тартын
Толковый словарь кыргызского языка (1969)этиш. 1. Таңып алуу, байланып алуу (мис., чарыкты). Бутуна чарык тартынып, Байлардын коюн багышкан (Осмонкул). [Бурма] белдемчи тартынып, башын ак жоолук менен кайра тарта буунган (Каимов). Курун бекем тартынды.
2. Жалтануу, айбыгуу; тарткынчыктоо, батына албай коюу, тарткынчаактык кылуу. Артыла берет өнөрүң, Балам, тартынбай киргин жарышка (Токтогул). Ынтымак болсо калкыңда, Душманыңдан тартынба (Бөкөнбаев).