шкафа);
редакциянын столунун тартмасында в выдвижном ящике редакционного стола;
2. втягивающий в себя или пропускающий через себя;
күн тартма пропускающий лучи солнца;
кара нерсе өтө эле күн тартма болот чёрные предметы способны в большой степени пропускать сквозь себя солнце (солнечное тепло);
тартма саздак трясина;
3. этн. полоски материи, служащие для закрепления женского тюрбана (см. элечек) сверху (их бывает от одной до четырёх);
4. (точнее тартма жип) охот. шнур, за который дёргает птицелов (когда птица оказывается в сети);
5. подпруга;
чап тартма или олоң тартма то же, что олоң I;
кер тартма упрямец.
тартма II
синьцз.
войлочные чулки, подшитые внизу сыромятной кожей.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Элечектин белчесинен бастыра оролгон, жазылыгы төрт элиден ашыгыраак келип, бир нече кабат бүктөлгөн ак кездеме. Казандай оролгон элечегине ак жибек тартма тартынган Күмүш чубалжыган көчтүн алдында келе жатат (Жантөшев).
  1. 2.                  Столдун, шкафтын ж. б. ящик формасындагы суурмасы. Катчысы комитеттин кайра туруп, Тартмадан бир топ кагаз алды сууруп (Үмөталиев).
  2. 3.                  диал. Басмайыл.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Элечектин белчесинен бастыра оролгон, жазылыгы төрт элиден ашыгыраак келип, бир нече кабат бүктөлгөн ак кездеме. Казандай оролгон элечегине ак жибек тартма тартынган Күмүш чубалжыган көчтүн алдында келе жатат (Жантөшев). 2. Столдун, шкафтын ж. б. үкөк түрүндөгү суурмасы. Катчысы комитеттин кайра туруп, Тартмадан бир топ кагаз алды сууруп (Үмөталиев). 3. диал. Басмайыл.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от тарт-;
керме тарттыр- заставить протянуть верёвочную коновязь (см. керме);
билге тарттыр- возить на слонах;
куйругун карышкырга тарттырган борук двухлетний баран, которому волк разодрал курдюк;
бир кулундун такымын тарттырып жиберди (он допустил, чтобы волк) разодрал ляжку одного жеребёнка;
сүрөт тарттыр- заставить зарисовать, сфотографировать;
жерин тарттыр- допустить, чтобы отняли землю;
жайлоосун кедей тарттырып, көп болчу мендей зарлаган фольк. у бедняков джайлау отнимали, много было таких горемык, как я;
сурнай тарттыр- приказать играть на зурне;
керней тарттыр- приказать трубить в трубу;
күү тарттырып көр- попробовать дать или предложить сыграть мелодию;
тамеки тарттыр- дать или позволить курить табак;
тамекиңден тарттырып кой дай покурить, угости папироской;
нашаа тарттыр- дать или позволить курить гашиш;
нашаа тарттырып, уктатып сал- усыпить, дав покурить гашиша;
бозодон арак тарттырып ичкен (киргизы раньше) гнали водку из бузы и пили;
улак тарттыр- или көк бөрү тарттыр- или көкпөрү тарттыр- устраивать козлодранье;
жоон үнү менен салмактуу тарттырып ишендире айтты он веско и убедительно сказал своим низким голосом;
бүлүк тарттыр- подвергнуть разгрому;
зыян тарттыр- причинить убыток, нанести ущерб;
азап тарттыр- или жапаа тарттыр- причинять мучение, страдание;
жыргатам дедиң эле, кайта азабыңды тарттырып отурасың ты обещал мне усладу, а (теперь), наоборот, доставляешь мучение:
дарга тарттыр- приказать вздёрнуть на виселице.

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от тарт-;
1. көпчүлүктү өзүнө тартуу привлечение масс на свою сторону;
резервдерди жакын тартуу воен. подтягивание резервов;
душмандын күчүн өзүнүн фронтуна тартуу воен. отвлечение сил врага к своему фронту;
жоопко тартуу привлечение к ответу;
кулакка тартуу ист. раскулачивание;
2. подавание (гостям) угощения;
соёрун сойдум, тартуу (или тартышы) кандай болот погов. зарезать-то я (напр. овцу) зарезал, а вот как-то (мясо) подаваться будет (дело-то я начал, кашу-то заварил, а вот до конца-то доводить как буду);
3. уст. подношение, подарок (вышестоящему, часто в виде замаскированной взятки);
тартуу тарт- преподнести дар;
алдыңызга атым тартуу, чапаным жабылуу мой конь - вам подношение, мой халат на вас надет (прошу вас принять за мою провинность или в знак моего к вам уважения);
жаныбыз да, башыбыз да силерге тартуу наши жизни в ваших руках, вы вольны нас казнить или миловать (букв. наши души и наши головы - вам подношение);
башым сага тартуу винюсь перед тобой своей головой;
4. курение или закладывание в рот табака;
тамеки тартуу курение табака;
чылым тартуу курение кальяна;
насыбай тартуу закладывание насвая в рот (за нижнюю губу, под язык).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Бирөөгө тартуулай турган, арнап бериле турган белек. Алтымыш буудан айдатып, Алдына тартуу тартпайбы («Эр Табылды»). Жаныбыз да, башыбыз да силерге тартуу (Жантөшев).
ТАРТУУ II тарт этишинин кыймыл атоочу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
подносить в виде подарка (см. тартуу 3);
"ушуну алып коюңуз" деп, фотоаппаратын тартуулап сунду он протянул мне в подарок фотоаппарат, мол, примите вот это;
өз өнөрлөрүн калың калк алдында тартуулап жатты свои знания они преподносили массам;
тагдыр сонун мүнөздү тартуулап берген судьба наделила (его) прекрасным характером.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТУУЛОО КЕЛИШИМИ – көзү тирүү кезинде бир тарап (тартуулоочу) экинчи тарапка (тартуу алуучу) буюмду же өзүнө же үчүнчү жакка мүлтүк укугун (талабын) менчигине биротоло бекер берет же берүүгө милдеттенет, болбосо анын өзүнүн же үчүнчү жактын алдындагы милдеттүүлүгүнөн бошоткон же бошотууга милдеттенген келишим. Кимдир бирөөгө буюм же мүлктүк укукту тартуулоо, болбосо кимдир бирөөнү мүлктүк милдеттенмеден (тартуулоо убадасынан) бошотуу, эгер убада ойдогудай жолжоболоштуруп, ошол максатты так чагылдырып турса, Т. к. катары таанылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТУУЛООЧУ – тартуулоо келишиминин бир тарабы, көзү тирүү кезинде экинчи тарапка (тартууну алуучуга) буюмду менчикке акысыз берет же берүүгө милдеттенет, же ага өзүнө карата же үчүнчү жакка карата мүлк укугун (талабын) берет же берүүгө милдеттенет, же аны өзүнүн алдындагы же үчүнчү жактын алдындагы мүлк милдеттенмесинен бошотот же бошотууга милдеттенет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от тарт-;
аттарын тартылган кермеге байлашып привязав коней своих к протянутой верёвочной коновязи (см. керме);
суу тартылып калыптыр вода сбыла;
суу тартылмайынча пока не спадёт вода;
сотко тартыл- или сот жообуна тартыл- привлекаться к суду или к судебной ответственности;
бул иш боюнча сотко тартылган по этому делу он был привлечён к суду;
керней-сурнай тартылып играли на трубе и на зурне;
эт тартылды мясо подано;
табак үч күнү тартылды блюда подавались (угощение продолжалось) три дня;
кымыздан тартылган арак водка, добытая из кумыса.

Киргизско-русский словарь Юдахина
тартылуу I
и. д. от тартыл-;
бардык балдар окууга тартылуу керек все дети должны быть вовлечены в учёбу.
тартылуу II
протянутый, затянутый, задёрнутый (напр. о занавесе);
тартылуу желе протянутая верёвка.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(ср. тарт-):
бир тартым насыбай количество насвая на одну закладку; понюшка табаку;
достуңдун көңулү бир тартым насыбайдан калат погов. друг твой разочаруется (в тебе) из-за понюшки табаку (для разлада бывает достаточно и пустяка);
бир тартым буудай небольшое количество пшеницы (количество, которое можно заложить в мельничный. ковш);
тартымы жакшы обладающий хорошими качествами; дающий хорошие результаты;
быйыл малдын тартымы жакшы в этом году скот хорош (упитан, без отхода и т.д.);
чөптүн тартымы жакшы травы хороши;
тартымы жок без хороших качеств; не дающий хороших результатов;
тартымы жок жигит парень, не обладающий хорошими качествами, не располагающий к себе, несимпатичный;
сөзүнүн тартымы болбой калды его речь не отличалась содержательностыо.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Таңып алуу, байланып алуу (мис., чарыкты). Бутуна чарык тартынып, Байлардын коюн багышкан (Осмонкул). [Бурма] белдемчи тартынып, башын ак жоолук менен кайра тарта буунган (Каимов). Курун бекем тартынды.
2. Жалтануу, айбыгуу; тарткынчыктоо, батына албай коюу, тарткынчаактык кылуу. Артыла берет өнөрүң, Балам, тартынбай киргин жарышка (Токтогул). Ынтымак болсо калкыңда, Душманыңдан тартынба (Бөкөнбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от тарт-
1. натягивать на себя; подтягивать к себе, под себя;
өтүк тартын- натягивать (надевать) сапоги;
тартынганың чокой болсун, аралаганың токой болсун! проклятие чтоб тебе (вечно) ходить в поршнях (см. чокой I), чтоб тебе вечно бродить в лесу!;
жылкынын чылгый терисин көчүгүнө тартынып фольк. невыделанную конскую кожу подложив под себя;
басмайылын оңдоп тартынып поправив, он подтянул подпругу (своего седла);
алжапкыч тартынып повязавшись фартуком;
көз айнек тартын- надеть очки;
Динар чон эненин көз айнегин тартынып алган Динар надела очки своей бабушки;
чоң эне тартына коюп жүрчү көз айнек очки, которые носила бабушка;
калкан тартынып прикрепив себе щит;
жүзүн көргөн адамдар, өз боюн өзү тартынган фольк. люди, увидевшие его лицо, становились ниже (пред его величием, грозностью);
кош кулагын тикчийтип, кошкуруп ичин тартынды (конь в испуге) поджал уши, храпит, втянул живот;
алтының болсо, артынгын, күмүшүң болсо, тартынгын фольк. если у тебя есть золото, навьючь, если у тебя есть серебро, вези с собой;
2. уклоняться от участия, не принимать участия, отлынивать;
ушундай ийгиликтүү ишке киши тартынып калабы? разве можно уклоняться от такого хорошего дела?
3. стесняться;
тартынбай или тартынбастан не стесняясь, без стеснения, не боясь, смело;
тим эле бет алдынча кеп айтып, тартынбай хандан, сүйлөдү фольк. совсем не стесняясь, он смело говорил в лицо хану;
тартынбай сөзүм айтайын скажу я прямо, без стеснения;
4. скупиться;
сен эми аяба малды, тартынып фольк. ты теперь не жалей скота, не скупись;
кабылан Манас баатырым калк тартынар кан беле? фольк. разве леопард Манас, богатырь мой, такой хан, для которого народ скупится?
ичим тартынды меня обеспокоило; в меня вселило опасение;
Мергендин антип айтышына ичим тартынды слова Мергена вселили в меня опасения (зачем он так сказал, лучше бы не говорил!);
бала туруп, чон, кишинин айтканын айтса, ичим тартынат когда ребёнок говорит, как взрослый, меня это беспокоит.
тартынчаак плохо идущий на поводу; упирающийся и не идущий вперёд.
тартынчыкта- побаиваться, не решаться.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Таңып алуу, байланып алуу (мис. чарыкты). Бутуна чарык тартынып, Байлардын коюн багышкан (Осмонкул). Бурма белдемчи тартынып, башын ак жоолук менен кайра тарта буунган (Каимов). Курун бекем тартынды. 2. Жалтануу, айбыгуу, тарткынчыктоо, батына албай коюу, тарткынчаактык кылуу. Артыңа берет өнөрүң, Балам, тартынбай киргин жарышка (Токтогул). Ынтымак болсо калкыңда, Душманыңдан тартынба (Бөкөнбаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРТЫП АЛУУ – кандайдыр бир жактын менчиги болуп саналып, кылмыш жасагандыгы же административдик же жарандык укукту бузгандыгы үчүн тартып алууга улуксат берилген мүлктү толук же анын бир бөлүгүн мамлекет менчигине мажбурлоо жолу аркылуу бекер алуу. КР жарандык мыйзамдарына ылайык кылмыш жасагандыгы же башка укук бузуулары үчүн атайын улуксат түрүндө сот чечими боюнча менчик ээсинен бекер тартылып алынышы мүмкүн. Мыйзамда каралган учурларда, Т. а. административдик тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай Т. а. жөнүндө чечим сотко даттанылышы мүмкүн. Кылмыш-жаза укугу боюнча – жазанын бир түрү (кошумча чара катары белгилене турган). Мүлктү Т. а. атайылап жеке пайданы көздөп оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата колдонулат жана КР кылмыш-жаза мыйзамдарынын тийешелүү ченемдери менен каралган учурда гана сот тарабынан дайындалышы мүмкүн.

Киргизско-русский словарь Юдахина
тартыш I
1. и. д. от тарт-;
2. схватка;
тап тартышы классовая борьба;
3. дефицитный, пользующийся большим спросом;
тартыш товар дефицитный товар;
китеп тартыш болуп турат книги нарасхват; книг не хватает;
тамактын тартышынан из-за недостатка пищи;
биздин айылда суу тартыш болор эле в нашем ауле не хватало воды;
жол расходу тартыш, кийимдери жыртык, бирок макдайлары жарык путевых расходов у них мало, одежда рваная, но они бодры;
тартышка түш- стать предметом притязаний многих;
талашып алчу олжодой, тартышка түштү Айсулуу стих. Айсулуу стала предметом притязаний, будто спорная военная добыча;
аркан тартыш или ит тартыш этн. состязание в перетягивании верёвки (двое мужчин, головы которых обращены в противоположные стороны, стоят на четвереньках; они связаны верёвкой, захлёстнутой за шею и проходящей между ног; каждый тянет в свою сторону);
талаш-тартыш ( см. талаш I);
бука тартыш (см. бука).
тартыш- II
взаимн. от тарт-;
ат тартышып эки шер, аянышпай алдешип, кошулушуп калыптыр фольк. два богатыря (букв. льва), одарив друг друга конями, окончательно помирились и объединились;
кол буттарыи тартышып, тил сүйлөшөт (сидят на полу) подобравшись, разговаривают.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Белгилүү бир маселе жөнүндө болгон пикир келишпөөчүлүк, талаш. Кычан тартышты башка жакка бурду (Бейшеналиев). Уюштуруу маселеси боюнча талаш-тартыштар көп болду («Ала-Тоо»).
Аркан тартыш — арканды мойнуна салып, эки киши өз тарабын көздөй бирин бири сүйрөп тартыша турган улуттук оюн.
ТАРТЫШ II сын. Жетиштүү эмес, кемчил. Быйыл оокатыбыз тартыш боло койбос.
ТАРТЫШ III 1. тарт этишинин кош мамилеси.
2. Белгилүү бир маселе боюнча өз пикирин айтып талашуу, айтышуу; керишип урушуп калуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподоб. от . тартыш- II;
чон айылдын аксакалдары майда урууларды өз бооруна тартышкансыйт старейшины больших (сильных) аулов как бы привлекают на свою сторону мелкие роды (внешне проявляют заботу о них).